Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 21-августу № 430
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу, импортко кыйыр салыктардын толук түшүүсүн, товарларга байкоо жүргүзүүнү жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын сакталышын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 62-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктунун экинчи абзацы "Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы)," деген сөздөрдөн кийин "Чүй облусунун Жайыл районунда ("Кара-Балта" темир жол станциясы), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Аламүдүн" темир жол станциясы), Ош облусунун Кара-Суу районунда ("Кара-Суу" темир жол станциясы), Бишкек шаарында ("Бишкек-1" темир жол станциясы), "Манас" эл аралык аэропортунда, "Ош" эл аралык аэропортунда," деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде:
- 1-пунктунун 2-пунктчасында:
экинчи абзацы "Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожолу")" деген сөздөрдөн кийин ", Талас облусунун Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Кара-Балта" темир жол станциясы), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Аламүдүн" темир жол станциясы), Ош облусунун Кара-Суу районунда ("Кара-Суу" темир жол станциясы), Бишкек шаарында ("Бишкек-1" темир жол станциясы), "Манас" эл аралык аэропортунда, "Ош" эл аралык аэропортунда" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Талас облусунун Манас районунда ("Кичи-Капка автожолу"), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Жайыл автожолу"), Чүй облусунун Сокулук районунда ("Камышановка автожолу") транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу жана стационардык пункттарынын ар бирин орнотуу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына жараша.";
- 2-пунктунда:
8-пунктчасындагы "экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөрдөн кийин товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 13, 14, 15 жана 16-пунктчалар менен толукталсын:
"13) авиа коштомо кагазы - жүктөрдү эл аралык авиа жол менен ташууну жана ташылуучу товар (жүк) жөнүндө маалыматтарды ырастаган товар коштоочу документ;
14) темир жол коштомо кагазы - жүктөрдү эл аралык темир жол менен ташууну жана ташылуучу товар (жүк) жөнүндө маалыматтарды ырастаган товар коштоочу документ;
15) журнал - ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алуу журналы;
16) жүктөрдү кабыл алуучу-өткөрүп берүүчү жер - ыйгарым укуктуу уюмдун кампалары, порттору жана башка обьекттери, ошондой эле жүктөрдү кабыл алып жана өткөрүп берип жаткан анын ведомстволук бөлүмдөрү.";
- 5-пунктундагы "Автомобиль транспорту менен" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 51-глава менен толукталсын:
"51. Темир жол станцияларында/аэропорттордо товарларды эсепке алуу ишин уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
411. Товарларды темир жол/аба транспорту аркылуу алып келүүдө убактылуу/стационардык пункттун иши салык кызматы органынын кызматкерлери тарабынан товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун жүктөрдү өткөрүп берүүчү-кабыл алуучу жерлеринде жүзөгө ашырылат.
412. Товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун кызмат адамы ички иш тартибине ылайык тиешелүү документтерди текшерүү аяктагандан кийин товар коштоочу документтерди товарларды эсепке алуунун андан аркы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн аймактык салык органынын кызматкерине жиберет. Тиешелүү товар коштоочу документтер берилбеген учурда кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
413. Убактылуу/стационардык пункттун тийиштүү кызмат адамы төмөнкүдөй аракеттерди көрүү жолу менен импорттолуучу товарлар (жүктөр) тууралуу берилген документтерди каттоого алат:
1) товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдун кызмат адамынан төмөнкүлөрдү кабыл алат:
- ташылуучу товарга (жүккө) товар коштоочу документтерди, темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын эки нускасын, транзит учурунда - транзиттик декларациянын көчүрмөсүн;
- Казакстан Республикасында тартып алууга туш болгон товарлар боюнча электрондук эсеп-фактуралардын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн жана бул товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү укугун ырастоочу, Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген тиешелүү коштоочу документтерди.
Мында Казакстан Республикасында тартып алууга туш болгон товарлар боюнча электрондук эсеп-фактураларда жана коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тийиштүү органдарынан алынган маалыматтарга шайкеш келиши керек;
2) салык кызматынын маалыматтык системасынан импорттоочунун салыктык каттоосун текшерет;
3) товар коштоочу документтердеги маалыматтарга шайкеш келүүсү боюнча жүктү карап чыгат, эгерде жүк ЕАЭБге мүчө мамлекеттин экспорттоочусу тарабынан пломбаланган болсо, зарылдыкка жараша жүктү кароо үчүн пломбасын алат.
