Редакцияот 13.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 13-майы № 214

Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Баалуу кагаздар рыногундагы фондулук биржалардын ишине карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев