Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-апрелиндеги № 11/2
Жерге-Тал айыл аймагына сырттан мал киргизбөө жана кошуна айылдарга малын бактырган мал ээлеринин жайыт акыларынын төлөнүшү жөнүндө
“КР Жайыттар жөнүндө” № 254, 28-декабрь 2011-жылдагы Мыйзамынын 1-3 беренелерине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Айылда жашап, менчик малдарды жайлоого чыгарууда, менчик малдарын кошуна айылдарга кошуп, (бактырган) мал ээлери жайыт акысын бактырган акысы үчүн кайсы айылга бактырса, ошол жердин жайыт акысы үчүн, ал эми туруктуу айылда жашагандыгы үчүн Жерге- Тал айыл аймагынын жайыт комитетине да төгүү сунушу жактырылсын.
2. Жайыт жерлеринин азыктуулугу жылдан- жылга начарлап, эс алдыруу үчүн кошумча жайыт жерлери болбогондугуна байланыштуу, “ КР Жайыттар жөнүндө” № 254, 28-декабрь 2011-жылдагы Мыйзамынын 1-3 беренелерине ылайык, сырттан мал киргизүүгө тыюу салынсын.
3. Айыл аймагына мыйзамсыз түрдө сырттан киргизилген малдар каттала турган болсо, чара көрүлөөрү белгиленсин.
Төрагасы | Т.Орунбаев |