Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 388
Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 229, 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, калктын аялуу топторун натыйжалуу социалдык коргоону жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Саламаттык сактоо жаатында ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө";
- 1-пункттун экинчи абзацы, 2-4-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
6. "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 645 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы аркылуу саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызмат үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобонун 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"12. Пландуу стационардык жардам жалпы практика, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, жалпы дарыгердик практика борборлорунун дарыгерлери, ведомстволук медицина кызматынын адистери, аскердик-дарыгердик комиссиянын, стационарлардын консультациялык-диагноздук бөлүмдөрүнүн адистери берген ооруканага жаткыруу жолдомосу болгондо көрсөтүлөт.".
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча амбулатордук деңгээлде калкты жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 28 токтомунун 3-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы № 350 "Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 401 токтому.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев
|