Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 158
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору" мамлекеттик мекемеси тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:
- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору" мамлекеттик мекемесин жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн, тиешелүү жол-жоболордун аткарылышын уюштурсун;
- жоюу балансын бекитсин;
- өткөрүп берилген финансылык ресурстарды Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана чыңдоого максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 "Цирк искусствосунун маселелери жөнүндө" токтомунун 6-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 24 (3680) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |