Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналуу менен инженердик коммуникациялардын жана курулмалардын объекттерин кошкондо, кыймылсыз мүлк объекттерин курууну, реконструкциялоону, профилин өзгөртүүнү жана алардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен кайра пландоону мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды тескөөгө укуктуу.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын укук улантуучусу болуп саналат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти";
- расмий тилде: "Департамент государственного архитектурно-строительного контроля при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
7. Департаменттин курамына төмөнкү аймактык башкармалыктар кирет:
1) Бишкек шаарынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
2) Ош шаарынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
3) Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
4) Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
5) Нарын региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
6) Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
7) Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
8) Чүй региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы;
9) Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы.
2-глава. Департаменттин максаты
8. Департаменттин ишинин максаты курулуш процессинде аткарылуучу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү жолу менен курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, жер титирөөгө туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, бекитилген башкы пландардын, долбоордук документтердин талаптарынын сакталышын, курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан пайдаланылуучу курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын сапатын мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо жолу менен курулуш объекттеринин сапатын, коопсуздугун, жер титирөөгө туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
4-глава. Департаменттин функциялары
10. Департаментке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) бекитилген долбоордук документтерге ылайык техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролду жүзөгө ашырат;
2) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарына материалдарды берет;
3) лицензиялоо жана сертификаттоо органдарына лицензиялардын жана сертификаттардын колдонулушун убактылуу токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштар менен материалдарды жөнөтөт;
4) архитектура-курулуш ишинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте айып пулдарды салат;
5) сотторго объекттерди баштапкы абалына келтирүү же аларды бузуу (демонтаждоо) жөнүндө доо арыздарын киргизет;
6) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте объекттерди баштапкы абалына келтирет же аларды бузат (демонтаждайт);
7) Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топторду түзөт;
8) өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын ишин координациялайт, алардын отчетторун кабыл алат, жалпылайт жана талдайт, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
9) Департаменттин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүгүү прогноздорун, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
10) курулуш тармагынын адистеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган аларды окутууну жана семинарларды уюштурат жана өткөрөт;
11) курулуш ишинин катышуучуларына курулуш чөйрөсүндөгү иштти жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымдайт;
12) тажрыйба алмашуу жана алдынкы тажрыйбаларды киргизүү үчүн архитектуралык жана курулуштук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташууга катышат;
13) Курулуш министрлигинин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча анын атынан чыгат;
14) Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизет;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчисинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарат.
5-глава. Департаменттин укуктары
11. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Департаментке жүктөлгөн милдеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинен, министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын финансылык жана материалдык каражаттарын жана гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
3) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
4) өзүнүн ишинен түшкөн, кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен аталган кирешелердин бөлүгүн Департаменттин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө инновациялык технологияларды, методдорду жана чечимдерди изилдөөгө, иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоого жумшоого;
5) өзүнүн ишинен түшкөн, кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бөлүгүн Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине сый акыларды төлөөгө жана дем берүүчү гранттарды берүүгө жумшоого;
6) өзүнүн ишинен түшкөн, кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бөлүгүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга, материалдык-техникалык базаны жаңылоого, ошондой эле Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын муктаждыктары үчүн атайын жабдууларды сатып алууга жумшоого;
7) өзүнүн ишинен түшкөн, кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бөлүгүн Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын балансында турган административдик имараттарды жана курулмаларды (кеңселерди), лабораторияларды, ошондой эле санаториялык-курорттук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана эксплуатациялоону каржылоого жумшоого;
8) өзүнүн ишинен түшкөн, кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган кирешелердин эсебинен гана жана Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бөлүгүн Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине турак жайларды (батирлерди) берүү максатында көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоону жана курууну каржылоого жумшоого;
9) Департаменттин компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду түзүүгө;
10) Министрликтин макулдугу менен бекитилген штаттык сандын чегинде Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүн жана аймактык башкармалыктарын түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында Департаменттин окуу дисциплиналарынын профилине ылайык келген кафедраларды уюштурууга;
12) юридикалык жана жеке жактардын өкүлдөрүн кошкондо, адистерди окутууну, квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн окуу борборлорун түзүүгө;
13) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн өзүнүн ишинен түшкөн, кызматтарды көрсөтүүдөн же жумуштарды аткаруудан алынган кирешелердин эсебинен гана эмгек макулдашууларынын же келишимдеринин негизинде адистерди тартууга;
14) Министрликтин макулдугу менен Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк адистерди тартууга;
15) Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында өзүнүн атынан доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз берүүчү же жабырлануучу тарап катары чыгууга;
16) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында Министрликтин макулдугу менен чет өлкөлөрдө иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдө аталган иш-чараларга катышууга;
17) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү семинарларды, конференцияларды жана форумдарды, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларды, конференцияларды жана форумдарды уюштурууга, катышууга жана Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктарынын атынан чыгууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
18) Министрликтин макулдугу менен Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү семинарларга, конференцияларга жана форумдарга, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларга, конференцияларга жана форумдарга катышууга жана Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын атынан чыгууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
19) өзүнүн компетенциясынын алкагында шаар куруу, архитектура, курулуш, курулуш процессине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү чөйрөсүндөгү инновациялык технологияларды өздөштүрүү, эксплуатациялоо жана киргизүү менен байланышкан долбоорлорго катышууга;
20) өзүнүн компетенциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана акы төлөнүүчү жумуштарды аткарууга;
21) эмгек рыногунун муктаждыктарын канааттандыруу жана адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан программалар боюнча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
22) Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы менен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу маселелери боюнча түздөн-түз, башкача айтканда, атаандаштык жол-жоболорду өткөрүүнү талап кылбаган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Директордун орун басарлары болот, алар Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Директор жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат.
15. Директор:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын, анын ичинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын ишинин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Департаменттин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгат, Департаменттин ишинин узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү пландарын бекитет;
3) улуттук программаларды ишке ашырууга катышат;
4) Департаменттин компетенциясынын алкагында ишине жаңы технологияларды жана иштөө методдорун киргизүүнү демилгелейт;
5) жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарын түзөт жана өнүктүрөт, Департаменттин атынан сүйлөшүүлөргө катышат;
6) Департаменттин мүлкүн жана финансылык каражаттарын башкарат, анын финансылык-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;
7) Департаменттин чыгашаларын оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат;
8) Департаментти өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо булактарын тартууга катышат;
9) Министрлик менен штаттык расписаниени, түзүмдү, ошондой эле кирешелердин жана чыгашалардын сметасын, анын ичинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын көрсөткүчтөрүн макулдашат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) орун басарлардын, Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин функциялык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
12) эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коёт, Департаменттин кызматкерлерине, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине карата белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
13) Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, кайра даярдоону жана кесиптик өнүктүрүүнү уюштурат;
14) эмгек мыйзамдарына ылайык эмгектик талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечет;
15) Департаменттин кызматкерлеринин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
16) Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну камсыз кылат;
17) Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын алдына коюлган милдеттердин аткарылышынын сапатын контролдоону уюштурат;
18) ишеним катсыз Департаменттин атынан иш жүргүзөт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
19) өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат, ошондой эле Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
20) аймактык башкармалыктар түзүлгөн учурда алар жөнүндө жоболорду, штаттык расписаниесин, түзүмүн, ошондой эле кирешелердин жана чыгашалардын сметасын Министрликке бекитүүгө киргизет;
21) Министрликке аймактык башкармалыктардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
22) Министрликке аймактык башкармалыктардын жетекчилерине карата тартиптик чараларды жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
23) отчетторду өз убагында даярдоону жана Министрликке берүүнү камсыз кылат;
24) мыйзамдардын талаптарына ылайык документтерди сактоону жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;
25) Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылуулары жана мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын карайт;
26) Департаментте эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана маалыматты коргоо боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылат.
27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Департаменттин мүлкү жана каржылоо булактары
16. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана анын балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
17. Департаментти жана анын аймактык башкармалыктарын каржылоо республикалык бюджеттин жана Департаменттин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, анын булактары юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, өзүнүн ишинен түшкөн кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар болуп саналат.
18. Өзүнүн ишинен киреше алган учурда Департамент ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленүүчү жана бекитилүүчү, өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10%ынан ашпаган сумманы которот.
19. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
8-глава. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
20. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат.
21. Департаменттин ишинин процессинде келип чыккан документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталууга жана пайдаланылууга тийиш.