Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-апрели № 238
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын инвентаризациялоонун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготту деп таанылган чечимдеринин ТИЗМЕГИ
1. Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 18-мартындагы № 82 "Республикада арча токойлорун сактоо жана калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-февралындагы № 104 "Чүй облусунун Токмок шаарынын мамлекеттик жалпы билим берүүчү уюмдарын каржылоонун жаңы ыкмаларына өткөрүү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 228 "Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик системасынын пилоттук долбоорун киргизүү жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 "Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-августундагы № 426 "Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө" токтому.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 191 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтому.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-февралындагы № 113 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана тейлөөлөрдүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча "Мамлекет платформа катары" пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-тиркемесинин 20-пункту.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарба жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б буйругу.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-мартындагы № 83-б буйругу.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 209-б буйругу.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 355-б буйругу.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 421-б буйругу.