Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаны-Арык айылдык Кенешинин XXVIII-чакырылышынын VII-кезексиз сессиясы
2022-жылдын 2-августу № 12/3
Жаны-Арык айыл аймагынын аксакалдар сотунун курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
КР «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун жана айыл тургундарынын аксакалдар сотунун курамына көрсөтүү жөнүндө жыйындарынын протоколдорун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кенешинин VII-кезексиз сессиясы, токтом кылат:
1. Жаны-Арык айылдык кенешинин 15-ноябрь 2021-жылдагы №5/1 токтому менен бекитилген Жаны-Арык айыл аймагынын аксакалдар сотунун курамынан К.Жакшылыков чыгарылсын жана аксакалдар сотунун курамына айыл тургундары К.Мамбетова, К.Дыйканов жана К.Карабалаев киргизилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Карымшаковго тапшырылсын.
Төрайым: | М. Акматалиева |