Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 214 токтому менен бекитилген |
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Бул жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
3. Фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар
4. Баалуу кагаздарды соодалоо эрежелерине карата коюлуучу талаптар
5. Фондулук биржалардын реестрлерине карата коюлуучу талаптар
6. Маалыматтарды сактоо жана коргоо тартибине карата коюлуучу
талаптар
7. Фондулук биржага карата коюлуучу техникалык талаптар
8. Фондулук биржалардын түзүмдүк бөлүмдөрү
9. Бааларды будамайлоону болтурбоо боюнча иш-чаралар
10. Жашыруун маалыматтарды укук ченемсиз пайдаланууну
болтурбоого багытталган чаралардын тизмеси
11. Фондулук биржанын маалыматтарды ачып берүү тартибине карата
коюлуучу талаптар
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу милдеттүү талаптарды аныктайт.
2. Баалуу кагаздардын рыногундагы фондулук биржанын иши лицензияланууга тийиш. Фондулук биржалардын ишин лицензиялоо лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон баалуу кагаздарды соодалоого фондулук биржанын ички документтерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык брокердик жана/же дилердик ишти жүзөгө ашырууга укугу бар адамдардан тышкары башка адамдарга жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
3. Бул жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
1) фондулук биржанын соода системасынын администратору - фондулук биржанын соода системасында администрациялык функцияларды аткарууга ыйгарым укук берилген адам;
2) буйрук - баалуу кагаздар менен бүтүмдөр (баалуу кагаздарды сатып алуу же сатуу жөнүндө) жасоо жөнүндө, соодага катышуучу жарыялаган бүтүмдөрдүн шарттарын камтыган сунуш;
3) орточо чыгарылган баа - убакыттын белгилүү бир мезгили ичинде фондулук биржалар аркылуу жасалган бардык бүтүмдөрдүн жалпы суммасын көрсөтүлгөн бүтүмдөр боюнча баалуу кагаздардын жалпы санына бөлүүнүн натыйжалары катары аныкталуучу белгилүү бир эмитенттин, түрдүү бир баалуу кагазынын баасы;
4) соода сессиясы - соода күнүндөгү убакыттын бөлүгү, анын ичинде буйруктарды жарыялоо жана иштеп чыгуу, ошондой эле баалуу кагаздар менен бүтүмдөр жасоо жүзөгө ашырылат;
5) соода күнү - жумушчу күн, анын ичинде фондулук биржа баалуу кагаздарды соодалоо жүргүзүлөт;
6) трейдер - баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген квалификациялык күбөлүгү бар, соодага катышуучунун атынан буйруктарды жарыялоого жана фондулук биржалар аркылуу бүтүмдөр жасоого соодага катышуучулар ыйгарым укук берген жеке жак;
7) соодага катышуучу - брокердик жана/же дилердик иш жүргүзүүгө лицензиясы бар жана фондулук биржалардын ички документтерине ылайык соодалоого уруксаты бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу;
8) сунушталган кылынган баа - бир баалуу кагаздын учурдагы баасы буйруктун шарттарынын бири болуп саналган, соодага катышуучу ошол баа боюнча баалуу кагаздарды ээликтен ажыратууга даяр экендигин билдирген;
9) суроо-талаптын баасы - буйруктун шарттарынын бири болуп саналган, соодага катышуучу баалуу кагаздарды ошол баа боюнча сатып алууга даяр экендигин билдирген бир баалуу кагаздын учурдагы баасы.
10) мамлекеттик баалуу кагаздарды соодалоонун катышуучусу - фондулук биржанын ички документтерине ылайык талаптарга ылайык келген жана соодалоого жол берилген жак;
11) мамлекеттик баалуу кагаздар менен болгон соодалоого катышкан трейдер - мамлекеттик баалуу кагаздар менен соодалоонун катышуучусунун кызматкери болуп саналган, соодалоонун катышуучусунун атынан фондулук биржа аркылуу бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берилген жана фондулук биржанын талаптарына ылайык келген жеке адам.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар
4. Фондулук биржа төмөнкүдөй ички документтерди бекитүүгө милдеттүү:
- жашыруун маалыматтарды укук ченемсиз пайдаланууну болтурбоого багытталган иш-чаралардын тизмесин;
- фондулук биржанын техникалык жабдылышы жөнүндө;
- индексти эсептеп чыгуунун ыкмасын;
- фондулук биржалардын депозитарий менен өз ара иш-аракет тартибин;
- баалуу кагаздар соодасы эрежелеринин талаптарын бузгандык үчүн айыптарды алуунун тартибин.
