Загрузка документа…
Манас шаардык кеңешинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 3 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 13-февралы №2
Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жайыттардын
тарифтери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.02.2025-жылдагы чыг.№01-18/511 сандуу каты, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 03.02.2025-жылдагы отурумунда каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев жана М.Конгантиев аймактык башкармалыктарында жайгашкан жайыттардын тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | О.Т.Турдубеков |
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин
13-февраль 2025-жылдагы кезектеги V сессиясынын
№2-токтомунун №1-тиркемеси
Жалал-Абад шаарындагы М.Конгантиев жана Т.Тайгараев аймактык башкармалыктарында жайгашкан жайыттардын тарифтери
№ | Жаныбарлардын түрлөрү | Шарттуу саны | Жайыт пайдалануу үчүн төлөм |
1. | Уй | 1 | 130 сом |
2. | Топоз | 1 | 130 сом |
3. | Кой, эчки | 1 | 30 сом |
4. | Жылкы | 1 | 130 сом |
5. | Бал челек | 1 | 50 (ар бир ящик) сом |
Жооптуу катчы О.Эшенкулов