ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 158 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-марты № 158

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жоюу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору" мамлекеттик мекемеси тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берүү менен жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги белгиленген тартипте:

- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору" мамлекеттик мекемесин жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн, тиешелүү жол-жоболордун аткарылышын уюштурсун;

- жоюу балансын бекитсин;

- өткөрүп берилген финансылык ресурстарды Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана чыңдоого максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;

- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 87 "Цирк искусствосунун маселелери жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 24 (3680)  жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев