Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору (мындан ары - Борбор), Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, өз ишин курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын шайкештигин ырастоо, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын контролдоо жана сыноо, жумушчуларды окутуу жана кайра даярдоо, курулуш тармагынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, курулуш тармагынын ишканаларына маалыматтык колдоо көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу жаатында жүзөгө ашырат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун укуктук улантуучусу болуп саналат.
5. Борбордун юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Борбордун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору";
- расмий тилде: "Республиканский центр сертификации в строительстве при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
7. Борбордун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Курулушсертификатоо" РБ";
- расмий тилде: "РЦ "Стройсертификация".
2-глава. Борбордун максаттары
8. Борбордун ишинин максаттары имараттардын, курулмалардын, курулуш материалдарынын, буюмдарынын, конструкцияларынын, курулуш иштеринин жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, жарандардын өмүрү жана ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтуу, жумушчуларды окутууну жана кайра даярдоону, адистердин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, ошондой эле курулуш тармагынын ишканаларына маалыматтык колдоо көрсөтүү болуп саналат.
3-глава. Борбордун милдеттери
9. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын Кыргыз Республикасынын архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына, техникалык регламенттерге, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдердин шарттарына шайкештигин ырастоо боюнча иштерди жүргүзүү;
2) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сыноо;
3) курулуш тармагынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу;
4) маалыматтык колдоо көрсөтүү, юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүү.
4-глава. Борбордун функциялары
10. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Борбор төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялайт, алар тарабынан берилген отчетторду кабыл алат, жалпылайт жана талдайт, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана Борбордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
2) тажрыйба алмашуу жана алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу үчүн техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышат;
3) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Министрликтин атынан чыгат;
4) өзүнүн тармагында колдонулуучу ченемдик укуктук жана техникалык документтеринин (техникалык регламенттер, стандарттар, эрежелердин жыйнактары жана башка документтер) фондун түзөт;
5) курулуш материалдарынын, буюмдарынын, конструкцияларынын ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкештигин баалоону аткарат;
6) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификациялоону ишке ашырат;
7) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сертификациялоону жана сыноону жүргүзүүгө аккредитация алуу маселелери боюнча шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенет;
8) сертификацияланууга тийиш болгон продукцияны сыноо үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларын пайдаланат;
9) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын контролдоону жана сыноону ишке ашырат, берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт, сыноо үчүн продукцияны тандоону жүргүзөт, ошондой эле сертификацияланган продукцияга инспекциялык контролду жүргүзөт жана өткөрүлгөн сыноолордун протоколдорун берет;
10) милдеттүү түрдө шайкештигин ырастоого тийиш болгон продукцияга шайкештик сертификаттарын берет, ошондой эле берилген шайкештик сертификаттарынын колдонулушун токтото турат же жокко чыгарат;
11) курулуш тармагынын адистерин кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну жана окутууну ишке ашырат;
12) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын карайт, аларда баяндалган фактылар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт, аларды чечүү үчүн Борбордун компетенциясынын алкагында чараларды көрөт, арыз ээлерин кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгат жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт;
13) курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын белгиленген талаптарга, стандарттарга жана техникалык регламенттерге ылайык келишин текшерүү үчүн, ошондой эле эксперттик корутундуларды аткаруу жана Борбордун компетенциясынын алкагында консультацияларды берүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартат;
14) Борбордун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүгүү болжолдоолорун, ошондой эле ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
15) Борбордун компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна чыгарат;
16) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында башка функцияларды аткарат.
5-глава. Борбордун укуктары
11. Борбор ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик комитеттен, министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Борбордун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын финансылык жана материалдык каражаттарын жана гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
3) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле инвесторлорго инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
5) долбоордук, изилдөө жана курулуш-монтаждоо иштерине баалардын жыйнактарын, ошондой эле баа түзүү маселелери боюнча методикалык адабияттарды сатууга;
6) маалымат берүү боюнча колдонуучулардын суроо-талаптарын аткарууга жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
7) белгиленген тартипте долбоорлоо, илимий-изилдөө жана башка уюмдарды, ошондой эле адистерди аналитикалык жана эксперттик иштерди аткаруу үчүн, анын ичинде тиешелүү сунуштарды даярдоо үчүн тартууга жана зарыл болгон учурда убактылуу чыгармачыл жамааттарды түзүүгө;
8) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Борбордун компетенциясына кирген чөйрөлөрдөгү инновациялык технологияларды, методдорду жана чечимдерди изилдөөгө, иштеп чыгууга жана жайылтууга багытталган илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоого жумшоого;
9) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Борбордун, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине сыйлыктарды төлөөгө жана дем берүүчү гранттарды берүүгө жумшоого;
10) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга, материалдык-техникалык базаны жаңылоого, ошондой эле Борбордун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктары үчүн атайын жабдууларды сатып алууга жумшоого;
11) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Борбордун, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн балансында турган административдик имараттарды жана курулмаларды (офистерди), лабораторияларды, ошондой эле санаториялык-курорттук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, капиталдык оңдоого жана эксплуатациялоого каржылоого жумшоого;
12) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Борбордун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине турак жайларды (батирлерди) берүү максатында көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоого жана курууга каржылоого жумшоого;
13) Министрликтин макулдугу менен туруктуу иштөөнү, материалдык-техникалык базаны модернизациялоону, иштин натыйжалуулугун жогорулатууну жана Борбордун алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын банк мекемелери, ошондой эле чет өлкөлүк кредиттик уюмдар менен кредиттик макулдашууларды түзүүгө;
14) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга жумшоого;
15) Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгек макулдашууларынын же келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
16) Министрликтин макулдугу менен Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк адистерди тартууга;
17) өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз берүүчү же жабырлануучу тарап катары чыгууга;
18) Министрликтин макулдугу менен Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында чет өлкөдө иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле чет өлкөдө көрсөтүлгөн иш-чараларга катышууга;
19) Борбордун, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү семинарларды, конференцияларды жана форумдарды, анын ичинде илимий жана практикалык, Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча уюштурууга, катышууга жана көрсөтүүгө, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
20) Министрликтин макулдугу менен Борбордун, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан чет өлкөдө өткөрүлүүчү семинарларга, конференцияларга жана форумдарга, анын ичинде илимий жана практикалык, Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жана көрсөтүүгө, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
21) өзүнүн компетенциясынын чегинде курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү чөйрөсүндө инновациялык технологияларды өздөштүрүү, пайдалануу жана жайылтуу менен байланышкан долбоорлорго катышууга;
22) өзүнүн компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
23) эмгек рыногунун керектөөлөрүн канааттандыруу жана адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан программалар боюнча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
24) Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы менен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөнүүчү иштерди аткаруу маселелери боюнча түздөн-түз, башкача айтканда, атаандаштык жол-жоболорун өткөрүүнү талап кылбаган шарттарда жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө.
6-глава. Борбордун ишин уюштуруу
12. Борборду Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Директордун орун басарлары болот, алар Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Директор жок болгон учурда, анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири тиешелүү буйруктун негизинде аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Директор:
1) Борбордун ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын, анын ичинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Борборду өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгат, узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү иш пландарын бекитет;
3) Борбордун ишине тиешелүү тармакты же секторду өнүктүрүүгө багытталган улуттук программаларды ишке ашырууга катышат;
4) Борбордун ишине жаңы технологияларды жана иштөө методдорун киргизүүнү демилгелейт;
5) жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт, Борбордун атынан сүйлөшүүлөргө катышат;
6) штаттык расписаниени, түзүмдү, кирешелердин жана чыгашалардын сметасын, анын ичинде аймактык башкармалыктарды, ошондой эле филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү Министрликке бекитүүгө киргизет;
7) Борбордун финансылык-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат, мүлктү жана финансылык каражаттарды башкарууну ишке ашырат, ошондой эле Министрлик тарабынан бекитилген кирешелердин жана чыгашалардын сметасына ылайык кирешелерди тескейт;
8) Борбордун чыгашаларын оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат;
9) Борборду өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо булактарын тартууга катышат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
12) эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коет, Борбордун кызматкерлерин сыйлайт жана аларга карата тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
13) Борбордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, кайра даярдоону жана кесиптик өнүктүрүүнү уюштурат;
14) эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек талаш-тартыштарын жана чыр-чатактарды чечет;
15) кызматкерлердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
16) Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштурат жана камсыз кылат;
17) түзүмдүк бөлүмдөргө жана аймактык башкармалыктарга, анын ичинде филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө коюлган милдеттердин аткарылышынын сапатын контролдоону уюштурат;
18) ишеним катсыз Борбордун атынан иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
19) өз компетенциясынын чегинде Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат, ошондой эле Борборго жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коет;
20) аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
21) аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине карата тартиптик чараларды жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
22) Министрликке отчеттуулукту өз убагында даярдоону жана берүүнү камсыз кылат;
23) документтерди сактоону жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштурат;
24) жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылуулары жана мамлекеттик органдардын карамагында болгон маалыматка жетүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт;
25) Борборго эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук жана маалыматты коргоо боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылат.
26) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Борбордун мүлкү жана каржылоо булактары
16. Борбордун мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Борбордун балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
17. Борбор өзүн каржылоо принцибинде иштейт, мында анын каражаттарынын булактары болуп гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
18. Борбор жана анын аймактык башкармалыктары, анын ичинде филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ай сайын Министрликтин атайын эсебине өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген 10%дан ашпаган сумманы которот.
19. Борбордун негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8-глава. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
20. Борбордун иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулганда же жоюлганда токтотулат.
21. Борбордун иш процессинде пайда болгон документтер, ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.