Пломбаны алуу учурунда кызмат адам пломбаны алуу актысын эки нускада толтурат, андан кийин бир нускасын импорттоочуга же анын өкүлүнө берет;
4) товар ташылып келген датаны көрсөтүү менен темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын нускаларына штамп коёт. Темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын бир нускасы товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмга кайтарылып берилет;
5) салык кызматынын маалыматтык системасында импорттоочу жөнүндө маалыматтарды түзөт жана сактайт;
6) темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын экинчи нускасынын, транзиттик декларациянын көчүрмөсүнүн сакталышын камсыздайт.
414. Төмөнкү фактылар белгиленген учурда:
- темир жол коштомо кагазы/авиа коштомо кагазы, транзиттик декларация, ошондой эле ушул Тартиптин 6-пунктунда аталган документтер жок болсо;
- темир жол коштомо кагазынын/авиа коштомо кагазынын көрсөткүчтөрү импорттолуучу товардын (жүктүн) иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө шайкеш келбесе;
убактылуу/стационардык пункттун салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкүдөй аракеттерди ишке ашырат:
а) тиешелүү мобилдик топтун жооптуу кызмат адамына бул жөнүндө токтоосуз маалымдайт;
б) маалыматты берүүнү эсепке алуу журналына жазып коёт;
в) убактылуу/стационардык пункт аркылуу маалымдоо мүмкүн болбогон шарттарда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-нөөмөттүк кызматтардын жана/же ички иштер органдарынын линиясы боюнча тиешелүү мобилдик топко маалымат берет.
Мобилдүү топ келгенден кийин салык органынын кызмат адамы андан ары тиешелүү чараларды көрүү үчүн болгон документтерди берет.
415. Темир жол станцияларындагы/аэропорттордогу товарларды эсепке алуу боюнча иштерди уюштуруу жоопкерчилиги убактылуу/сгационардык пункттарда иштеген кызмат адамдарына жана товарларды ташуу жана/же өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмга алар аткарган функциялардын чегинде жүктөлөт.";
- жогоруда аталган Тартиптин 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык баяндалсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 2-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык баяндалсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.Боронов |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Эл аралык аба катнаштары үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | ||||||
Чек аралык | Бажылык | Салыктык | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фито-санитардык | Баңгиге каршы | ||||
1 | "Манас" аэропорту | Чүй облусу, Сокулук р-ну, "Манас" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
2 | "Ош" аэропорту | Ош ш., "Ош" аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
3 | "Ысык-Көл" аэропорту | Ысык-Көл облусу, Тамчы айылы, "Ысык-Көл" аэропорту | Көп тараптуу, күндүзгү убак | + | - | - | + | + | + | + |
4 | "Каракол" аэропорту | Ысык-Көл облусу, Каракол ш., "Каракол" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | - | + | + |
|
5 | "Баткен" аэропорту | Баткен облусу, Баткен ш., "Баткен" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - |
| - |
| + | + |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Контролдоо пункттарынын аталышы | Посттордун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
транспорттук | салыктык | карантиндик жана фитосанитардык | санитардык-эпидемиологиялык | ветеринардык | статистикалык (эсепке алуу максатында) | ||||
1 | "Маймак" | Талас облусу, Кара-Буура району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
2 | "Кара- Балта" | Чүй облусу, Жайыл району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
3 | "Аламүдүн" | Чүй облусу, Аламүдүн району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
4 | "Кара-Суу" | Ош облусу, Кара-Суу району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
5 | "Бишкек-1" | Бишкек шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин 1-тиркемеси |
КОШТОМО КАГАЗ (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) колдонулат)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.".
|
| 4-тиркеме |
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинин 2-тиркемеси |
КОНСОЛИДАЦИЯЛАНГАН ЖҮКТӨРГӨ КОШТОМО КАГАЗ (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүргүзүүнүн алкагында консолидацияланган жүктү Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) колдонулат)
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.".
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 21-августу № 430
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу, импортко кыйыр салыктардын толук түшүүсүн, товарларга байкоо жүргүзүүнү жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын сакталышын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 62-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| К.А. Боронов |