Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАК АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-сентябрындагы № 92
Жергиликтүү Курултайды чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып, айыл аймагында Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, сессия токтом кылат :
1. 2022-жылдын 5-ноябрында биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жергиликтүү Курултай чакырылсын.
2. Жергиликтүү курултайга айыл аймагында кварталдык жыйындардан баардыгы 50 делегат шайлансын.
3. Делегаттарды шайлоо боюнча айыл аймагы .Абдылдаев Касым көчөсүнөн айылдын күн чыгыш тарабындагы чегине чейин 1-квартал жана аталган көчөдөн айылдын күн батыш тарабындагы чегине чейин 2-квартал болуп бөлүнсүн.
4. Кварталдар боюнча жыйындардын графиги жана делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин. Алар:
- 1-кварталда жыйын 19-октябрь күнү саат 11.00 Касым Балбан стадионунда өткөрүлсүн. Шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченеми 23 делегат;
- 2-кварталда жыйын 21-октябрь күнү саат 11.00 айылдык маданият үйүндө өткөрүлсүн. Шайлануучу делегаттардын өкүлчүлүктүү ченеми 27 делегат;
5. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү төмөндөгү депутаттарга милдеттендирилсин. Алар:
- Тайтаков Б.Т жана Джуматаева С.А. – 1-кварталдын жыйынын өткөрүүгө,
- Темиралиева М.Э жана Жаналиева Г. С–2 кварталдын жыйынын өткөрүүгө;
6. Жергиликтүү Курултайды өткөрүү жана уюштуруу боюнча төмөндөгү жумушчу топтун курамы бекитилсин. Алар:
- Кыдыров Алтынбек Сурапбаевич - Айылдык Кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
- Ибраимова Калыйпа Исмаиловна - жооптуу катчы, жумушчу топтун катчысы;
МҮЧӨЛӨРҮ:
- Тайтаков Бакберди Төрөкулович - Айылдык Кеңештин депутаты;
- Темиралиева Магира Эшенкуловна - Айылдык Кеңештин депутаты;
- Сатылганова Сабира Бекбергеновна -Демилгелүү топтун мүчөсү;
- Жаналиева Гүлнара Сагынбековна – Аялдар Кеңешинин төрайымы;
- Джуматаева Сейил Ашырбековна - Айылдык Кеңештин депутаты;
7. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар өткөрүлө турган күн, убакыт, өткөрүлүүчү жай тууралу айыл тургундарынын ватсаб группаларына , жарыя такталарына маалымат таратылсын.
8. Жыйындар өтүүчү жайды тиешелүү техникалык жабдуулар менен жабдуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө калтырылсын.
Төрага | А.С.Кыдыров |