МыйзамКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-майындагы № 101 «2024-жылдын 3-октябрында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция21.05.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 21-майы № 101

 

 

2024-жылдын 3-октябрында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2024-жылдын 3-октябрында Рим шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө италия тарапка кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 23-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган