Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти (мындан ары - Департамент), Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, социалдык-маданий багыттагы, билим берүү жана медициналык мекемелердин, инженердик инфраструктуранын жана турак жайдын объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, турак жай объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү бөлүгүңдөгү укуктук улантуучусу болуп саналат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти";
- расмий тилде: "Департамент жилищно-гражданского строительства при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
7. Департаменттин курамына төмөнкү аймактык башкармалыктар кирет:
- Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы;
- Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгы.
2-глава. Департаменттин ишинин максаттары
8. Департаменттин ишинин максаттары Кыргыз Республикасынын аймагында социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, инженердик инфраструктура, стратегиялык багыттагы объекттерди жана турак жайды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, ошондой эле "Бирдиктүү заказчынын" функцияларын аткаруу болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
9. Департаменттин милдеттери болуп социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы, билим берүү, саламаттык сактоо, стратегиялык багыттагы, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфраструктура объекттерин, ошондой эле турак жай курулуш объекттерин республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону уюштуруу, турак жай курулушун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, курулушта заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүү, Департаменттин компетенциясына кирген объекттердин инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүнү жана сапатын жогорулатууну камсыз кылуу саналат.
4-глава. Департаменттин функциялары
10. Департаментке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында, Департамент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин координациялайт, алар тарабынан берилген отчетторду кабыл алат, жалпылайт жана талдайт, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
2) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында анын атынан чыгат;
3) Кыргыз Республикасында турак жай курулушун өнүктүрүү программаларынын аткарылышын координациялайт;
4) турак жай курулушун өнүктүрүү, турак жай рыногун түзүү жана турак жай көйгөйлөрүн чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү үчүн программаларга сунуштарды даярдайт;
5) курулуш жана инженердик инфраструктура жаатындагы эл аралык донордук жардам жана чет өлкөлүк инвестициялар маселелерин координациялайт;
6) тажрыйба алмашуу жана алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу үчүн архитектуралык жана курулуштук жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышат;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарат;
8) мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндө "Бирдиктүү заказчынын" функцияларын аткарат;
9) белгиленген бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каржылоонун чегинде капиталдык курулуш объекттеринин жана подряддык иштердин тизмесин даярдайт;
10) капиталдык салымдарды пайдалануу боюнча отчеттуулукту жүргүзөт;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды уюштурат жана өткөрөт;
12) долбоорлоо жана курулуш уюмдары, ошондой эле жабдууларды жана курулуш материалдарын берүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;
13) долбоорлоо жана подряддык уюмдарды зарыл уруксат берүүчү документтери жана типтүү, жеке жана кайра колдонулуучу долбоорлорду байлоо үчүн бардык маалыматтар менен камсыз кылат;
14) долбоорлоо уюмдары менен долбоорлоо-сметалык документтерин даярдоонун жана берүүнүн графиктерин макулдашат, алардын аткарылышын контролдойт, инженердик тармактарды кошуу жана тиешелүү органдардан курулушка уруксат алуу маселелери боюнча пайдалануучу уюмдар менен өз ара аракеттенет;
15) долбоорлоо-сметалык документтерине, техникалык регламенттердин жана сейсмикалык ченемдердин талаптарына ылайык курулуштун, реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун мөөнөттөрүнүн жана сапатынын сакталышын камсыз кылат;
16) зарыл болгон учурда долбоорлоо-сметалык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана аларды тиешелүү органдар менен макулдашат;
17) курулуш-монтаждоо, ишке киргизүү-жөндөө жана башка иштердин түрлөрүн өндүрүүнү уюштурат жана башкарат, курулуш объекттерин пайдаланууга киргизүүгө даярдайт;
18) курулушу бүткөн объекттерди кабыл алууга жана аларды тиешелүү уюмдарга пайдаланууга берүүгө катышат;
19) капиталдык курулуш объекттерин техникалык жактан кайра жабдууну аткарат, аларды зарыл болгон жабдуулар жана курулуш материалдары менен камсыз кылат;
20) подряддык уюмдар менен биргеликте курулушу, реконструкцияланышы жана капиталдык оңдоосу бүтпөгөн объекттерди консервациялоо боюнча иш-чараларды алардын сакталышы үчүн жүргүзөт;
21) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын карайт, аларды чечүү үчүн Департаменттин компетенциясынын чегинде чараларды көрөт, баяндалган фактылар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт, арыз ээлерин кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдайт, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгат жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт;
22) курулуштун сапатын баалоо, курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын белгиленген талаптарга, стандарттарга жана техникалык регламенттерге ылайык келишин текшерүү үчүн, ошондой эле эксперттик корутундуларды аткаруу жана Департаменттин компетенциясынын чегинде консультацияларды берүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартат;
23) өндүрүштөрдүн, объекттердин жана аткарылуучу иштердин коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин, ошондой эле илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттардын адистерин тартат;
24) Департаментин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүгүү болжолдоолорун жана ченемдик-укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
25) белгиленген тартипте капиталдык курулуш, реконструкциялоо жана кайра профилдөө объекттерине барат;
26) курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндө лицензиянын жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатуу жөнүндө корутундуларды берет;
27) Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна чыгарат;
28) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарат.
5-глава. Департаменттин укуктары
11. Департамент ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик комитеттен, министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Департаментке жүктөлгөн милдеттердин алкагында маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын финансылык жана материалдык каражаттарын жана гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
3) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле инвесторлорго инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
5) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Департаменттин компетенциясына кирген чөйрөлөрдөгү инновациялык технологияларды, методдорду жана чечимдерди изилдөөгө, иштеп чыгууга жана жайылтууга багытталган илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоого жумшоого;
6) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине сыйлыктарды төлөөгө жана дем берүүчү гранттарды берүүгө жумшоого;
7) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга, материалдык-техникалык базаны жаңылоого, ошондой эле Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктары үчүн атайын жабдууларды сатып алууга жумшоого;
8) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн балансында турган административдик имараттарды жана курулмаларды (кеңселерди), лабораторияларды, ошондой эле санаториялык-курорттук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, капиталдык оңдоого жана эксплуатациялоого каржылоого жумшоого;
9) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине турак жайларды (батирлерди) берүү максатында көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоого жана курууга каржылоого жумшоого;
10) Министрликтин макулдугу менен туруктуу иштөөнү, материалдык-техникалык базаны модернизациялоону, иштин натыйжалуулугун жогорулатууну жана Департаменттин алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын банк мекемелери, ошондой эле чет өлкөлүк кредиттик уюмдар менен кредиттик макулдашууларды түзүүгө жана бул макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди андан ары өз алдынча аткарууга;
11) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга жумшоого;
12) Департаменттин компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду түзүүгө;
13) Министрликтин макулдугу менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, аймактык башкармалыктарды, анын ичинде филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
14) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгек макулдашууларынын же келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
15) Министрликтин макулдугу менен Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк адистерди тартууга;
16) өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз берүүчү же жабырлануучу тарап катары чыгууга;
17) Министрликтин макулдугу менен Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында чет өлкөдө иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле чет өлкөдө көрсөтүлгөн иш-чараларга катышууга;
18) Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү семинарларды, конференцияларды жана форумдарды, анын ичинде илимий жана практикалык, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча уюштурууга, катышууга жана көрсөтүүгө, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
19) Министрликтин макулдугу менен Департаменттин, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан чет өлкөдө өткөрүлүүчү семинарларга, конференцияларга жана форумдарга, анын ичинде илимий жана практикалык, Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жана көрсөтүүгө, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
20) Департаменттин компетенциясынын алкагында шаар куруу, архитектура, курулуш, курулуш процессин мониторингдөө чөйрөсүндө, ошондой эле курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүүдө инновациялык технологияларды өздөштүрүү, пайдалануу жана жайылтуу менен байланышкан долбоорлорго катышууга;
21) Департаменттин компетенциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
22) Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы менен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөнүүчү иштерди аткаруу маселелери боюнча түздөн-түз, башкача айтканда, атаандаштык жол-жоболорун өткөрүүнү талап кылбаган шарттарда жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Директордун орун басары болот, ал Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
15. Директор:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын, анын ичинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Департаментти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгат, узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү иш пландарын бекитет;
3) Департаменттин ишине тиешелүү тармакты же секторду өнүктүрүүгө багытталган улуттук программаларды ишке ашырууга катышат;
4) Департаменттин ишине жаңы технологияларды жана иштөө методдорун киргизүүнү демилгелейт;
5) жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт, Департаменттин атынан сүйлөшүүлөргө катышат;
6) Министрликке штаттык ырааттаманы, түзүмүн, кирешелердин жана чыгашалардын сметасын, анын ичинде аймактык башкармалыктарды, ошондой эле филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү бекитүүгө киргизет;
7) Департаменттин финансылык-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат, мүлктү жана финансылык каражаттарды башкарууну ишке ашырат, ошондой эле Министрлик тарабынан бекитилген кирешелердин жана чыгашалардын сметасына ылайык кирешелерди тескейт;
8) Департаменттин чыгашаларын оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат, аларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат;
9) Департаментти өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо булактарын тартууга катышат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
12) эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коет, Департаменттин кызматкерлерин, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт жана аларга карата тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
13) Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, кайра даярдоону жана кесиптик өнүктүрүүнү уюштурат;
14) эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек талаш-тартыштарын жана чыр-чатактарды чечет;
15) кызматкерлердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
16) Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыз кылат;
17) түзүмдүк бөлүмдөргө жана аймактык башкармалыктарга, анын ичинде филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө коюлган милдеттердин аткарылышынын сапатын контролдоону уюштурат;
18) ишеним катсыз Департаменттин атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
19) өз компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат, ошондой эле Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коет;
20) аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
21) аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине карата тартиптик чараларды жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
22) Министрликке отчеттуулукту өз убагында даярдоону жана берүүнү камсыз кылат;
23) документтерди сактоону жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштурат;
24) жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылуулары жана мамлекеттик органдардын карамагында болгон маалыматка жетүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт;
25) Департаментте эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана маалыматты коргоо боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылат.
26) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Департаменттин мүлкү
16. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Департаменттин балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
17. Департамент өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, алынган кирешелерди өзүнүн ишин каржылоого жумшайт, мында каражаттардын булактары болуп республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
18. Департамент жана анын аймактык башкармалыктары, анын ичинде филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ай сайын Министрликтин атайын эсебине өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген 10%дан ашпаган сумманы которот.
19. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик ээсинин чечими боюнча ишке ашырылат.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулганда же жоюлганда токтотулат.
21. Департаменттин иш процессинде пайда болгон документтер, ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.