Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 151
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын административдик чегинде жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын аймагында авторынокту долбоорлоо жана куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 122-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 15-январындагы № 17 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ош шаарынын (Ош шаарынын мэриясынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын) административдик чегинде жайгашкан Көкүм-Бий көчөсү, 95а дарегиндеги № 1 контурдагы 3,78 га сугат айдоо, № 5 контурдагы 1,84 га сугат айдоо, № 7 контурдагы 0,86 га сугат айдоо, № 9 контурдагы 0,47 га сугат айдоо, № 2 контурдагы 2,88 га саз, № 4 контурдагы 8,26 га саз, № 6 контурдагы 13,32 га саз, № 8 контурдагы 0,63 га саз; Көкүм-Бий көчөсү, 95а/2 дарегиндеги № 10 контурдагы Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун 0,56 га сугат айдоо; Көкүм-Бий көчөсү, 95а/1 дарегиндеги № 3 контурдагы Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун 3,40 га сугат айдоо жалпы аянты 36,0 га жерлер авторынокту, коммерциялык объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
3) жогоруда аталган жерлердин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштурууну;
5) аталган жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда алардын Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сакталышын;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюу же баштапкы абалга келтирүү каралган чараларды көрүүнү;
7) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык төлөөнү;
8) табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу үчүн кооптуу жаратылыш процесстерди болтурбоо боюнча иш-чараларды туруктуу негизде ишке ашырууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |