Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-майы № 150
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:
- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча тескемелердин долбоорлоруна негиздеме-маалымкат талап кылынбайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Президенттин кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча актыларынын долбоорлоруна корутунду жана/же негиздеме-маалымкат талап кылынбайт.";
- 36-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) долбоорду документтердин пакети менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына укуктук корутунду берүү үчүн киргизет (Президенттин номенклатурасына киргизилген саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга же болбосо ушул кызмат орундарына талапкерлерге тиешелүү кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча актылардын долбоорлорун кошпогондо);";
- 39-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Президенттин саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга же болбосо ушул кызмат орундарына талапкерлерге тиешелүү кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча актыларынын долбоорлоруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан виза коюлат.";
- 52-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына киргизилген саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга же болбосо ушул кызмат орундарына талапкерлерге тиешелүү кадрдык маселелер, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүүлөр, иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу, маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча тескемелердин долбоорлоруна аткаруучу жана жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана котормо маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги тарабынан виза коюлат.".
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.У. Жапаров |