Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 21-майы № 101
2024-жылдын 3-октябрында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2024-жылдын 3-октябрында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө италия тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 23-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |