Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 токтому менен бекитилди) |
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746, 2026-жылдын 30-июнундагы № 451 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
4-глава. Ишкананы башкаруу
5-глава. Маммүлктүн компетенциясы
6-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
7-глава. Ишкананын мүлкү жана финансысы
8-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы (мындан ары - Устав) "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкананын уюштуруучулук документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - Ишкананын мүлкүнүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруучу Ишкананын уюштуруучусу;
2) мамлекеттик башкаруу органы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Маммүлк);
3) аткаруу органы (жетекчи) - Ишкананын башкы директору, Ишкананын учурдагы ишин башкарат (мындан ары - директор).
Ушул Устав менен Ишкананын бир башкаруу органынын өзгөчө компетенциясына кирген маселелер башка башкаруу органынын компетенциясына өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.
6. Ишкананын өзүнүн расмий аталышы бар:
- мамлекеттик тилде: "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Кара-Балтинский спиртовый завод".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КСЗ" МИ;
- расмий тилде: ГП "КСЗ".
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана Ишкананын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга жана экспорттук операцияларды жүргүзүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.
9. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
10. Мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкана башка юридикалык жактардын уюштуруучусу боло албайт.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
13. Юридикалык дареги: 724410, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көч., 88а.
14. Ишинин негизги түрү:
- этил спиртин өндүрүү жана сатуу;
- алкоголдук продукцияны, этил спиртин камтыган дары препараттарын жана парфюмердик-косметикалык каражаттарды өндүрүү, дүң жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, жеткирүү жана сатып алуу;
- алкоголсуз суусундуктарды, ичүүчү, минералдык, тазаланган, газдалган жана газдалбаган сууну, анын ичинде шире камтыган, сергитүүчү, энергетикалык жана башка суусундуктарды өндүрүү, кайра иштетүү, куюу, таңгактоо, сактоо, ташуу жана сатуу;
- продукцияны, чийки затты, материалдарды жана товарларды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, жеткирүү жана сатуу менен байланышкан соода-коммерциялык, дүң, чекене, тышкы экономикалык, ортомчулук жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ишти жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
15. Ишкананын ишинин негизги максаты болуп өндүрүштүк, техникалык, медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда колдонулуучу этил спиртин өндүрүү жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык уюмдарды жана ишканаларды камсыз кылуу, ошондой эле алкоголдук продукцияны, этил спиртин камтыган дары препараттарын жана парфюмердик-косметикалык каражаттарды, алкоголсуз суусундуктарды, ичүүчү, минералдык, тазаланган, газдалган жана газдалбаган сууну, анын ичинде шире камтыган, сергитүүчү, энергетикалык жана башка суусундуктарды өндүрүү, дүң жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, жеткирүү жана сатып алуу саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) алкоголдук продукцияны өндүргөн, тиешелүү лицензиясы бар ишканаларды этил спирти менен камсыз кылуу, ошондой эле фармацевтикалык өнөр жайдын, саламаттык сактоонун ишканаларын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка атайын керектөөчүлөрдү жабдуу;
3) этил спиртин экспорттоого өндүрүү;
4) алкоголдук продукцияны, этил спиртин камтыган медициналык препараттарды жана парфюмердик-косметикалык каражаттарды өндүрүү, дүң жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, жеткирүү жана сатып алуу;
5) айыл чарба ишканалары өндүргөн чийки заттарды (крахмалды жана кантты камтыган) кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын экономикалык потенциалын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
6) спиртти өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулукту натыйжалуу колдонуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктардын жана башка төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү;
7) этил спиртин өндүрүүнүн технологиясын өркүндөтүү жана анын сапатын жакшыртуу;
8) алкоголсуз суусундуктарды, ичүүчү, минералдык, тазаланган, газдалган жана газдалбаган сууну, анын ичинде шире камтыган, сергитүүчү, энергетикалык жана башка суусундуктарды өндүрүү, дүң жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, жеткирүү жана сатып алуу;
9) башка соода-коммерциялык иш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чийки заттардын (крахмалды жана кантты камтыган) бардык түрлөрүнөн этил спиртин өндүрүү жана сатуу;
2) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу;
3) биоэтанолду өндүрүү жана сатуу;
4) этил спиртин камтыган дары препараттарын жана парфюмердик-косметикалык каражаттарды өндүрүү жана сатуу;
5) Ишкананын кызматкерлерин окутууну, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
6) чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлктү сактоону жана багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу;
7) өндүрүштү өнүктүрүү максатында инвестицияларды тартуу жана инновациялык ишти жүргүзүү;
8) алкоголсуз суусундуктарды жана сууну өндүрүү жана сатуу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишкердик ишти жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча, ошол эле учурда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген нарктан төмөн эмес аныктоого;
3) кеңеш берүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын кредиттик каражаттарын, гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
7) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жеке жактарды Ишканадагы иштерди аткарууга белгиленген тартипте тартууга;
8) зарылдыгына жараша Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде конференцияларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн чет өлкөлөргө жиберүүгө;
9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүзөгө ашырууга;
10) зарылдыгына жараша Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
11) чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын жана башка мүлктү менчик ээсинин макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде ижарага берүүгө;
12) Ишкананын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери, ички тартип эрежелери жана жамааттык келишим менен жөнгө салынуучу иштөө жана эс алуу режимин, аларды социалдык жактан камсыз кылуунун тартибин, социалдык камсыздандыруунун түрлөрүн аныктоого;
13) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
19. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
20. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Ишкананын төмөнкү филиалдары бар:
- "Сокулук" филиалы, дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы, Краснодарская көчөсү, 1Б;
- "ИДЕАЛ-ФАРМ" филиалы, дареги: Бишкек шаары, Ленин району, Садыгалиев көчөсү, 2/1.
21. Ишкана ушул Уставда аныкталган максаттарга жетүү жана милдеттерди, функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерин так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлерине аткарган иштери үчүн ай сайын акы төлөөнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) Ишкананын финансы-чарбалык жана өндүрүштүк ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, Ишкананын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана өндүрүштүк иштен жана аны пайдалануудан пайда алууга;
7) Ишкананын чарбалык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө.
22. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү болгон, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган маалыматтарды жашыруундуулукта сактоого милдеттүү.
4-глава. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы Ишкананын директору башкарат.
24. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор Маммүлктүн сунушу боюнча Ишкананын директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
25. Директор Маммүлктүн жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
26. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
27. Директор төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча Ишкананын ишине канааттандырарлык эмес баа алганда;
- Ишкананын өндүрүштүк ишинин негизги пландык көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттерди жасаганда;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
28. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жөнүндө жоболорду иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) Ишкананын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерин дайындоо;
4) Ишкананын өндүрүштү өнүктүрүү планын ишке ашыруу;
5) Маммүлккө өндүрүштү өнүктүрүү планынын жана Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
6) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана өндүрүштү өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар бир кварталдагы жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
7) Маммүлктүн чечимдерин аткарууну уюштуруу;
8) Маммүлк менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
9) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
10) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
11) Ишкананын уюштуруучулук-тескөө документтерин кабыл алуу;
12) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
13) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Маммүлккө сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана өндүрүштү өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
30. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Маммүлктүн суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) Маммүлктүн кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
4) укук коргоо органдарына ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
31. Директордун чечимдери буйруктар формасында кабыл алынат.
32. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жазаны жана сыйлоо чараларын колдонот;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним катты берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо, ошондой эле жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Ишкананын директору коюлган милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Маммүлктүн жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басарлары Маммүлктүн жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору жок учурда Ишкананын ишин Ишкананын директорунун тиешелүү буйругу менен аныкталган директордун орун басары жетектейт.
Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Маммүлктүн тиешелүү буйругунун негизинде Ишкананын директорунун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш ийет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
37. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз Ишкананын директоруна баш иет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 451 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Маммүлк белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, чарба ишинин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен мамилелери келишимдин негизинде түзүлөт.
5-глава. Маммүлктүн компетенциясы
40. Маммүлктүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставдын жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
4) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
5) жылдык бюджеттин долбоорун, Ишкананын финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
6) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
7) Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
8) Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
9) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашыруу жана финансы-чарбалык ишин талдоо жана ага мониторинг жүргүзүү;
10) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
12) Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
13) Ишкананын фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
14) Ишкананын директору жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
15) Ишканага таандык болгон мүлктү багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Маммүлктүн компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
41. Маммүлк төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) Ишкананын директорунун ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын директорунун орун басарларын кызмат ордунан бошотууга, аларга карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүүгө;
5) Ишкананын директорунун отчетторун угууга;
6) Ишканага таандык мүлктү натыйжалуу пайдаланууну, багыты боюнча пайдаланууну жана сактоону контролдоо максатында жооптуу кызматкерлерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө;
7) Ишкананын тышкы аудитин жүргүзүүнү демилгелөөгө;
8) Ишкананын ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
9) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга.
Маммүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
42. Маммүлк төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын директору жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка купуя сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Маммүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
6-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
43. Ишкана бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
44. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин Маммүлккө бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берип турат.
45. Ишкана өз ишин жылдык иш планынын жана Ишкананын 3 жылдык орто мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзөт.
46. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
47. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
48. Ишкана финансы-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык жана андан ашык мезгилге иштелип чыгат, Маммүлк тарабынан бекитилет.
49. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын түзүү;
2) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
3) уюштуруу планы;
4) финансылык план;
5) тобокелдиктерди талдоо.
50. Жыл сайын 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору Маммүлккө Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
51. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
52. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
53. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде, белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
7-глава. Ишкананын мүлкү жана финансысы
54. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу саналат.
55. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
56. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатылып алынган кирешелер, натыйжалар, продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
57. Ишкана тарабынан донорлордун, демөөрчүлөрдүн жана өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
58. Ишкана Маммүлктүн макулдугусуз ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же ал мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
59. Ишкана жыл сайын өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана Маммүлктү белгилеген мөөнөттө жана тартипте инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.
60. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасы, бирок 50 пайыздан кем эмеси андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен Маммүлктүн алыш-бериш эсебине которулат.
61. Ишкананын пайдасы төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
1) Ишкананын финансылык-өндүрүштүк ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
2) Ишкананын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
3) кредиттик карызды төлөөгө.
8-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
62. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө ишке ашырылат.
63. Ишкананы кошуу, бириктирүү, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим Маммүлктүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
64. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
65. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттик менчикте турган (акционерлештирилген) ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар менен милдеттенмелер боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
66. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) Маммүлктүн демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
67. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, Агенттиктин жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын жетекчиси башкарат.
68. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
69. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуучу Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
70. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.