5. Фондулук биржа бул Жобонун 4-пунктунда каралган, бекитилген документтерди жана Кыргыз Республикасынын чендик-укуктук актыларында, ошондой эле аларга карата өзгөртүүлөр менен толуктоолорду баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
6. Төмөнкүдөй адамдар фондулук биржалардын кызмат орундарына дайындалбайт:
- Кыргыз Республикасынын чендик укуктук актыларында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбесе;
- экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар болуп, ал мыйзамда белгиленген тартипте жоюла же алына элек болсо;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызмат ордуна документтерин берээрдин алдында бир жыл ичинде финансылык рыноктогу ишине байланыштуу укук бузгандык үчүн административдик жоопко тартылса;
- өткөн мезгилде банкрот деп таанылган же консервацияга, санацияга туш болгон уюмдун жетектөөчү кызматкери болуп эсептелсе же бул адам директорлор кеңешинин же ушул уюмдун аткаруучу органынын мүчөсүнүн (төрагасынын) кызмат ордунда турганда мажбурланып жоюлса. Бул шарт көрсөтүлгөн окуялардын бири пайда болгонго чейин бир жылдан ашык эмес убакта мындай уюмдун жетекчи кызматкерлери болуп саналган адамдарга карата колдонулат жана ал пайда болгондон кийин 3 жыл бою колдонулат.
7. Фондулук биржа төмөнкүлөрдү бекитүүгө жана бар болушун камсыздоого тийиш:
- реалдуу убакыт тартибинде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар берүүнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү операциялык эрежелерди жана техникалык күч-кубатты;
- соода процессине катышуучулардын жана катталган субъекттердин ишине көзөмөлдүктү камсыз кылуу үчүн керектүү жетиштүү чараларды, ошондой эле фондулук биржалардын талаптарын алардын аткарышын камсыз кылуучу чараларды;
- кесиптик ишти, клирингди жана баалуу кагаздар боюнча эсептерди жүргүзүү менен байланышкан тобокелдик коркунучтарды башкаруу үчүн жетиштүү каражаттарды (механизмдерди).
4. Баалуу кагаздарды соодалоо эрежелерине карата коюлуучу талаптар
8. Баалуу кагаздарды соодалоо эрежелери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- бардык жарыяланган соодага катышуучулардын буйруктарын реестрлерин соода системасын түзүүнүн тартиби, ар бир буйруктун түрүн, анын соода системасына келип түшкөн убакытын жана жекече номерин көрсөтүү менен;
- соода сессиянын ичинде фондулук биржа аркылуу жасалган, баалуу кагаздар менен бардык бүтүмдөрдү реестрин соода системасын түзүүнүн тартиби.
5. Фондулук биржалардын реестрлерине карата коюлуучу талаптар
9. Фондулук биржа төмөнкү реестрлерди туруктуу негизде жүргүзүүгө милдеттүү:
- соодага катышуучулардын реестрин;
- соодага катышуучулардын трейдерлердин реестрин;
- соодага катышуучулар жарыялаган буйруктардын реестрин;
- фондулук биржада түзүлгөн бүтүмдөрдүн реестрин.
10. Соодага катышуучулардын реестрин төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- соодага катышуучунун толук аты-жөнү;
- катышуучунун турган жери, телефон номери, факсы, электрондук почтосунун дареги;
- лицензиясынын номери, лицензия берилген дата, лицензия берген органдын аталышы;
- катышуучунун аткаруу органынын жетекчисинин, аты-жөнү жана кызматы;
- соодага катышуучунун курамына киргизилген дата;
- соодага катышуучунун трейдерлеринин тизмеси.
11. Соодага катышуучулардын трейдерлеринин реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- баардык трейдерлер жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген квалификациялык күбөлүктөр жөнүндөгү маалыматтарды, анын ичинде төмөндөгүлөр:
- трейдердин аты-жөнү;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан трейдерге берилген квалификациялык күбөлүктүн номери;
- трейдерге берилген квалификациялык күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү;
- квалификациялык күбөлүккө ылайык ыйгарылган квалификация;
- трейдердин паспорттук маалыматтары;
- соодага катышуучунун соодага катышуусун токтотуу боюнча фондулук биржа кабыл алган тартиптик чаралар же соодага катышуучулар тизмесинен чыгаруу жөнүндө маалымат.
12. Соодага катышуучулар жарыялаган буйруктардын реестри төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- буйруктун идентификациялык номери;
- буйруктун багыты (сатуу/сатып алуу);
- соода системасы буйрукту каттаган убакыт;
- буйрук берген соодага катышуучу жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин аталышы, баалуу кагаздын түрү;
- баалуу кагаздын саны;
- бир баалуу кагаздын саны.
13. Фондулук биржада түзүлгөн келишимдердин реестри төмөнкүлөрдү ичине алган төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- бүтүмдүн идентификациялык номери;
- соода системасындагы бүтүм катталган дата жана убакыт;
- бүтүм түзгөн соодага катышуучунун аталышы жана жекече коду;
- эмитенттин аталышы, баалуу кагаздардын түрү;
- бир баалуу кагаздын баасы;
- бүтүмдүн суммасы;
- баалуу кагаздардын саны.
14. Фондулук биржалардын реестрлер ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча фондулук биржанын ички документтеринде каралган башка маалыматтарды камтышы мүмкүн.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун реестрине фондулук биржа тарабынан киргизилүүчү маалыматтардын курамы фондулук биржанын ички документтери менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Фондулук биржанын реестрлери кагаз жүзүндө же электрондук түрдө жүгүртүлүшү керек. Көрсөтүлгөн реестрлерди жүргүзүүнү уюштуруу тизмелерди түзүүнү жана каалаган датада реестрдин көчүрмөсүн алууну камсыз кылууга тийиш.
6. Маалыматтарды сактоо жана коргоо тартибине карата коюлуучу талаптар
16. Фондулук биржа ал аркылуу баалуу кагаздар менен жасалган ар бир келишим жөнүндөгү маалыматты 3 жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
17. Маалыматтарды сактоо жана коргоо тартиби төмөнкүлөрдү кароого тийиш:
- соода системасында катталган ар бир буйруктун же баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн урунттуу шарттарын, ошондой эле бүтүмдүн аткарылышы жөнүндө маалыматтарды калыбына келтирүү;
- фондулук биржанын маалыматтык базасын каталардан жана уруксатсыз алуудан коргоого, анын ичинде:
- фондулук биржанын маалыматтык базаларына кирүүнүн, анын ичинде фондулук биржанын маалыматтык базаларына уруксатсыз кирүүгө карата чектөө коюунун тартиби;
- фондулук биржанын маалыматтык базаларына кирүүнү чектөөчү паролдорду жана башка каражаттарды пайдаланууну;
- фондулук биржанын соода системасынын ишиндеги үзгүлтүктөр менен жаңылыштыктарды кетирбөөгө багытталган, фондулук биржа жана соодага катышуучулар кабыл алган чаралар баяндамасы;
- маалыматтардын сакталышын камсыз кылуучу системалардын, ошондой эле фондулук биржанын кайталоочу системалардын баяндамасы.
7. Фондулук биржага карата коюлуучу техникалык талаптар
18. Фондулук биржа баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдү жасоо жана аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды кармоо, сактоо, иштеп чыгуу жана ачып берүү үчүн техникалык базаны, анын ичинде соода системасын техникалык база менен камсыз кылууга милдеттүү.
19. Фондулук биржанын соода системасы соодага катышуучулар бүтүмдөрдүн бардык түрлөрүн фондулук биржанын баалуу кагаздарды соодалоо эрежелерине ылайык жасоосун камсыз кылууга, анын ичинде багыты боюнча бири-бирине каршы буйруктарды автоматтык бириктирүү жолу менен камсыз кылууга тийиш.
20. Фондулук биржа төмөнкүдөй материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыз кылынышы керек:
- 2 даанадан кем эмес сандагы серверлер, маалыматтар базасын кайталоону камсыз кылуу үчүн негизги жана резервдик серверлер;
- серверлер үчүн лицензиялык операциялык системалар жана маалыматтык базаны программалык камсыздоо;
- тармактык жабдуулар, коммуникацияны жана маалыматтарды коргоо каражаттары;
- көрсөтүү мониторлору же учурдагы бүтүмдөр жана коюлган баалар жөнүндөгү маалыматтарды чагылдырууга тийиш болгон башка техникалык жабдуулар;
- фондулук биржалардын өз ара жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары менен байланыштарды камсыз кылуу үчүн фондулук биржалардын функциялык бөлүмдөрүн техникалык-коммуникациялык жабдуулар.
21. Фондулук биржада соодага катышуу үчүн анда катталган соодага катышуучулардын санынан аз эмес сандагы техникалык жактан жабдылган жумушчу орундары бар соода залы болууга тийиш.
22. Фондулук биржа жеке коопсуздуктун төмөнкүдөй системасы менен камсыз кылынууга тийиш:
- фондулук биржанын имараты же болбосо анын соода залы жана сервердик бөлмө, соода системасынын маалыматтык базалары сакталган жайлары жайгашкан бөлүгү күзөт сигналдары жана өрт коопсуздугунун автоматташтырылган системасы менен жабдылууга тийиш;
- сервердик бөлмөлөргө брондолгон каалгалар коюлушу керек жана фондулук биржалардын ички документтерине, сервердик бөлмөгө кирүүгө чектөөлөрдү камтууга тийиш;
- фондулук биржаны адамдар тарабынан кайтаруу ведомстводон тышкаркы же атайын күзөт агенттиктери жүзөгө ашырууга тийиш, же болбосо фондулук биржанын штатында коопсуздук кызматы чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар кызматкерлер болууга тийиш.
23. Фондулук биржа үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылуучу, толук көлөмдөгү техникалык базага ээ болууга тийиш.
8. Фондулук биржалардын түзүмдүк бөлүмдөрү
24. Фондулук биржанын түзүмүндө төмөнкүдөй функциялык бөлүмдөр милдеттүү түрдө болууга тийиш:
- листинг;
- соодалар;
- маалыматтык технологиялар;
- эгерде фондулук биржаны кайтарууга атайын уюм тартылбаган учурда, коопсуздук кызматы.
Фондулук биржа башка бөлүмдөргө да ээ болууга укуктуу.
9. Бааларды будамайлоону болтурбоо боюнча иш-чаралар
25. Баалуу кагаздарды сатууга же сатып алууга инвесторлорго түрткү берүү максатында, сунуштар менен суроо-талаптардын объективдүү катышынын натыйжасында баалуу кагаздар рыногундагы түзүлгөн соода-сатык активдүүлүгүнө жана бааны жогорулатуу же төмөндөтүү менен таасир берип, баа коюуга багытталган аракеттер баалуу кагаздар рыногундагы бааларды будамайлоо деп таанылат, буларга төмөнкүлөр да кирет:
- буйруктарды илүү;
- бүтүмдөр жасоо;
- жалган маалыматтарды таркатуу.
Баалуу кагаздар рыногундагы бааларды будамайлоо убактысы сот тартибинде белгиленет.
26. Бааларды будамайлоону жүзөгө ашырган соодага катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликтерге тартылат.
27. Соодага катышуучулардын будамайлоочу аракеттерин чектеген, бааларды будамайлоону болтурбоого багытталган, соода сессиясы убагында соодага катышуучулардын буйруктарды жарыялоосун контролдоо системасынын баяндамасын камтыган эрежени бекитүүгө милдеттүү.
10. Жашыруун маалыматтарды укук ченемсиз пайдаланууну болтурбоого багытталган чаралардын тизмеси
28. Жашыруун маалыматтарды укук ченемсиз пайдаланууну болтурбоого багытталган чаралардын тизмеси төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- жашыруун болуп саналган маалыматтарды фондулук биржанын кызматкерлеринин жана кызмат адамдарынын укук ченемсиз пайдаланышына же үчүнчү жакка берүүсүнө тыюу салынышын контролдоо системасынын баяндамасы;
- фондулук биржанын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин фондулук биржа аркылуу сооданын жүрүшү жөнүндөгү учурдагы маалыматтарды алуусунун тартиби;
- жашыруун маалыматтарды укук ченемсиз пайдаланылышына алып келген аракеттер үчүн фондулук биржанын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин жоопкерчилик чаралары.
29. Фондулук биржанын жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары жашыруун маалыматтарды пайдаланууга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоого милдеттүү.
30. Фондулук биржанын соодага катышуучулар, алар жасаган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтарды жана башка жашыруун маалыматтарды жекече максаттарына пайдаланууга жана (же) ыйгарым укугу жок адамдарга берүүгө кызмат адамдары жана кызматкерлери укуксуз.
11. Фондулук биржанын маалыматтарды ачып берүү тартибине карата коюлуучу талаптар
31. Фондулук биржа маалыматтарды ачып берүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтерге жана ички документтерге ылайык маалыматтарды ачып берүүгө милдеттүү.
32. Фондулук биржа бекиткен маалыматтарды ачып берүүнүн тартиби сооданын катышуучулары болбогон, кызыкдар адамдардын маалыматтарды алуусунун бирдей шарттарын түзүүчү жоболорду камтыбоого тийиш.
33. Фондулук биржа баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында белгиленген тартипте отчет берүүгө милдеттүү.