КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 6-октябры № 199
Фитосанитардык тобокелдикке талдоо
жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүү жана фитосанитардык тобокелдиктерди башкарууну баалоо максатында, "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Фитосанитардык тобокелдикке талдоо жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2021-жылдын 19-октябрындагы № 107 (3286) саны менен жарыяланды
Төрага | У.А.Марипов |