Загрузка документа…
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун уставы
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары - Институт), Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналып, жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө жаатында өз ишин жүзөгө ашырат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну ишке ашырат, киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тескөөгө укуктуу.
4. Институттун иши министрликтердин жана административдик ведомстволордун программаларына жана тематикалык пландарына ылайык, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдар, ишканалар жана жеке жактар менен түзүлгөн чарбалык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Институт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
6. Институттун юридикалык дареги: 720048, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 2.
7. Институттун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту";
- расмий тилде: "Государственный институт сейсмостойкого строительства и инженерного проектирования при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
2-глава. Институттун максаттары
8. Институттун ишинин максаттары жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүү, курулуш материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу, имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө, объекттердин жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу үчүн атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу, курулуш жаатындагы курулуш ченемдерин иштеп чыгуу, конструкциялардын жана буюмдардын сапатын контролдоо, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, курулуш объекттерин илимий-техникалык коштоо, кыртыштардын мүнөздөмөлөрүн (курамы, тоңуу тереңдиги, кыртыш сууларынын деңгээли) аныктоо, инженердик-геологиялык, геодезиялык жана гидрогеологиялык изилдөөлөрдү аткаруу, ошондой эле курулуш объекттеринин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн адистердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.
3-глава. Институттун милдеттери
9. Институттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жаңы курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгууну, курулуш конструкцияларынын жана буюмдарынын айрым түйүндөрүн, элементтерин, ошондой эле жалпысынан имараттарды, комплекстерди, инженердик тармактарды жана курулмаларды сыноону жана инженердик изилдөөнү кошкондо, жер титирөөгө туруктуу курулуштун келечектүү багыттары боюнча инженердик-техникалык, технологиялык, окуу жана эксперименталдык иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү техникалык стратегияны камсыз кылуу;
2) турак жай-жарандык, коомдук жана өнөр жай курулушу, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар, ошондой эле курулуш экологиясы жаатында айлана-чөйрөнү коргоо менен байланышкан тажрыйба-конструктордук жана эксперименталдык иштерди аткаруу;
3) кыртыштарда өтмөктөрдү салуу жана кыртыштарды тиешелүү инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү аткаруу, маалыматтарды иштеп чыгууну жана талдоону уюштуруу, ошондой эле шарттарды комплекстүү изилдөө;
4) адистерди окутууну жана даярдоону уюштуруу;
5) имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун камсыз кылуу.
4-глава. Институттун функциялары
10. Институт жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында теориялык жана эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын иштеп чыгуу;
2) курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын сыноолорду, анын ичинде сертификациялоо жана стандартташтыруу максаттары үчүн сыноолорду жүргүзүү;
3) жер титирөөгө туруктуулугун, физикалык эскирүү даражасын жана техникалык абалын аныктоо үчүн кандай болбосун багыттагы имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөө;
4) объекттерди натыйжалуу долбоорлоону, курууну жана эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн кыртыштын инженердик-геологиялык шарттарын комплекстүү изилдөө;
5) кыртыштарда иштелип чыкмаларды чыгаруу өтмөктөрүн салуу, кыртыштардын касиеттерин, анын ичинде деформациялык мүнөздөмөлөрүн, каршылыгын, фильтрация коэффициентин, борпоңдугун жана коррозиялык агрессивдүүлүгүн аныктоо үчүн талаа жана лабораториялык сыноолорду, ошондой эле кошумча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүү;
6) камералдык иштеп чыгуу, маалыматтарды талдоо, болжолдорду түзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу;
7) жер титирөөгө туруктуу курулуш объекттеринин, инженердик тармактардын жана курулмалардын эксперименталдык жана типтүү долбоорлорун иштеп чыгуу;
8) долбоордук курулуш документтерин, техникалык регламенттердин долбоорлорун, долбоорлоого атайын техникалык шарттарды, стандарттарды жана башка техникалык документтерди иштеп чыгуу;
9) жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатындагы ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
10) курулуштук долбоорлоо аркылуу жер титирөөгө туруктуу курулуш, курулуш конструкцияларын, материалдарын, буюмдарын өндүрүү, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар жаатындагы илимдин жана техниканын жетишкендиктерин өнөр жай-жарандык курулушка киргизүүнү камсыз кылуу;
11) жер титирөөгө туруктуу курулуштун жана энергиялык натыйжалуулуктун заманбап ченемдерине ылайык келген курулуш материалдарын жана буюмдарын сериялык өндүрүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүрүү жана киргизүү долбоорлоруна катышуу;
12) өнөр жай жана жарандык багыттагы объекттер, инженердик тармактар, системалар жана курулмалар үчүн, ошондой эле социалдык-соода инфраструктурасы, турак жай жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды кайра профилдөө, кайра пландоо жана реконструкциялоо үчүн долбоорлоо-конструктордук иштерди ишке ашыруу;
13) эксперименталдык долбоорлорду ишке ашыруу;
14) Институттун долбоордук документтери боюнча ишке ашырылуучу курулушту автордук көзөмөлдөө;
15) курулуш-монтаждоо иштерин, имараттарды жана курулмаларды инженердик изилдөөнү, курулуш конструкцияларын, материалдарын жана буюмдарын өндүрүүнү, ошондой эле курулуш объекттерин кайра профилдөөнү, кайра пландоону жана реконструкциялоону жүргүзүүнү пландаштыруучу лицензиялоо субъекттерине экспертиза жүргүзүү;
16) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн лицензиялардын жана сертификаттардын колдонулушун убактылуу токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштар менен материалдарды лицензиялоо жана сертификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү;
17) объекттерди долбоорлоону жана курууну илимий-техникалык коштоону аткаруу;
18) Институттун компетенциясына кирген маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна чыгаруу;
19) Институттун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди, анын ичинде учурдагы кырдаалды талдоону, өнүктүрүү болжолдорун, ошондой эле ченемдик укуктук базаны жана башкаруу процесстерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
20) текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин, ошондой эле илимий-изилдөө жана долбоордук-конструктордук институттардын адистерин тартуу;
21) текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн квалификациялуу адистерди, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартуу;
22) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды чечүү үчүн өз компетенциясынын чегинде чараларды көрүү, баяндалган фактыларды текшерүү, арыз ээлерин кароонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо, ошондой эле аныкталган бузууларды четтетүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана чараларды көрүү;
23) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишин координациялоо, алар тарабынан берилген отчетторду кабыл алуу, жалпылоо жана талдоо, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн алардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле алардын ишин жакшыртуу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
24) Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча мамлекеттик комитетте, министрликтерде, административдик ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Министрликтин атынан чыгуу;
25) тажрыйба алмашуу жана алдынкы практикаларды киргизүү үчүн курулуштук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкка катышуу;
26) ата мекендик жана чет өлкөлүк практиканын тажрыйбасын алмашуунун базасында долбоорлоо практикасын, теориялык сабактарды жана чыгармачыл талкууларды пайдалануу менен республиканын курулуш жана инженердик ЖОЖдорунда окуу-тарбиялоо процессинин заманбап моделдерин өркүндөтүү;
27) имараттарды жана курулмаларды изилдөө боюнча адистерди окутуу, өзгөчө жооптуу объекттерди долбоорлоодо жана курууда адистердин квалификациясын жогорулатуу;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.
5-глава. Институттун укуктары
11. Институт ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинен, министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана акысыз алууга;
2) Институтка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын финансылык жана материалдык каражаттарын жана гранттарды белгиленген тартипте тартууга;
3) Институтка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды белгиленген тартипте тартууга, ошондой эле экономикалык өсүшкө дем берүү жана өнүктүрүү максатында инвесторлорго инвестициялык долбоорлорду толук ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө;
5) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Институттун компетенциясына кирген чөйрөлөрдөгү инновациялык технологияларды, методдорду жана чечимдерди изилдөөгө, иштеп чыгууга жана киргизүүгө багытталган илимий-изилдөө долбоорлорун каржылоого жумшоого;
6) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк сатып алууга, материалдык-техникалык базасын жаңылоого, ошондой эле Институттун, филиалынын, өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктары үчүн адистештирилген жабдууларды сатып алууга жумшоого;
7) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Институттун, филиалынын, өкүлчүлүктөрүнүн балансында турган административдик имараттарды жана курулмаларды (кеңселерди), лабораторияларды, ошондой эле санаториялык-курорттук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жана эксплуатациялоону каржылоого жумшоого;
8) Министрликтин макулдугу менен кирешелердин бир бөлүгүн Институттун кызматкерлеринин турак жай шарттарын жакшыртууга жумшоого;
9) Институттун компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кредиттик жана гранттык макулдашууларга ылайык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү жана топторду түзүүгө;
10) Министрликтин макулдугу түзүмдүк бөлүмдөрдү, аймактык башкармалыктарды, анын ичинде филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында Институттун окуу дисциплиналарынын профилине ылайык келген кафедраларды уюштурууга;
12) адистерди, анын ичинен юридикалык жана жеке жактардын өкүлдөрүн окутууну, квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн окуу борборлорун түзүүгө;
13) Институтка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн эмгек макулдашууларынын же келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
14) Институтка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк адистерди тартууга;
15) өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде бейтарап соттордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз ээси же жабырлануучу тарап катары чыгууга;
16) Министрликтин макулдугу менен Институтка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында чет өлкөдө иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө, ошондой эле чет өлкөдө аталган иш-чараларга катышууга;
17) Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү семинарларды, конференцияларды жана форумдарды, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларды, конференцияларды жана форумдарды уюштурууга, катышууга жана Институттун, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан чыгууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
18) Министрликтин макулдугу менен Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөдө өткөрүлүүчү семинарларга, конференцияларга жана форумдарга, анын ичинде илимий жана практикалык семинарларга, конференцияларга жана форумдарга катышууга жана Институттун, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн атынан чыгууга, ошондой эле Министрликтин тапшырмасы боюнча анын кызыкчылыктарын коргоого;
19) Институттун компетенциясынын алкагында курулуш чөйрөсүндөгү инновациялык технологияларды өздөштүрүү, эксплуатациялоо жана киргизүү, курулуш процессине мониторинг жүргүзүү, ошондой эле курулуш материалдарын жана буюмдарын өндүрүү менен байланышкан долбоорлорго катышууга;
20) өзүнүн компетенциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
21) эмгек рыногунун керектөөлөрүн канааттандыруу жана адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан программалар боюнча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө;
22) Министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык башкармалыктары, филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы менен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жана акы төлөнүүчү иштерди аткаруу маселелери боюнча түздөн-түз, башкача айтканда атаандаштык жол-жоболорун жүргүзүүнү талап кылбаган шарттарда жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө.
6-глава. Институттун ишин уюштуруу
12. Институтту Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
13. Директордун орун басары болот, ал Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
15. Директор:
1) Институттун ишине жалпы жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, анын ичинде түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Институттун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгат, ишинин узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү пландарын бекитет;
3) Институттун ишине тиешелүү тармакты же секторду өнүктүрүүгө багытталган улуттук программаларды ишке ашырууга катышат;
4) Институттун ишине жаңы технологияларды жана иштөө методдорун киргизүүнү демилгелейт;
5) жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт, Институттун атынан сүйлөшүүлөргө катышат;
6) Курулуш министрлигине аймактык башкармалыктарды, ошондой эле филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү кошкондо штаттык расписаниени, түзүмдү, кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитүүгө киргизет;
7) Институттун финансылык-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат, мүлктү жана финансылык каражаттарды башкарууну ишке ашырат, ошондой эле Министрлик тарабынан бекитилген кирешелердин жана чыгашалардын сметасына ылайык кирешелерди тескейт;
8) Институттун чыгашаларын оптималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгат, аларды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат;
9) Институтту өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо булактарын тартууга катышат;
10) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) орун басарлардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин функциялык милдеттерин жана жоопкерчилик даражасын аныктайт;
12) эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет, эмгек келишимдерин түзөт жана кол коёт, Институттун кызматкерлерине, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине карата белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
13) Институттун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, кайра даярдоону жана кесиптик өнүктүрүүнү уюштурат;
14) эмгек мыйзамдарына ылайык эмгектик талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечет;
15) кызматкерлердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
16) Министрликтин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну камсыз кылат;
17) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн алдына коюлган милдеттердин аткарылышынын сапатын контролдоону уюштурат;
18) Институттун атынан ишеним катсыз иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын кызыкчылыктарын коргойт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
19) Институттун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат, ошондой эле Институтка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
20) аймактык башкармалыктар, анын ичинде филиалдар жана өкүлчүлүктөр түзүлгөн учурда, алар жөнүндө жоболорду, штаттык расписаниесин, түзүмүн, ошондой эле кирешелердин жана чыгашалардын сметасын Министрликке бекитүүгө берет;
21) Министрликке аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
22) Министрликке аймактык башкармалыктардын, анын ичинде филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине карата тартиптик чараларды жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
23) отчетторду өз убагында даярдоону жана Министрликке жана башка мамлекеттик органдарга берүүнү камсыз кылат;
24) мыйзамдардын талаптарына ылайык документтерди сактоону жана иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;
25) жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын жана кайрылууларын Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылуулары жана мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматка жетүүнү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карайт;
26) Институтта эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы жана маалыматты коргоо боюнча чаралардын аткарылышын камсыз кылат.
27) коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууга жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Институтта илимий иштеп чыгууларды, изилдөөлөрдүн натыйжаларын, техникалык корутундуларды, курулуш объекттерин инженердик изилдөөнүн натыйжаларын, долбоорлоого иштелип чыккан атайын техникалык шарттарды, долбоордук документтерди, инженердик жана экономикалык маселелерди кароо жана талкуулоо үчүн, ошондой эле жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо жаатындагы диссертациялык иштерди рецензиялоо үчүн институттун жана башка уюмдардын жогору квалификациялуу адистеринен турган коллегиалдык орган катары техникалык кеңеш түзүлөт. Техникалык кеңешти Институттун директору жетектейт, анын курамы жана саны директор тарабынан бекитилет. Техникалык кеңештин чечимдери процесстин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү.
7-глава. Институттун мүлкү жана каржылоо булактары
17. Институттун мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Институттун балансында чагылдырылган материалдык баалуулуктар түзөт.
18. Институт өзүнүн ишин өзүн-өзү каржылоо принцибинде ишке ашырат, ишинин жүрүшүндө алынган кирешелерди өзүнүн ишин каржылоого жумшайт, мында анын каражаттарынын булактары болуп республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, гранттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү, өзүнүн ишинен түшкөн кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
19. Институт жана анын аймактык башкармалыктары, анын ичинде филиалдары жана өкүлчүлүктөрү ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленүүчү жана бекитилүүчү, өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешесинин 10%ынан ашпаган сумманы которот.
20. Институттун негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылуучу мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8-глава. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
21. Институттун иши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулганда же жоюлганда токтотулат.
22. Институттун иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.