Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ,
2025-жылдын 22-майы № 105
2024-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областынын аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду жана 2009-жылдын 1-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2024-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областынын аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
2024-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2009-жылдын 1-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган протоколдордун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө казак тарапка кабарласын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 16-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |