Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын ушул уставы Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн жана чарба жүргүзүү укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
5. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
6. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары - Курулуш министрлиги) саналат.
7. Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Кыргызкурулуш" при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
8. Ишкананын кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызкурулуш" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызкурулуш".
9. Ишкананын юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
10. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
11. Ишкананын обочолонгон мүлкү бар, ал ага чарба жүргүзүү укугунда таандык, бул мүлк менен өз милдеттенмелери боюнча жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алат, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
12. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык өзүнүн ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
13. Ишкананын түзүмүнө өкүлчүлүктөр жана филиалдар кирет. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Ишкананын директору тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт.
14. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
2-глава. Ишкананын максаттары, предмети жана функциялары
15. Ишкананын ишинин максаты социалдык-маданий багыттагы, билим берүү, саламаттык сактоо, инженердик инфраструктура жана стратегиялык багыттагы объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, ошондой эле бирдиктүү заказчынын жана башкы подрядчынын функцияларын аткаруу болуп саналат.
16. Ишкананын негизги функциялары:
1) капиталдык курулуш объекттерин техникалык жактан кайра жабдууну (комплекттөөнү) аткарат, ошондой эле бул объекттерди жабдуулар жана курулуш материалдары менен камсыз кылат;
2) долбоорлоо жана подряддык уюмдар үчүн долбоордук-уруксат берүүчү документтерин камсыз кылат, ошондой эле типтүү, жеке жана кайра колдонулуучу долбоорлорду байлоо үчүн бардык зарыл маалыматтарды берет;
3) долбоорлоо уюмдары менен долбоорлоо-сметалык документтерин даярдоонун жана берүүнүн графиктерин макулдашат, алардын аткарылышына контроль жүргүзөт, эксплуатациялоочу уюмдар менен газ менен жабдуу, электр менен жабдуу, жылуулук, ысык жана муздак суу менен жабдуу, канализация, радио- жана телефон тармактарына техникалык шарттарды макулдашат, тиешелүү органдардан курулушка уруксат алат;
4) долбоорлоо-сметалык документтерине ылайык курулуштун, реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун мөөнөттөрүн жана сапатын камсыз кылат, курулушта техникалык регламенттердин жана сейсмикалык ченемдердин талаптарын сактайт, долбоорлоо-сметалык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана жумушчу чийүүлөр же иштердин көлөмдөрү өзгөргөн учурда аларды тиешелүү органдар менен макулдашат;
5) курулуш-монтаждоо, ишке киргизүү-жөндөө жана башка иштердин түрлөрүн өндүрүүнү уюштурат жана башкарууну камсыз кылат, курулуш объекттерин эксплуатациялоого киргизүүгө даярдайт;
6) курулушу бүткөн объекттерди кабыл алуу боюнча ишке катышат жана аларды эксплуатациялоочу уюмдарга тапшырууну (өткөрүп берүүнү) ишке ашырат;
7) подрядчы менен биргеликте курулушу, реконструкцияланышы же капиталдык оңдоосу бүтпөгөн объекттерди консервациялоо учурунда алардын сакталышын камсыз кылуучу тиешелүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзөт;
8) республика боюнча социалдык-маданий багыттагы объекттерди, билим берүү жана саламаттык сактоо объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткаруунун сапатына контроль жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан архитектура жана курулуш органдары, долбоорлоо жана подряддык уюмдар, заказчы-инвесторлор менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
10) курулуш жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат;
11) мамлекеттин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана Кыргыз Республикасынын калкынын керектөөлөрүнө ылайык аткарылуучу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн келишимдердин (контракттардын) негизинде аныктайт;
12) долбоорлоо, курулуш уюмдары жана жабдууларды жана курулуш материалдарын берүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;
13) өзгөчө маанилүү, режимдик атайын жана стратегиялык багыттагы объекттерди долбоорлоо, куруу жана жабдуу жаатында иш жүргүзөт;
14) мамлекеттик каражаттардын, гранттардын жана эл аралык долбоорлордун каражаттарынын эсебинен каржылануучу объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо чөйрөсүндө бирдиктүү заказчынын жана башкы подрядчынын функцияларын аткарат;
15) менчигинин түрүнө карабастан заказчы жана/же башкы подрядчы катары объекттерди жана курулмаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо боюнча бардык иштердин түрлөрүн ишке ашырат;
16) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялайт, алар тарабынан берилген отчетторду кабыл алат, жалпылайт жана талдайт, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
17) Анын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитеттерде, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда Министрликтин атынан чыгат;
18) Министрлик тарабынан бекитилген капиталдык курулуш объекттеринин реестрине ылайык белгиленген бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каржылоонун чегинде капиталдык курулуш объекттеринин жана подряддык иштердин тизмесин даярдайт;
19) капиталдык салымдарды пайдалануу боюнча отчеттуулукту жүргүзөт;
20) зарыл болгон учурда долбоорлоо-сметалык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана аларды тиешелүү органдар менен макулдашат;
21) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын карайт, аларды чечүү үчүн өз компетенциясынын чегинде чараларды көрөт, баяндалган фактылар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт, арыз ээлерин кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдайт, сунуштарды иштеп чыгат жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт;
22) курулуштун сапатын баалоо, курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана буюмдарынын белгиленген талаптарга, стандарттарга жана техникалык регламенттерге ылайык келишин текшерүү үчүн, ошондой эле эксперттик корутундуларды аткаруу жана өз компетенциясынын алкагында консультацияларды берүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартат;
23) өндүрүштөрдүн, объекттердин жана аткарылуучу иштердин коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин, илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттардын адистерин тартат;
24) Ишкананын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүгүү болжолдорун жана ченемдик-укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
25) белгиленген тартипте капиталдык курулуш, реконструкциялоо жана кайра профилдөө объекттерине барат;
26) курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндө лицензиянын жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатуу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуларды берет;
27) Ишкананын компетенциясына тиешелүү маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна чыгарат;
28. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын же келишимдик милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн лицензиялардын жана сертификаттардын колдонулушун убактылуу токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштар менен башкаруу органынын лицензиялоо жана сертификациялоо органдарына материалдарды жөнөтөт;
29) Ишкананын иши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзөт;
30) курулуш боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын талаптарына ылайык оңдоо-курулуш өндүрүшүн камсыз кылат;
31) мамлекеттик башкаруу органынын көрсөтмөсү боюнча тейленүүчү иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелери боюнча башка функцияларды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Лицензияланууга (уруксат берүүгө) тийиш болгон иштин түрлөрү башкаруу органы тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде ишке ашырылат.
18. Ишкана иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша, көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча Ишкананын кызыкчылыктарын эске алуу менен же кардар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз алдынча белгиленген баалар жана тарифтер боюнча ар түрдүү кызматтарды көрсөтөт.
19. Мамлекеттик муктаждыктар үчүн иштер жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча түздөн-түз каржылоо учурларында баалар жана тарифтер мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана монополияга каршы орган менен макулдашылууга тийиш.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
20. Ишкана коюлган милдеттерди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) комитеттерден, министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Ишкананын компетенциясына тиешелүү милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын жана гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
3) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
4) экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө дем берүү максатында чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле инвесторлорго инвестициялык долбоорлорду толук ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
5) белгиленген тартипте башка юридикалык жана жеке жактар менен накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
6) финансы-кредиттик мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
7) бекитилген чыгымдар жана кирешелер сметасына ылайык Ишкананын кызматкерлерине, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана аймактык түзүмдөрүнө, анын ичинде филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө сыйлыктарды төлөөгө жана дем берүүчү төлөмдөрдү берүүгө;
8) кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга, материалдык-техникалык базаны жаңылоого, ошондой эле Ишкананын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык түзүмдөрүнүн, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктары үчүн адистештирилген жабдууларды сатып алууга;
9) туруктуу иштөөнү камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны модернизациялоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Ишкананын алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын банк мекемелери, ошондой эле чет өлкөлүк кредиттик уюмдар менен кредиттик макулдашууларды түзүүгө, бул макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди кийин өз алдынча аткаруу менен;
10) Ишкананын компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду түзүүгө;
11) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгек макулдашууларынын же келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
12) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк адистерди тартууга;
13) өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз берүүчү же жабырлануучу тарап катары чыгууга;
14) Ишканага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында чет өлкөдө иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле чет өлкөдө көрсөтүлгөн иш-чараларга катышууга;
15) Ишкананын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык түзүмдөрүнүн, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү семинарларды, конференцияларды жана форумдарды, анын ичинде илимий жана практикалык, Ишкананын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча уюштурууга, катышууга жана көрсөтүүгө, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
16) өзүнүн компетенциясынын алкагында шаар куруу, архитектура, курулуш, курулуш процессин мониторингдөө чөйрөсүндө, ошондой эле курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүүдө инновациялык технологияларды өздөштүрүү, эксплуатациялоо жана жайылтуу менен байланышкан долбоорлорго катышууга;
17) өзүнүн компетенциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана акы төлөнүүчү жумуштарды аткарууга;
18) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан программалар боюнча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
19) Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү менен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу маселелери боюнча түздөн-түз, башкача айтканда, атаандаштык жол-жоболорун өткөрүүнү талап кылбаган шарттарда жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө.
21. Башкы подрядчы катары жумуштарды аткарууда Ишкана Министрлик тарабынан белгиленген шарттарга жана тартипке ылайык субподряддык уюмдарды аныктайт.
22. Башкы подрядчы катары жумуштарды аткарууда Ишкана заказчы тарабынан аныкталган уюмдар менен субподряд келишимин түзүүгө укуктуу.
23. Бирдиктүү заказчы катары жумуштарды аткарууда Ишкана Министрлик тарабынан белгиленген шарттарга жана тартипке ылайык башкы подрядчыны аныктайт.
24. Ишкана үчүн башкы подрядчыны жана субподряддык уюмдарды аныктоо үчүн Министрлик тарабынан белгиленген шарттар жана тартип мамлекеттик сатып алууларга кирбейт.
25. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткарууга;
2) Ишкананын комплекстүү, келечектүү жана учурдагы өнүгүү пландарын иштеп чыгууга;
3) курулуштун натыйжалуулугун жогорулатуу, капиталдык салымдарды, негизги фонддорду, эмгек, материалдык жана финансылык ресурстарды пайдалануу маселелерин чечүүнү камсыз кылууга;
4) өзүнүн курулуш комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, подряддык иштердин сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга;
5) өзүнүн курулуш объекттери боюнча долбоорлорду иштеп чыгууну уюштурууга, аларды экспертизага жана белгиленген тартипте бекитүүгө берүүгө;
6) жолдорду жана жасалма курулмаларды курууда илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы технологияларды ишке ашырууну жана жайылтууну камсыз кылууга;
7) кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
8) Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылуучу иштерди Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каржылоону камсыз кылууга;
9) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
10) кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирбестен эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү жагымдуу эмгек шарттарын, тиричилик жана башка шарттарды түзүүгө;
11) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик, статистикалык жана ыкчам эсепти жүргүзүүгө жана алардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга;
13) чарбалык жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
14) республика боюнча курулуш объекттерин куруу жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну уюштурууга;
15) курулуш жана капиталдык оңдоо боюнча ченемдик-техникалык документтердин жана стандарттардын сакталышын камсыз кылууга;
16) аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын, алардын долбоорлоо-сметалык документтерине, бекитилген курулуш ченемдерине жана стандарттарына, техникалык коопсуздук ченемдерине жана объекттердеги эмгекти сарамжалдуу уюштуруунун талаптарына ылайык келишин текшерүүгө;
17) кошумча жана күтүлбөгөн иштерди жана чыгымдарды компенсациялоону сунуштарды киргизүү менен кароого;
18) колдонулуучу курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын сапатын күбөлөндүрүүчү документтердин (сапат паспортторунун, сертификаттарынын, лабораториялык сыноолордун натыйжаларынын ж.б.) бар экендигин текшерүүгө;
19) техникалык документтердин баштапкы аткаруунун бар экендигин жана туура жүргүзүлүшүн текшерүүгө;
20) жоопкерчилик зоналарынын чегинде курулуш жана капиталдык оңдоо объекттеринде көйгөйлүү маселелерди аныктоо менен курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүнө жана өндүрүү мөөнөттөрүнө мониторинг жүргүзүүгө;
21) социалдык-маданий багыттагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо объекттерин жана башка социалдык объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо маселелери боюнча Ишкананын иш чөйрөсүндө ишканалардын жана уюмдардын дооматтарын, даттанууларын, арыздарын, кайрылууларын, сунуштарын кароого;
22) социалдык-маданий багыттагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо объекттерин жана башка социалдык объекттерди куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо маселелери боюнча жарандардын жана уюмдардын кайрылууларына жоопторду даярдоого.
4-глава. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
26. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүгүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын финансы-чарбалык иши боюнча чечимдерди кабыл алуу;
7) Ишкананын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
8) Ишкананын директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарды бекитүү;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына кийин сунуштоо үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
10) Ишкананын коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (союздарынын) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу.
27. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелерине жана жалпысынан Ишкананын финансы-чарбалык ишине тиешелүү буйруктарды, тапшырмаларды берүүгө;
2) ушул Уставга ылайык Ишкананын ишин жүргүзүүдө тартуу үчүн долбоорлоо жана курулуш уюмдарынын тизмесин бекитүүгө;
3) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын жетекчилигинин буйруктарынын, тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Ишканадан суроого жана алууга;
4) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүгүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
5) өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
6) аткаруу органынын отчетторун угууга;
7) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
28. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) укук коргоо органдарына Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө ага белгилүү болгон учурда маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
5-глава. Ишкананын ишинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
29. Ишкананын ишинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетун бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын директоруна жана анын орун басарларына сый акы төлөөнүн тартибин бекитүү;
8) Мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштама киргизүү;
9) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын директору жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага бекитип берилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Уюштуруучунун жана аткаруу органынын компетенциясы
30. Ишкананын аткаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган Ишкананын директорунун кызмат ордуна коюлган тиешелүү квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Ишкананын жетекчиси - директору саналат.
31. Уюштуруучунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин предметин, максаттарын жана негизги багыттарын аныктоо;
2) бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча методикалык жетекчиликти ишке ашыруу, Ишкананын эсебинин жана финансылык отчеттуулугунун абалын координациялоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын контролдоо;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишине ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын иши боюнча отчетторду жана маалыматты алуу;
4) Ишкананы түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу;
5) Ишкана тарабынан өндүрүлүүчү, аткарылуучу, көрсөтүлүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин белгилөө жана аныктоо жана баалардын (тарифтердин) прейскурантын бекитүү;
6) Ишкананын финансылык пландарын жана алардын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетторун бекитүү;
7) уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга укуктуу.
32. Ишкананын директору төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишин баалоодо канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
2) ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
33. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүгүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) кызматкерлерди жумушка алуунун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
7) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
8) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
9) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыктарын коргоо;
11) директордун орун басарларынын, башкы инженердин, Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жана адистеринин ыйгарым укуктарын белгилөө;
12) Ишкананын кызматкерлерин жумушка алууну жана бошотууну ишке ашыруу;
13) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү;
14) Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу, алардын аткарылышын контролдоо;
15) мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескөө;
17) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
18) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү.
34. Директор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) ушул Уставдын жана Ишкананын стратегиялык өнүгүү планынын максаттарына жана милдеттерине ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга;
5) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун, ошондой эле аларды коргоонун тартибин аныктоого;
6) Ишкананын кызматкерлерин сыйлоонун тартибин аныктоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
35. Директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүгүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талан кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин бардык чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) укук коргоо органдарына Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жөнүндө ага белгилүү болгон фактыларды маалымдоого;
5) үчүнчү жактарга Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган маалыматты ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткарууга.
36. Директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
37. Директор жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо үчүн, ошондой эле коррупцияга каршы иш-чаралардын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орду каралган, алар мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директор менен директордун орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык ага жүктөлгөн бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишин жетектөөнү жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Директор жок учурда Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу директордун тиешелүү буйругунун негизинде директордун орун басарларынын бирине өткөрүп берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат орун ээленген учурга чейин анын милдеттери мамлекеттик башкаруучу органдын чечимине ылайык директордун орун басарларынын бири тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Ишкананын башкы бухгалтери директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз ага баш иет. Башкы бухгалтер эсептин тууралыгы жана Ишкананын финансылык каражаттарынын жана мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
43. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен мамилелери чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө келишимдердин негизинде түзүлөт.
44. Ишкананын төмөнкүдөй жайгашкан филиалдары бар, алардын иши үчүн ал толук жоопкерчилик тартат:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда;
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда;
- Кыргыз Республикасынын Талас облусунда;
- Кыргыз Республикасынын Ош облусунда;
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда;
- Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда.
45. Ишкананын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик катталууга тийиш.
46. Ишкананын филиалдары юридикалык жак болуп саналбайт жана Ишкана тарабынан бекитилген филиалдар жөнүндө жоболордун негизинде иштейт. Филиалдардын банктарда эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн номери жана аталышы көрсөтүлгөн штамптары жана мөөрү бар.
47. Филиалдардын жетекчилери мамлекеттик башкаруу органынын жетекчиси менен макулдашуу боюнча директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат жана аларга директор тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде иштейт.
48. Ишкананын филиалдарынын жетекчилери кызмат ордунан бошотулганда көрсөтүлгөн ишеним каттардын колдонулушу токтотулат.
7-глава. Ишкананын мүлкү, финансы-чарбалык иши, пландоо жана каржылоо
49. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Ишканага бекитип берилет.
50. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттарынан турат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
51. Ишкана ага бекитип берилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уюштуруучу тарабынан белгиленген чектерде ишке ашырат.
52. Ишкана финансы-чарбалык ишти стратегиялык өнүгүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык ишке ашырат.
53. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу ай сайын, квартал сайын жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
54. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык ишинин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет.
55. Ишкана өзүн-өзү каржылоо, толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү актоо принциптеринде иштейт, өзүнүн ишинин жүрүшүндө алынган кирешелерди өзүнүн ишин, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн каржылоого жумшайт, мында анын каражаттарынын булактары болуп республикалык жана жергиликтүү бюджет, гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, алынган кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
56. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жөнөтүү менен алыш-бериш эсебине которот.
8-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
57. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүнүп чыгуу же өзгөртүп түзүү формасында жүргүзүлөт.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүнүп чыгуу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
58. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
59. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп өзгөртүп түзүлөт, анын акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде болот (акционерлештирүү).
60. Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом анын бардык укуктары жана милдеттенмелери, анын ичинде эмгек мамилелери жаатындагы укуктук улантуучусу болуп саналат.
61. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
- мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
- соттун чечиминин негизинде.
62. Ишкананы жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын директору жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуучу Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
63. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.