Загрузка документа…
|
| 8-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерди экспертизалоо жаатында иш жүргүзөт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды тескөөгө укуктуу.
4. Департамент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
6. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти";
- расмий тилде: "Департамент государственной экспертизы при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
2-глава. Департаменттин максаты
7. Департаменттин ишинин максаты болуп көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен кыймылсыз мүлк объекттерин курууга, реконструкциялоого, профилин өзгөртүүгө жана кайра пландоого долбоордук жана долбоордук-сметалык документтердин сапатын жана ченемдик талаптарга шайкештигин камсыз кылуу, ошондой эле сметалык документтердин колдонуудагы сметалык-ченемдик базага колдонулган баалардын жана коэффициенттердин ылайык келишин текшерүү саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен курулуш объекттерин долбоорлоо жаатындагы техникалык саясатты ишке ашыруу, долбоордук жана долбоордук-сметалык документтердин архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган долбоорлоо ченемдерине жана ченемдик-техникалык документтерге ылайыктуулугуна экспертиза жүргүзүү саналат.
4-глава. Департаменттин функциялары
9. Департамент жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) долбоордук жана долбоордук-сметалык документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган долбоорлоо ченемдерине ылайыктуулугун экспертизалоо;
2) курулуш конструкциялары жаатындагы илимий-техникалык жетишкендиктерди эсепке алуу жана кабыл алуу, инженердик тармактар жана коммуникациялар менен камсыз кылуу;
3) курулуш аянтынын жер титирөөгө туруктуулугун эске алуу менен сейсмикалык таасирге эсептелген имараттарды жана курулмаларды, курулуш конструкцияларын жана элементтерин долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган курулуш ченемдеринин сакталышын текшерүү;
4) бекемдигин, көтөрүмдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн, туруктуулугун жана узакка чыдамдуулугун эске алуу менен долбоордук чечимдерде ченемдик-техникалык жер титирөөгө туруктуулукту камсыз кылуу;
5) долбоордук иштер чөйрөсүндө лицензиянын жоопкерчилик деңгээлин жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду берүү;
6) Департаменттин компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизүү;
7) Департаменттин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштамаларды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды, өнүгүү божомолун талдоону, ошондой эле ченемдик укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
8) долбоордук жана долбоордук-сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартуу;
9) заманбап технологияларды жана долбоорлоо методдорун өздөштүрүүгө көмөктөшүү;
10) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды чечүү үчүн өз компетенциясынын чегинде чараларды көрүү, баяндалган фактыларды текшерүү, арыз ээлерине кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле сунуштарды иштеп чыгуу жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү;
11) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында анын атынан чыгуу;
12) тажрыйба алмашуу жана алдынкы тажрыйбаларды киргизүү үчүн архитектуралык жана курулуштук жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкка катышуу;
13) филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялоо, аларга берилген отчетторду кабыл алуу, жалпылоо жана талдоо, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле ишти жакшыртуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн лицензиялардын жана сертификаттардын колдонулушун убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштар менен материалдарды лицензиялоо жана сертификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.
5-глава. Департаменттин укуктары
10. Департамент жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинен, министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын жана гранттарды тартууга;
3) компетенттүү органдарга, анын ичинде комитеттерге, министрликтерге, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүнүн катышуучулары тарабынан жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө материалдарды жана маалыматтарды жиберүүгө;
4) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
5) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле экономикалык өсүшкө жана өнүгүүгө дем берүү максатында инвестициялык долбоорлорду толук ишке ашырууда инвесторлорго көмөк көрсөтүүгө;
6) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Департаменттин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө инновациялык технологияларды, ыкмаларды жана чечимдерди изилдөөгө, иштеп чыгууга жана жайылтууга багытталган илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоого багыттоого;
7) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алууга, материалдык-техникалык базаны жаңыртууга, ошондой эле Департаменттин, филиалдын жана өкүлчүлүктөрдүн муктаждыктары үчүн атайын жабдууларды сатып алууга жумшоого;
8) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Департаменттин, филиалдын жана өкүлчүлүктүн балансында турган административдик имараттарды жана курулмаларды (офистерди), лабораторияларды, ошондой эле санаториялык-курорттук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана эксплуатациялоону каржылоого жумшоого;
9) Министрликтин макулдугу менен Департаменттин кызматкерлеринин кирешелеринин бир бөлүгүн турак жай шарттарын жакшыртууга жумшоого;
10) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Департаменттин компетенциясынын чегинде убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду түзүүгө;
11) акы төлөнүүчү негизде адистерди, анын ичинде юридикалык жана жеке жактардын өкүлдөрүн окутууну, квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн окуу борборлорун түзүүгө;
12) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгек келишимдеринин же келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
13) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Министрликтин макулдугу менен чет өлкөлүк адистерди тартууга;
14) Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз ээси же жабырлануучу тарап катары өзүнүн атынан чыгууга;
15) Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында чет өлкөлөрдө иш-чараларды өткөрүү үчүн Министрликтин макулдугу менен чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле чет өлкөлөрдө көрсөтүлгөн иш-чараларга катышууга;
16) Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларды, конференцияларды жана форумдарды уюштурууга, катышууга жана Департаменттин, анын аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан чыгууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
17) Министрликтин макулдугу менен Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларга, конференцияларга жана форумдарга катышууга жана Департаменттин, анын аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн кызыкчылыктарын коргоого;
18) Департаменттин компетенциясынын чегинде шаар куруу, архитектура жана курулуш чөйрөсүндө инновациялык технологияларды өздөштүрүүгө жана киргизүүгө байланышкан долбоорлорго катышууга;
19) өзүнүн компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
20) адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан программалар боюнча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
21) акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөнүүчү иштерди аткаруу маселелери боюнча Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы менен түздөн-түз, башкача айтканда атаандаштык жол-жоболорду өткөрүүнү талап кылбаган шарттарда жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
11. Департаментти Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Директордун орун басары болот, ал Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
13. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
14. Директор:
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына, анын ичинде аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишине жеке жоопкерчилик тартат;
2) Департаментти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгат, узак жана кыска мөөнөттүү иш пландарын бекитет;
3) Департаменттин ишине тиешелүү тармакты же секторду өнүктүрүүгө багытталган улуттук программаларды ишке ашырууга катышат;
4) Департаменттин ишине жаңы технологияларды жана иш методдорун киргизүүнү демилгелейт;
5) жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкер байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт, Департаменттин атынан сүйлөшүүлөргө катышат;
6) Министрлик менен штаттык расписаниени, түзүмдү, ошондой эле кирешелер жана чыгашалар сметасын, анын ичинде аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн көрсөткүчтөрүн бекитет;
7) Департаменттин финансы-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат, мүлктү жана финансылык каражаттарды башкарат, ошондой эле Министрлик тарабынан бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметасына ылайык кирешелерди тескейт;
8) Департаменттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат, аларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат;
9) Департаментти өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо булактарын тартууга катышат;
10) Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) орун басарынын, аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин функционалдык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
12) эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коёт, Департаменттин кызматкерлерине, ошондой эле аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
13) Департаменттин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, кайра даярдоону жана кесиптик жактан өнүктүрүүнү уюштурат;
14) эмгектик талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык чечет;
15) Департаменттин жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
16) Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну камсыз кылат;
17) Департаменттин, анын ичинде анын аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн алдына коюлган милдеттерди аткаруунун сапатына контролду уюштурат;
18) Департаменттин атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыгын коргойт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
19) Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышына контролду уюштурат, ошондой эле Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
20) аймактык башкармалыктарды, анын ичинде филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүдө алар жөнүндө жоболорду, штаттык расписаниени, түзүмдү, ошондой эле кирешелердин жана чыгашалардын сметасын Министрликке бекитүүгө берет;
21) аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Министрликке сунуш киргизет;
22) Министрликке аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине карата тартиптик чараларды жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
23) Министрликке отчетторду өз убагында даярдоону жана берүүнү камсыз кылат;
24) мыйзамдардын талаптарына ылайык документтерди сактоону жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;
25) жарандардын кайрылуулары жана мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтарга жетүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын карайт;
26) Департаментте эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана маалыматты коргоо боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылат.
27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Департаменттин мүлкү жана каржылоо булактары
15. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Департамент өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, ошол эле учурда каражаттардын булагы болуп өз ишинен түшкөн кирешелер, гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
17. Департамент ай сайын Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10%ынан ашпаган сумманы Министрликтин атайын эсебине которот.
18. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8-глава. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
19. Департаменттин иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулганда же жоюлганда токтотулат.
10. Департамент жоюлган учурда, анын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.