Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 31-январы № 68

Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

Медициналык-социалдык экспертиза жагындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

2. 1991-жылдын 1-декабрына чейин СССРдин курамына кирген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарында тийиштүү тартипте мөөнөтсүз берилген медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын маалымкаттары жана күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын аймагында легализациясыз кабыл алына тургандыгы белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 31-декабрындагы № 915 "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 3-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы №409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы №508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 9-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы №388 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов