МыйзамКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-майы № 105 «2024-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областынын аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду жана 2009-жылдын 1-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция22.05.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ,

 

2025-жылдын 22-майы № 105

 

2024-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областынын аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду жана 2009-жылдын 1-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2024-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 4-июлундагы Кыргыз Республикасынын Ысыккөл областынын аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарбанын объектилерине Казакстан Республикасынын менчик укуктарын жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.

2-берене.

2024-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2009-жылдын 1-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган протоколдордун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө казак тарапка кабарласын.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 16-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган