Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-апрели № 185
Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө
Медициналык-социалдык экспертиза жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар жөнүндө типтүү жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 “Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 570 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 372 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомунун 9-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 282 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 “Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 “Социалдык өнүктүрүү жана гуманитардык жардам чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 318 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 27 (3683) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |