Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 17-апрели № 416
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын каттоо, берүү кызмат көрсөтүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 пунктунун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген, медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүмдөрдү төлөөчү адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана берүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 4-главасынын 48-пункту);
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Дары-дармек каражатына же медициналык буюмга каттоо күбөлүгүнүн дубликатын берүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 4-главасынын 49-пункту);
3) бул буйруктун 3-тиркемесине ылайык Дары-дармек каражатынын сапаты жөнүндө корутунду/ медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 4-главасынын 50-пункту);
4) бул буйруктун 4-тиркемесине ылайык Дары-дармек каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн берүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 4-главасынын 51-пункту);
5) бул буйруктун 5-тиркемесине ылайык Дары-дармек каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун дубликатын берүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 4-главасынын 52-пункту).
2. МЖУжанаДСБнын начальниги (Ибраева Н.С.):
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, жана маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Э.М. Чечейбаев |
|
| КР ССМнин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 416 буйругуна 1-тиркеме
|
4-глава. Маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын каттоо, берүү кызмат көрсөтүүлөрү | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тариздөө жана берүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 48-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруучу орган болуп саналат (мындан ары - медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык башкармалыктары (мындан ары - медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыктары). Аймактык органдардын тизмеси кызмат көрсөтүү стандарттары менен кошо медициналык камсыздандыруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга төмөнкүлөр укуктуу: - 18 жашка толгон, милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча өз алдынча төгүм төлөгөн жеке адамдар; - жарандардын белгилүү бир категориясы үчүн төгүмдөрдү которгон юридикалык жактар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | - Кыргыз Республикасынын Конституциясы; - "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору: 2023-жылдын 20-сентября № 491 «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө»; 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 597 «Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө». |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси - бул милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында ишке ашырылуучу мамлекеттик программалар боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун жана адамдын милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөрдү бир жолку төлөгөндүгүн ырастоочу, камсыздандырылуу статусун берүүчү документ. ММК полиси чектелген мөөнөткө жана акы төлөө негизинде берилет: Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - 12 календардык ай; Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - 6 же 12 календардык ай . |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | ММК полисин алуу үчүн арыз ээси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктары же Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) кайрылуусу зарыл же төлөм системалары аркылуу төлөө «Мбанк», «Pay 24», «Айыл банк» и «Квикпэй». Арыз ээлерине кызмат көрсөтүү атайын бөлүнгөн жайда жүргүзүлөт. Келүүчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлөт: кийим чечүүчү жай, күтүү үчүн орундар, телефон, жылуулук, суу түтүктөрү, ажаткана (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - короодогу ажаткана). Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн имаратта атайын жабдуулар каралган (пандустар, туткалар). Кызмат көрсөтүү кезек күтүү принциби боюнча жүргүзүлөт. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирипген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар кезексиз тейленет. Кызматтарды көрсөтүүдө келүүчүлөргө ыңгайлуу болуш үчүн медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктары жана саламаттык сактоо уюмдарында ММК полисин сатып алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү көрсөтүлгөн такта болушу керек |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга, арызды тариздөөгө, полистин наркын төлөөгө кеткен убакыттын чеги - 15-20 мүнөт. Адистердин телефон аркылуу консультация берүүсүнө жана жеке аңгемелешүүгө кеткен убакыт 10 мүнөттөн ашпоого тийиш. ММК полисин алуунун чектелген мөөнөтү арызды берген жана анын наркын төлөгөн күндөн тартып 5 күндөн ашпоого тийиш. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жаран төмөнкүлөрдөн ала алат: - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдан, медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгында төмөнкү дарек боюнча: 720040, Бишкек ш., Чүй проспекти, 122; - иш убактысы: дүйшөмбү-жума саат 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12-30дан 13-30га чейин; - ММК фондунун 113 ишеним телефону; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктар; - саламаттык сактоо уюмдарынан; - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан. Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктар тизмеси (кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында, такталарында жайгаштырылат). Жарандар үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүдөй түрдө берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланыш түзүүдө); - электрондук форматта (ММК полиси жана жол-жобосу, аны алууга акы төлөө жөнүндө маалымат, "суроолор-жооптор" медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында - www.foms.kg; - маалымат такталарында; - маалыматтык материалдарда (мамлекеттик жана расмий тилдердеги брошюралар, буклеттер). ММК полисин алуу үчүн арыздардын үлгүлөрү жана Жарандарды медициналык- санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуунун кошумча программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктарындагы жана саламаттык сактоо уюмдарындагы маалымат такталарында көрсөтүлгөн |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат тууралуу маалымат берүү бардык кайрылган адамдарга акысыз негизде кепилденет, маалымат өз убагында жаңыртылып турат. Көрсөтүлүүчү кызмат тууралуу маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу чагылдырылат; - жалпыга маалымдоо каражаттарында ("Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Будь здоров" газеталары, "АКИпресс" "Кабар", "24 KG", "Азаттык", "Баракелде" маалымат сайттарында, "Кыргыз радиосу" радиосунда, "КТР", "Замана TV", НБТ телеканалдарында); - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын сайтында (www.foms.kg www.facebook.com/fomsKG, www.instagram.com/foms_kg/, web.telegram.org/kg/); - мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат такталарында, брошюраларда, буклеттерде; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын жана анын аймактык башкармалыктар "ишеним телефондору" боюнча; - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын жана анын аймактык башкармалыктар коомдук кабылдамаларында; - калк, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушууларда; - Электрондук кызмат көргөзүүлөрдүн мамлекеттик порталында |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын бардык аймактык башкармалыктар жана саламаттык сактоо уюмдарында ММК полисин тариздөө жана берүү үчүн жооптуу адам болот. Кабинетте маалыматтык табличкалар болот. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоолору керек. Өзгөчө категориядагы керектөөчүлөргө (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, улгайгандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери) аңгемелешүү жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга таанылган эл аралык жеке маалыматты коргоо стандарттарын сактоого милдеттенет. Кызмат алууда жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбойт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн пайдаланууга мүмкүн эмес. Жеке маалыматтарды киргизүү боюнча маалымат базалары коргоонун тиешелүү даражасы менен камсыздалышы керек. Купуялуулук принцибинин сакталышы юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын талаптарын, улуттук коопсуздукту же коомдук кызыкчылыктарды аткаруу үчүн зарыл болгон даражада чектелиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | ММК полисин сатып алуу үчүн арыз ээси паспортун (ID-карта) физикалык түрдө же санариптик форматтагы “Түндүк” мобилдүү тиркемеси аркылуу көрсөтүшү зарыл, белгиленген үлгүдөгү арызды жазып, ММК полисинин наркын төлөшү керек. Арыз ээсинин өкүлү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты же арыз ээси менен туугандыгын ырастоочу документти көрсөтүүсү зарыл. Жарандар белгиленген үлгүдөгү арыздардын бланктарын ММК полисин берүүгө жооптуу болгон адистерден акысыз ала алышат. Берилген арыздар ММК полистерин берүү/өткөрүп берүү журналына датасын, ММК полисин алуучулардын аты-жөнүн жазуу жана колун коюу менен толтурулат. Юридикалык уюмдар ким экендигин ырастоочу документтери жок жарандардын категориясы үчүн ММК полистерин медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган менен түзүлгөн келишимдин жана аты жазылган тизменин негизинде сатып ала алат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүң актуалдуулугу; - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын тактыгы жана өз убагында болушу; - ММК полисин алган адамдардын жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарына ылайык келүү: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик шарттарынын болушу, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта), акысыз бланктардын болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары боюнча китепченин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу "суроо-талап - жооп" режиминде жүргүзүлөт. Кызматты алуу үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg порталына катталуусу зарыл. Алынган көчүрмөнү чыгаруу мүмкүндүгү бар. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: 1) portal.tunduk.kg сайтына кирүү; 2) 2017-жылдагы үлгүдөгү ID-картты же булут электрондук кол тамгасын пайдалануу менен жүргүзүлө турган каттоо болбогон учурда - каттоодон өтүү керек; 3) тиешелүү кызмат көрсөтүүнү табуу; 4) суроо-талапты түзүү үчүн "жөнөтүү" баскычын басуу зарыл; 5) киргизилген суроо-талап дароо иштелип чыгат, кызмат көрсөтүүчүнүн маалымат системасына жөнөтүлөт жана кабарлама түрүндө маалыматтык документ берилет". Онлайн интерактивдүүлүгүнүн баскычы - 5 (кызмат көрсөтүү толугу менен автоматташтырылган жана арыз ээсинен анын маалыматын ырастоочу кандайдыр бир документтерди берүү талап кылынбайт. Бул маалыматтар башка органдардын маалыматтык системасынан электрондук арыз берүүдө автоматтык түрдө генерацияланат). Мамлекеттик кызматты керектөөчүлөр 113 номери боюнча медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын шыр байланышына телефон чалуу аркылуу суроолор менен кайрылууда маалымат түрүндө жооп алышат |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн төмөнкүлөргө баш тартылышы мүмкүн: - 18 жашка чыга электерге; - арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу, аныкталбаган үлгүдөгү документтерди берүүдө (кемтиги бар, оңдолгон, өчүрүлгөн болсо); - ал адамда башка адамдын атынан иштөөгө расмий ыйгарым укугу болбосо (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, туугандыгын ырастоочу документтер); - ММК полиси үчүн акы төлөбөгөн учурда; - арыз ээси тарабынан стандартта көрсөтүлгөн документтердин толук тизмеси берилбесе |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда алуучу белгиленген тартипте медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда алуучу уюмдун жетекчисине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда кызмат алуучунун аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, кызмат алуучунун колу жана даттануу жазылган күнү камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууну жана дооматты кароо медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу орган жана анын аймактык башкармалыктар тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсинин жоопту алуу мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 жумуш күндөн ашпоосу керек. Адегенде жазуу жүзүндөгү даттануу кызмат алуучу тарабынан медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктар берилип, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө каралат. Медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органдын аймактык башкармалыктар тарабынан кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда, алуучу жогору турган инстанцияга - медициналык камсыздандыруу жаатындагы аткаруучу органга кайра даттанууга укуктуу. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. |
КР ССМнин 2025-жылдын
17-апрелиндеги № 416 буйругуна
2-тиркеме
4-глава. Маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын каттоо, берүү кызмат көрсөтүүлөрү | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары-дармек каражатына же медициналык буюмга каттоо күбөлүгүнүн дубликатын берүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 49-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзген жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр (чет өлкөлүк жана ата мекендик), ошондой эле дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды иштеп чыгуучу уюмдун тапшырмасы боюнча арыз ээлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө»; - “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө». Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору: - 2023-жылдын 7-мартындагы №136 «Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо, каттоону ырастоо жана каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; - 2024-жылдын 27 августундагы №513 «Медициналык буюмдарды каттоо, буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, маркалоо жана таңгактоо талаптары менен байланышкан айрым маселелер боюнча». Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимдери: - 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 78 «Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелери жөнүндө»; - 2016-жылдын 12-февралындагы № 46 «Медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелери жөнүндө». |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражатына каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасы же медициналык буюмга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасы |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Департамент кызмат көрсөтүүнү “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл бол гон шарттар түзүлгөн: гардероб, отуруу үчүн орундар, телефон, даараткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, майыптыгы бар тарап, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Дары каражаттары үчүн: 1) дары каражатына каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын алууга арыз берүү - 1 иш күн; 2) дары каражатына каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүү боюнча иштерди жүргүзүү - 6 календардык күн; 3) дары каражатына каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүүнүн жалпы узактыгы - 7 календардык күн. Медициналык буюмдар: 1) медициналык буюмга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын алууга арыз берүү - 1 иш күн; 2) медициналык буюмга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүү боюнча иштерди жүргүзүү, түшүндүрүү иштери жана акы төлөөгө эсепти коюу – 6 календардык күнү; 3) медициналык буюмга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүүнүн жалпы узактыгы - 7 календардык күнү. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - төмөнкү дарек боюнча Департаменттен: 720044, Бишкек ш., 3-Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; иштөо убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дон 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. - Департаменттин расмий сайтында https://www.dlsmi.kg Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - ооз эки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышууда). Арыздын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтар Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. Кааттоо күбөлүгүнүн жуп нускасынын даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук түрдө билдирүү каралган |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.dlsmi.kg расмий сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: Жеке кайрылуу, телефон аркылуу, анып номери Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында жайгашкан; - басма сөз аркылуу; - Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга таанылган эл аралык жеке маалыматты коргоо стандарттарын сактоого милдеттенет. Купуялуулук принцибинин сакталышы юридикалык талаптарды, мамлекеттик органдардын талаптарын, улуттук коопсуздукту же коомдук кызыкчылыктарды аткаруу үчүн зарыл болгон даражада чектелиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук форматта кызматты алууда, электрондук түрдө арыз толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүчү «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара таасир системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жана зарыл документтерди алууга укуктуу. Дары каражатына жана медициналык буюмдарга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүү жөнүндө өндүрүүчү заводдон же каттоо күбөлүгүн кармоочусунан арыз, ошондой эле дары каражатына жана медициналык буюмдардын каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасы үчүн акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү Департамент тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнү жеке кабыл алуу учурунда суроо-талабы боюнча, кат аркылуу суроо-талабы боюнча, телефон аркылуу берилет. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убагында болуусу; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы; - кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат, электрондук форматта электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана жыйынтыктын даярдыгы жөнүндө билдирүү стадиясында көрсөтүлөт. Бул кызмат көрсөтүү электрондук форматта Кыргыз Республикасынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык дары каражатын жана медициналык буюмду каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын алуу үчүн арыз берүү бөлүгүндө көрсөтүлөт: - каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасынын даярдыгы жөнүндө арыз ээсине электрондук формада билдирүү каралган. |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот: - арыздын же ишеним каттын өндүрүүчү заводдун өзүнөн же каттоо күбөлүгүнүн кармоочусунан (башка жактан) берилбегендиги; - арызда коюлган колдордун, мөөрдүн жоктугу; - акы төлөөдөн баш тартуу. |
17 | Даттануу тартиби | Дары каражатына жана медициналык буюмга каттоо күбөлүгүнүн жуп нускасын берүүдөн баш тартуу чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баш тартуу жөнүндө билдирмени алгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун аталышын; - дары каражатынын жана медициналык буюмдун аталышын; - өндүрүүчүнүн же каттоо күбөлүгүн кармоочунун атынан даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун; - даттануунун маңызын; - даттанууга тиркелүүчү документтердин тизмегин; - даттануу берилген күндү, айды жана жылды; - юридикалык жактын атынан даттанууну берген адамдын колун, юридикалык жактын мөөрүн. Даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Даттанууну кароонун натыйжасы боюнча арызды канааттандыруу же Кыргыз Республикасынын жана/же дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына ылайык негиздөө менен баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу кызматкерлердин аракетин (аракетсиздигин) жазуу жүзүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда даттанууга укуктуу. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. |
КР ССМнин 2025-жылдын
17-апрелиндеги № 416 буйругуна
3-тиркеме
4-глава. Маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын каттоо, берүү кызмат көрсөтүүлөрү | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутунду/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 50-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзген жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 "Дары каражаттарынын сапатын баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү" токтому: - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы №626 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому. |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутунду/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, отуруу үчүн орундар, телефон, даараткана, жуунуучу бөлмөлөр. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилүүсү мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, майыптыгы бар тарап, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери дары каражатынын сапаты жөнүндө баалоого/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө баалоого өтүнмөнү кагаз жана электрондук түрдө маалыматтык системаны колдонуу менен беришет. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Дары каражатынын сапатын/медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо боюнча иштин узактыгы төмөнкү убакытты түзөт: 1) өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу - 1 күн (өтүнмөлөрдү кабыл алуу электрондук түрдө онлайн режиминде жана кагаз түрүндө); 2) дары каражатынын сапатын/медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо боюнча иштерди жүргүзүү - 10 жумуш күн, сыноо үчүн жана арыз ээсинин суроо-талаптарына жооп берүүгө кетүүчү убакытты кошпогондо. Дары каражаттарына/медициналык буюмдарга сыноо жүргүзүү - 20 жумуш күн; 3) дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундуну/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундуну берүүнүн жалпы узактыгы - 10 жумуш күн. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - төмөнкү дарек боюнча Департаменттен: 720044, Бишкек ш., 3-Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71, 21-93-01; Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - ооз эки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышууда). |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.dlsmi.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында жайгашкан телефон аркылуу; - e-mail: os_dlo@bk.ru электрондук почтасы аркылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук форматта кызматты алууда, электрондук түрдө арыз толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат Кызмат көрсөтүүчү «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара таасир системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жана зарыл документтерди алууга укуктуу Дары каражатынын сапатын баалоо үчүн дары каражатынын сапатын баалоого өтүнмө берилет. Өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет: - фармацевттик ишке лицензиянын көчүрмөсү (маалымат базасына киргизүү менен лицензияны колдонуу мөөнөтүнө бир жолу берилет); - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алып келинген дары каражаттарынан тышкары, алып келинүүчү дары каражаттары үчүн товарларга бажы декларациясынын көчүрмөсү; - товарды коштоочу документтер (алып келинүүчү дары каражаттары үчүн); - жеткирүүгө контракт же келишим (алып келинүүчү дары каражаттары үчүн); - сапат боюнча ченемдик документ (алар Департаменттин маалымат базасында жок болсо); - дары каражатынын сапаты жөнүндө документ (сапат сертификаты/талдоо сертификаты/ аналитикалык паспорт/талдоонун протоколу/ сыноолордун протоколу). Эгерде дары каражатынын сапаты жөнүндө документ чет тилде түзүлсө, анда анын расмий түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилге котормосу да берилет; - сериянын жыйынды протоколу, ошондой эле сериянын сапат сертификаты, ал серияны базарга чыгаруу максатында өндүрүүчү өлкөнүн жөнгө салуучу органы тарабынан дары каражаттарынын сапатын контролдоого ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу лабораториясынан берилет (иммунобиологиялык препараттар үчүн) - дары каражатынын сапатын баалоо жол-жобосуна акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция. Медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо үчүн медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо жүргүзүүгө өтүнмө берилет. Өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет: - фармацевттик ишке лицензиянын көчүрмөсү (маалымат базасына киргизүү менен лицензияны колдонуу мөөнөтүнө бир жолу берилет); - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алып келинген медициналык буюмдардан тышкары, медициналык буюмдарды алып келүүдө товарларга бажы декларациясынын көчүрмөсү; - товарды коштоочу документтер (алып келинүүчү медициналык буюмдар үчүн); - жеткирүүгө контракт же келишим (алып кирүүчү медициналык буюмдар үчүн); - сапат жана коопсуздук боюнча ченемдик документ (алар Департаменттин маалымат базасында жок болсо); - медициналык буюмдун өндүрүүчүсү берген медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө документ (сапат сертификаты/талдоо сертификаты/ аналитикалык паспорт/талдоонун протоколу/ сыноолордун протоколу). Эгерде медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө документ чет тилде түзүлсө, анда анын расмий түрдө күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилге котормосу да берилет; - медициналык буюмдарды өндүрүүчүнүн сапаттык менеджмент системасына сертификаттардын көчүрмөлөрү (ИСО 13485) (сертификаттын жарактуулук мөөнөтүнө бир жолу берилет); - өндүрүлгөн өлкөдө же башка өлкөлөрдө медициналык буюм катары жүгүртүлөөрүн тастыктаган документтин көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосу жок алып келүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмесине киргизилген медициналык буюмдар үчүн); - медициналык буюмдун сапатын жана коопсуздугун баалоо жол-жобосуна акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү Департамент тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу, чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алуу учурунда, жазуу жүзүндө суроо-талабы боюнча телефон аркылуу берилет. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик шарттардын болушу, арыз ээлери үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги; - маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу адамдарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - ыйгарым укуктарынан аша чаппоо, арыз ээлеринен кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүгө берилген убакыттарга ылайык өз убагында көрсөтүү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу, ишеним телефонунун иштеши. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат, электрондук форматта электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана жыйынтыктын даярдыгы жөнүндө билдирүү стадиясында көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта, онлайн режиминде Департаменттин дары каражаттары боюнча бирдиктүү маалымат системасында (мындан ары - Бирдиктүү маалымат системасы) өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана кароо, берилген документтерди экспертизалоо бөлүгүндө көрсөтүлөт. - Арыз ээси арыз боюнча маалыматты Бирдиктүү маалымат системасынан жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан көрө алат. |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтердин берилбеши; 2) көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөбөө. |
17 | Даттануу тартиби | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутунду/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баш тартуу жөнүндө билдирмени алгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - даттанылган административдик органдын аталышын; - юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; - даттануу предметин; - даттанууга тиркелген документтердин тизмегин; - даттануу берилген күн, ай жана жыл; - юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын колу жана юридикалык жактын мөөрү. Даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча арызды канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу Департаменттин кызматкерлеринин аракетин (аракетсиздигин) жазуу жүзүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттанууга укуктуу. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. |
КР ССМнин 2025-жылдын
17-апрелиндеги № 416 буйругуна
4-тиркеме
4-глава. Маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын каттоо, берүү кызмат көрсөтүүлөрү | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн берүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 51-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзген жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 "Дары каражаттарынын сапатын баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү" токтому: - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы №626 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому. |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун көчүрмөсү/ |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, отуруу үчүн орундар, телефон, даараткана. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилиши мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, майыптыгы бар тарап, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. Арыз ээлери өтүнмөнү электрондук форматта онлайн режиминде dlo_eo@mail.ru дарегине бере алышат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн берүү боюнча иштин узактыгы төмөнкү убакытты түзөт: 1) арызды жана документтерди кабыл алуу - 1 күн (арыздарды жүзүндө кабыл алуу); 2) дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн берүү - 1 күн; 3) дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн берүүнүн жалпы узактыгы - 1 күн. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - төмөнкү дарек боюнча Департаменттен: 720044, Бишкек ш., 3-Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71,21-93-01; Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышууда). Арыздардын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты ар бир кайрылган жакка берүү кепилденет. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.dlsmi.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, телефон аркылуу; анын номери Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында жайгашкан; - e-mail: os_dlo@bk.ru электрондук почтасы аркылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук форматта кызматты алууда, электрондук түрдө арыз толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүчү «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара таасир системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жана зарыл документтерди алууга укуктуу Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн алуу үчүн төмөнкүлөр берилет: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн эркин формада, корутундулардын көчүрмөлөрүнүн саны көрсөтүлгөн арыз; - дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун түп нускасы (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнө кайтарылып берилет; - корутундулардын көчүрмөлөрүнө төлөнгөндүгү тууралуу квитанция. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү Департамент тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу. чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алуу учурунда, жазуу жүзүндө суроо-талабы боюнча телефон аркылуу берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик шарттардын болушу, арыз ээлери үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги; - маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу адамдарды жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - ыйгарым укуктарынан аша чаппоо, арыз ээлеринен кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүгө берилген убакыттарга ылайык өз убагында көрсөтүү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу, ишеним телефонунун иштеши. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат, электрондук форматта электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арызды кабыл алуу, маалымат алмашуу жана жыйынтыктын даярдыгы жөнүндө билдирүү стадиясында көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн арыз электрондук форматта dlo_eo@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүлүшү мүмкүн |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) ушул стандарттын 12-пунктунда аталган документтерди бербөө; 2) көрсөтүлгөн кызмат үчүн акы төлөөдөн баш тартуу. |
17 | Даттануу тартиби | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутунду/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баш тартуу жөнүндө билдирмени алгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде даттанылышы мүмкүн. Даттануу төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: - даттанылган административдик органдын аталышын; - юридикалык жактын атынан административдик даттанууну берүүчү адамдын аты-жөнүн, анын кызматын жана юридикалык жактын турган ордун, юридикалык жактын толук аталышын; - даттануу предметин; - даттанууга тиркелген документтердин тизмегин; - даттануу берилген күн, ай жана жыл; - юридикалык жактын атынан даттануу берген адамдын колу жана юридикалык жактын мөөрү. Даттануу баш тартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугуна ылайык каралат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча арызды канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечимди өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары бузулган учурларда керектөөчүлөр түздөн-түз же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу Департаменттин кызматкерлеринин аракетин (аракетсиздигин) жазуу жүзүндө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттанууга укуктуу. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек. |
КР ССМнин 2025-жылдын
17-апрелиндеги № 416 буйругуна
5-тиркеме
4-глава. Маалымкаттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын каттоо, берүү кызмат көрсөтүүлөрү | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун жуп нускасын берүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасы, 52-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзген жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти (мындан ары - Департамент) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү жана сатуу боюнча иш жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө"; - "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 "Дары каражаттарынын сапатын баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү" токтому: - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы №626 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу" токтому. |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун жуп нускасы. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Департамент кызмат көрсөтүүнү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүргүзөт. Имараттарда керектөөчүлөргө күтүү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн: гардероб, отуруу үчүн орундар, телефон, даараткана. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрүнө телефон аркылуу адистер тарабынан алдын ала консультация берилиши мүмкүн. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери, майыптыгы бар тарап, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Керектөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун жуп нускасын берүү боюнча иштин узактыгы төмөнкү убакытты түзөт: 1) арызды жана документтерди кабыл алуу - 1 күн (арыздарды кагаз түрүндө кабыл алуу); 2) дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун жуп нускасын берүү боюнча иштерди жүргүзүү - 1 күн, лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн зарыл болгон убакытты эске албаганда (зарыл учурда); 3) дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун жуп нускасын берүүнүн жалпы узактыгы - 2 күн. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - төмөнкү дарек боюнча Департаменттен: 720044, Бишкек ш., 3-Линия көч., 25, байланыш телефондору: 21-92-71,21-93-01; Иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума 8.30дан 17.30га чейин, түшкү тыныгуу: 12.00дөн 13.00кө чейин, эс алуу күндөрү - ишемби, жекшемби. Керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө төмөнкүдөй түрдө маалымат берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрдө (телефон аркылуу, адис менен жеке байланышууда). Арыздардын үлгүлөрү жана кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Департаменттин маалыматтык такталарында жайгашкан. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты ар бир кайрылган жакка берүү кепилденет. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Департаменттин www.dlsmi.kg маалымат сайтынан; - Департаменттин маалыматтык тактасынан; - жазуу жүзүндө билдирүү аркылуу (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки түрдө: жеке кайрылуу аркылуу, телефон аркылуу; анын номери Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында жайгашкан; - e-mail: os_dlo@bk.ru электрондук почтасы аркылуу; - электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу. Маалымат мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, коюлган маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө умтулуу, маектешкен адамын уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, жарандарга карата кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Электрондук форматта кызматты алууда, электрондук түрдө арыз толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат. Кызмат көрсөтүүчү «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара таасир системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жана зарыл документтерди алууга укуктуу Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун жуп нускасын алуу үчүн төмөнкүлөр берилет: - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнөн эркин формада, түп нусканын жоголуу/бузулуу себептери көрсөтүлгөн арыз; - жалпыга маалымдоо каражаттарына дары каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун жоголгондугу же бузулгандыгы тууралуу кулактандыруу жарыялоо жөнүндө маалымат; - корутундунун жуп нускасына акы төлөнгөндүгү тууралуу квитанция. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү Департамент тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган кызмат көрсөтүүнүн наркынын прейскурантына ылайык акы төлөмө негизинде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат Департаменттин www.dlsmi.kg сайтында, маалымат тактачасында жайгаштырылат, ошондой эле керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алуу учурунда, жазуу жүзүндө суроо-талабы боюнча телефон аркылуу берилет |