Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 10-июну № 308
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын
ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 139-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик алымдын ставкаларында:
- 1-главасынын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«31. Жарандык талаш-тартыштар боюнча сотко берилген доо арыздарынан алынуучу мамлекеттик алымдын чектүү өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн 50 000 эселенген өлчөмүнөн ашпайт.»;
- 4-главасынын 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 18-пунктча менен толукталсын:
«18) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин берүү үчүн - эсептик көрсөткүчтүн 20 эселенген өлчөмү.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 21-июнундагы № 54 (3389) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |