Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-майындагы № 248 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 , 2026-жылдын 10-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын уставы (мындан ары – Устав) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат жана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Маммүлк) болуп саналат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасы;
2) расмий тилде: государственное предприятие “Кыргызская нефтяная компания” при Государственном агентстве по управлению государственным имуществом при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “КМК” МИ;
1) расмий тилде: ГП “КНК”.
7. Ишкананын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.
8. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
9. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары болот.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын ишинин предмети Кыргыз Республикасына мунай продукттарын жеткирүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
12. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2-глава. Ишкананын ишинин максаты жана милдеттери
13. Ишкананын ишинин максаты мунай продукттарын ташып келүү, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу жолу менен мамлекеттик бюджетти толтуруу, ошондой эле мунай продукттарына ички сурооталапты канааттандыруу үчүн пайда табуу болуп саналат.
14. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мунайды импорттоонун жана сатуунун көлөмүн көбөйтүү;
2) мунайга суроо-талапка мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо;
3) Ишканага чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;
4) мунай продукттарын ташып келүүнү, сактоону, кайра иштетүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруу;
5) мунай продукттарын жеткирүү боюнча эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу.
3-глава. Ишкананын функциялары
15. Ишкана төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) мунайды импорттоону жана сатууну көбөйтүү;
2) күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү;
3) Ишканага соода аянттарын, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү;
4) Ишканага чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;
5) мунай продукттарын импорттоо, сактоо, кайра иштетүү жана сатуу;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн иши үчүн өндүрүштүк жана башка жайларды куруу жана сатып алуу;
7) мунай продукттарын ташып келүүнүн, сактоонун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун графиктерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишкердик ишти.
4-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга, милдеттерге ээ болууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
2) материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды белгиленген тартипте сатып алууга;
3) продукцияны, товарларды, зарыл болгон материалдарды жана буюмдарды белгиленген тартипте сатып алууга;
4) Ишкананын максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
5) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
6) Ишкананын кызматкерлерин зарыл болгон учурда иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
7) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүзөгө ашырууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага берилген мүлктү Маммүлктүн макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
9) Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды белгиленген тартипте уюштурууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
12) Маммүлк менен макулдашуу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине катышууга (мүчө болууга);
13) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарга бааларды белгиленген тартипте бекитүүгө;
14) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарын тартууга;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишкердик иш менен алектенүүгө;
16) Ишкананын максатына жана белгиленген милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
17. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
4) ага берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга, натыйжалуу башкарууну жана пайдалануудан пайда табууну камсыз кылууга;
5) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
6) бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
7) белгиленген мөөнөттө Маммүлккө бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө квартал сайын жана жыл сайын отчет берип турууга.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
5-глава. Ишкананын ишин уюштуруу
19. Ишкананын ишин Ишкананын директору жетектейт.
20. Ишкананын директору Маммүлктүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын директорунун кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
21. Директор Ишкананын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт. Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
22. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын кварталдык (жылдык) финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттерде;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер.
23. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту Маммүлккө бекитүүгө киргизүү;
4) бекитилген жылдык финансы-чарбалык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
6) Маммүлктүн чечимдерин аткарууну уюштуруу;
7) Маммүлк менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
8) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
9) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
10) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин бекитүү;
11) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
12) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
24. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен Маммүлккө кайрылууга;
2) Ишкананын максатына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
25. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Маммүлктүн суроо-талабы боюнча Ишкананын финансычарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) Маммүлктүн кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кандай болбосун чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун ага белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө. Ишкананын директору ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
26. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
27. Ишкананын Директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында анын кызыкчылыктарынын атынан чыгат;
2) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;
3) Ишкананын, Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын көрөт;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
5) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
7) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
8) Ишкананын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду, иш режимин жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
9) Маммүлк менен макулдашуу боюнча эсепке алуу саясатын бекитет;
10) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерди/бүтүмдөрдү түзөт; 8
11) директордун орун басарларынын милдеттерин, Ишкананын башка кызматкерлеринин Ишкананын компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүкчарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарын аныктайт;
12) Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктайт;
13) финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
14) Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары жөнүндө жоболорду бекитет;
15) Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
16) эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбесе, Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
17) Маммүлккө ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Ишканада Ишкананын директорунун эки орун басарынын кызмат орду каралган.
Ишкананын директорунун орун басарлары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Маммүлктүн жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ишкананын директорунун орун басарлары Маммүлктүн жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директорунун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Ишкананын директору жок учурда Ишкананын ишине Ишкананын директорунун тиешелүү буйругу менен аныкталган директордун орун басары жетекчилик кылат.
Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Маммүлктүн тиешелүү буйругунун негизинде Ишкананын директорунун орун басарларына жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
31. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 76 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
6-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
33. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
34. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана Маммүлккө финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет.
35. Ишкана өзүнүн ишин жылдык иш планынын жана Ишкананын 3 жылга орто мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзөт.
36. Ишкананын жылдык иш пландарынын негизин Ишкананын берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
37. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
38. Ишкана финансылык-чарбалык ишти орто мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүзөгө ашырат. Орто мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Маммүлк тарабынан бекитилет.
39. Ишкананын орто мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын туюндурууну;
2) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
3) уюштуруу планын;
4) финансылык планын;
5) тобокелдиктерди талдоону.
40. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору Маммүлккө келерки жылга карата Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
41. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
42. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, маалыматты толук эмес бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
43. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
7-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы
44. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ушул Уставда аныкталган максатка жетүү жана милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген.
45. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ага Маммүлк тарабынан берилген мүлк;
2) мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалар, ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) банктардын жана башка кредиторлордун гранттары, кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
46. Финансы-чарбалык иштен жана башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан курулган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчикке келип түшөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
47. Ишкана экономикалык максатка ылайыктуулугун жана уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен мүлктү уставдык максаттарга жана ишинин предметине ылайык пайдаланат.
48. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө кийин республикалык бюджетке жиберүү менен Маммүлктүн алыш-бериш эсебине ал бекиткен өлчөмгө ылайык таза пайданын бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин которот.
49. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
8-глава. Корутунду жоболор
50. Ишкана өзүнүн ишинде Маммүлккө отчет берет.
51. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
52. Ишкана кайра уюштурулган жана жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.