Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-ноябры № 4/I-4
Кайыңды шаардык кеңешинде туруктуу депутаттык комиссияларын түзүү жөнүндө
(Кайынды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 57/XVII-2 токтомунун редакциясына ылайык)
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаардык кеңешинин төмөнкү туруктуу депутаттык комиссиялары түзүлсүн:
1) Бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссия
2) Агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
3) Социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
4) Коомдук жана эл аралык уюмдар жана инвестициялар менен иштөө боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
2. Туруктуу депутаттык комиссиялардын сандык курамы төмөнкүдөй тартипте бекитилсин:
1) Бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссия - 5 депутаттан.
2) Агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия - 5 депутаттан.
3) Социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссия - 5 депутаттан
4) Коомдук жана эл аралык уюмдар менен иштөө жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссия - 4 депутаттан
3. (Кайынды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 57/XVII-2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кайынды шаардык кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 57/XVII-2 токтомунун редакциясына ылайык)
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Кайыңды шаардык кеңешинин сессиясынын төрагасы |
Ж.А. Орозумбеков |