РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 429-т (Айрым ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп таануу жөнүндө)

Редакцияот 29.05.2025
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси

 

2025-жылдын 29-майы № 429-т

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 620-т тескемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 640-т тескемеси.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Бишкек шаары, Абсамат Масалиев көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан жер участогун мамлекеттик менчикке кайтаруу боюнча тиешелүү ишти жүргүзсүн.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев