Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - Мамстандарт) Кыргыз Республикасынын Конституциясында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу жаатындагы башка ченемдик укуктук документтерде аныкталган принциптерге негизделет.
2. Ушул Мамстандарт 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү жана багуу боюнча бирдиктүү минималдуу талаптарды белгилөөчү негизги документ болуп саналат, ошондой эле мамлекеттик жана башка кызыкдар субъекттер тарабынан көрсөтүлүүчү жана жүзөгө ашырылуучу билим берүү, медициналык, юридикалык, укуктук, уюштуруучулук кызмат көрсөтүүлөргө жана иш-чараларга карата менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдары, жеке жактар (мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлер) тарабынан аткарууга милдеттүү болгон талаптардын жыйындысын билдирет.
3. Ушул Мамстандарт балдарды окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун артыкчылыктарын жана ыкмаларын, өзүн-өзү ишке ашырууга жана талдоого, социалдык жаратман өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү, өмүр бою окууга жана өнүгүүгө даяр инсанды калыптандырууну аныктаган фундаменталдык баалуулуктарга жана принциптерге таянат.
4. Ушул Мамстандартты кайра кароо жана жаңылоо балдарды даярдоонун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стратегиялык маанидеги документтеринде бекитилген артыкчылыктарга, балдардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн зарылдыгына жараша жүргүзүлөт.
Ушул Мамстандартта төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) тарбиялоо - балдарды өнүктүрүүгө жана өз алдынча өнүгүүсүнө, социалдык-маданий, улуттук руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган тарбиялоо-билим берүү процессинин катышуучуларынын (ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр, педагогдор, коомчулук) өз ара аракеттенүү процесси;
2) гендердик теңчилик - балдарды жынысына карабастан өнүктүрүү, окутуу, өзүн-өзү көрсөтүү жана ишмердүүлүктү тандоо үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн, стереотиптик ролдор жана күтүүлөр жокко чыгарылган, ошондой эле бардык балдарга сый-урмат жана адилеттүү мамиле камсыз кылынган тарбиялоо процессин уюштуруу, ал өз кезегинде толеранттуулукту, өзүнө болгон ишенимди жана ар түрдүүлүктү урматтоону калыптандырууга жөндөм түзөт;
3) жылдык план - педагогикалык ишти, ата-энелер жана коомчулук менен кызматташууну, административдик-чарбалык ишти, балдардын жана кызматкерлердин өмүрүн сактоо жана ден соолугун чыңдоо боюнча иштерди камтыган мектепке чейинки билим берүү уюмунун бир жылга түзүлүүчү иш планы;
4) сабаттуулук жана коммуникация - өнүктүрүү чөйрөсүнүн мазмуну мектепке чейинки курактагы балдардын сабаттуу, туура сүйлөөсүн, жакшы дикциясын, үндөрдүн, муундардын жана сөздөрдүн так айтылышын; курдаштары жана чоң кишилер менен баарлашууда сүйлөө көндүмдөрүн колдонууну шарттайт;
5) мектепке чейинки топ - балдардын жаш курагына жараша топтор (биринчи кенже, экинчи кенже, орто, улук) түзүлгөн жана баланы ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган тарбиялык-билим берүү ишмердүүлүгү уюштурулган мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын бирикмеси;
6) мектепке чейинки билим берүү уюму - баланы коомдогу жашоого жана жалпы билим берүүгө даярдоо максатында аларды тарбиялоону, окутууну жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруучу 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн уюм;
7) мектепке чейинки билим берүү программасы - балдардын курактык жана жеке өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттүү минималдуу мазмунун белгилеген документ;
8) календардык план - балдардын ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн жана аларга ылайык иштин формаларын, анын ичинде ар бир баланы багууну жана кароону камсыз кылуу боюнча педагогдун жана педагогдун жардамчысынын ишин пландоону караган балдар менен иштөө боюнча документ;
9) когнитивдик өнүгүү - ой жүгүртүүнү, эс тутумду, көңүлдү, элестетүүнү, кабылдоону өнүктүрүү;
10) окутуу методикасы - балдардын курактык өзгөчөлүктөрүн жана жеке муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү милдеттерин ишке ашырууга багытталган окутуунун методдорунун, ыкмаларынын, каражаттарынын жана формаларынын жыйындысы;
11) мектепке чейинки билим берүү уюмуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо - мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишине, мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашырууга, ушул Мамстандартка ылайык мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык процессин уюштурууга байкоо, баалоо жана талдоо жүргүзүү;
12) билим берүүнүн натыйжалары - мектепке чейинки билим берүү программаларын дидактикалык каражаттар, өнүктүрүү чөйрөсү, окутуунун методдору жана ыкмалары менен ишке ашыруунун алкагында максаттуу түрдө калыптанган балдардын күтүлгөн жана өлчөнгөн конкреттүү жетишкендиктери, билимдери, жөндөмдөрү жана көндүмдөрү;
13) педагогикалык процесс - билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүү максаттарына жетүүгө багытталган педагогдордун жана балдардын максаттуу, системалуу өз ара аракеттенүү процесси;
14) таанып-билүү жана когнитивдик өнүгүү - баланын андан ары билим алуусуна жана социалдык адаптациясына негиз түзүүчү жалпы өнүгүүнүн негизги элементтери;
15) коп маданияттуу мамиле - балдардын маданий, этностук таандыгын эске алуу менен бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен жарандык өзгөчөлүктү өнүктүрүүгө, көп түрдүүлүктү сактоого жана толеранттуулукту жогорулатууга багытталган билим берүү;
16) педагогдун жардамчысы - баланы багуу жана педагогикалык процессти уюштурууда педагогго жардам көрсөтүү тапшырылган жеке жак;
17) психологиялык-медициналык-педагогикалык коштоо - ар тараптуу натыйжалуу өнүгүүнү, социалдашууну, ден соолукту сактоону жана чыңдоону камсыз кылуу, өнүктүрүү, тарбиялоо жана окутуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарды комплекстүү коштоо;
18) эрте өнүктүрүү - баланын жашоосунун алгачкы күндөрүнөн 3 жашка чейин натыйжалуу физикалык, эмоционалдык жана интеллектуалдык өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплекси;
19) өз алдынча билим алуу - топто балдардын гармониялуу жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында тарбиялоо жана окутуу методикаларын, билимдерди үйрөнүү, тереңдетүү жана өркүндөтүү боюнча өз алдынча таанып-билүү иши;
20) социалдык-эмоционалдык өнүгүү - социалдык мүнөздөгү алгачкы түшүнүктөрдү өздөштүрүүгө жана балдарды социалдык мамилелер системасына киргизүүгө, курчап турган адамдар менен өз ара аракеттенүүнүн конструктивдүү ыкмаларын жана каражаттарын өздөштүрүүгө багытталган өнүгүү чөйрөсүнүн мазмуну;
21) адистештирилген (коррекциялык) мектепке чейинки билим берүү уюму - окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү процессин уюштуруу, балдардын өмүрүн, коопсуздугун жана ден соолугун коргоо, ошондой эле коомго интеграциялоо үчүн жооптуу болгон билим алуудагы өзгөчө муктаждыктары бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 2 жаштан 6 жашка чейинки балдарга арналган билим берүү уюму;
22) атайын билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү - билим алуудагы өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн, аларды окутуу процессине аралаштырууга/интеграциялоого жөндөм түзүүчү билим берүү чөйрөсүндөгү тар профилдеги адистердин (логопед, тифло-сурдопедагог, атайын педагог) кызмат көрсөтүүлөрү;
23) чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүү - эстетикалык маданиятты калыптандырууга, балдардын өз оюн билдирүүгө болгон муктаждыктарын канааттандырууга, фантазияны көрсөтүүгө, жеке кызыкчылыктарына ылайык ийгиликтүү чыгармачыл өз алдынча иш-аракеттерге түрткү берүүчү өнүгүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган өнүгүү чөйрөсүнүн мазмуну;
24) мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү - 1 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдарды ар тараптан, анын ичинде физикалык, социалдык, эмоционалдык, когнитивдик жана чыгармачылык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган иш, ал балдардын коомдо жашоо үчүн негизги көндүмдөрдү, анын ичинде өзүн-өзү тейлөө, баарлашуу көндүмдөрүн, өз алдынчалуулукту калыптандырууга жана алардын курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жалпы билим берүүгө даярдоого жардам берет;
25) багуу - тамактанууну уюштуруу, күн тартибин сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу, профилактикалык жана ден соолукту чыңдоо процедураларын жүргүзүү, балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгон мезгилинде алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар комплекси;
26) физикалык өнүктүрүү - балдардын физикалык, психикалык ден соолугун сактоого жана чыңдоого, сергек жашоо мүнөзүнүн маданиятынын негиздерин калыптандырууга жана дене тарбиясына кызыгууга багытталган өнүктүрүү чөйрөсүнүн мазмуну;
27) функциялык сабаттуулук - адамдын ишмердүүлүгүнүн, баарлашуусунун жана социалдык мамилелердин ар кандай чөйрөлөрүндө практикалык жана турмуштук милдеттердин кеңири диапазонун чечүү үчүн окуу процессинде алган билимдерин, жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн ар дайым колдоно билүү жөндөмдүүлүгү;
28) баалуулуктар - балдардын аң-сезимин, ойлорун, пикирлерин, табитин жана жалпы маданиятын калыптандырууда жана өнүктүрүүдө аныктоочу жана багыттоочу күчкө ээ болгон жана анын натыйжасында коомдун прогрессине оң таасирин тийгизген салттуу жана заманбап, руханий жана материалдык, улуттук жана глобалдык туруктуу турмуш-тирилиги.
2-глава. Мектепке чейинки билим берүүнүн максаттары, милдеттери жана күтүлүүчү натыйжалары
5. Ушул Мамстандарт максаттарга жетүү, милдеттерди аткаруу, күтүлгөн натыйжаларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн милдеттүү документ болуп саналат.
6. Мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттери:
1) зордук-зомбулуктун жана басмырлоонун ар кандай түрлөрүн жокко чыгаруу менен балдардын физикалык жана психикалык ден соолугун жаш курагын, жеке жөндөмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен колдоо;
2) көп тилдүү чөйрөдө таанып-билүү жана баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
3) гендердик чектөөлөрсүз таанып-билүү жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
4) социалдык адаптация үчүн шарттарды түзүү, билим алуудагы өзгөчө муктаждыктары, анын ичинде майыптыгы бар балдардын интеграциясын камсыз кылуу;
5) үй-бүлөлүк жана улуттук баалуулуктарды урматтоого, Кыргызстанды сүйүүгө тарбиялоо, символиканы, өлкөбүздүн маданий көп түрдүүлүгүн урматтоону калыптандыруу;
6) этностук сабырсыздык көрүнүштөрүнө жол бербестен, өлкөдө жашаган ар түрдүү элдердин тилдерине жана маданиятына этнотолеранттуулукту калыптандыруу;
7) заманбап экологиялык көйгөйлөрдү, климаттын өзгөрүү маселелерин, туруктуу өнүгүү үчүн жаратылышка аяр мамиле жасоону жана жоопкерчиликтүү керектөөнү эске алуу менен дүйнөнүн бүтүндүк түшүнүгүн калыптандыруу;
8) өз алдынчалуулукту, өзүн-өзү тейлөөнүн элементардык көндүмдөрүн калыптандыруу, эмгекти сүйүүгө, ар кандай ишке кылдат жана бирдей мамиле кылууга тарбиялоо;
9) баланын жалпы билим алууга физикалык, когнитивдик, эмоционалдык жана социалдык даярдыгын камсыз кылуу.
7. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана үй-бүлөнүн мектепке чейинки мезгилдин аякташына карата ушул Мамстандартты биргелешип ишке ашыруунун натыйжасында 6 жаштагы балдар негизги компетенцияларга (эмоционалдык-инсандык, таанып-билүүчүлүк-ишмердүүлүк, социалдык-коммуникативдик, маалыматтык-санариптик) ээ жана мектепте окууга даяр окуучулардын ролун өзүнө алууга жөндөмдүү. Мектепке чейинки билим берүүнүн негизги компетенттүүлүктөрү ушул Мамстандарттын 1-тиркемесине ылайык эрте жана мектепке чейинки курактагы балдардын ишинин негизги түрлөрү аркылуу өнүктүрүлөт.
8. Негизги компетенциялардын индикаторлору мектепке чейинки курактагы балдардын психологиялык-физиологиялык жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билим берүү программаларында 1-таблицага ылайык такталат:
1-таблица
Мектепке чейинки курактагы балдардын негизги компетенциялары
№ | Компетенттүүлүктүн курамдык бөлүктөрү | Негизги компетенттүүлүктүн индикаторлору | |
1. Эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк | |||
1.1 | Эмоционалдык жыргалчылык, эмоционалдык интеллект | Эмпатияны өнүктүрүү, эмоцияларды түшүнүү | Өзүнүн жана башка адамдардын сезимдерин жана эмоцияларын түшүнүү, башка адамдардын сезимдерине ортоктош болуу |
Эмоцияларды башкара билүү, стресске туруштук берүү жана психикалык жана физикалык жыргалчылыгына кам көрүү | Эмоцияларын башкара билүү | ||
Шайырдыкты, ишенимди, эмоционалдык туруктуулукту, стресске туруктуулукту көрсөтүү | |||
Жакшы иштерден кубаныч, канааттануу, ченемдер бузулганда капалануу | |||
Өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ, башкалардын кадыр-баркын сыйлоо | |||
Сулуулукка эмоционалдуу жооп берүү, чыгармачылык иште активдүү | |||
Кыймыл активдүүлүгүнө муктаждыкты жана кызыгууну көрсөтүү | |||
1.2 | Ден соолук маданияты | Сергек жашоо мүнөзүнө ыктоо, өзү жана курчап турган дүйнө менен гармонияга умтулуу | Маданий-гигиеналык, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө ээ |
Маданий-гигиеналык көндүмдөрдү калыптандыруу процессинде иш-аракеттердин алгоритмин кармануу жана эрежелерди билүү/түзүү | |||
Гендердик стереотиптерге байланбастан, жөнөкөй эмгек көндүмдөрүнө ээ | |||
Тиричиликте жана ар кандай иш-аракеттерде коопсуз жүрүм-турум эрежелерин билүү, сактоо | |||
Сергек жашоо мүнөзүнүн элементардык ченемдерин сактоо | |||
1.3 | Өзүн-өзү таанып-билүү, өзүн-өзү уюштуруу, өзүн-өзү жөнгө салуу | Өзүн-өзү жөнгө салуу көндүмдөрү, өзүнө болгон ишенимди жана жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүү жөндөмүн өнүктүрүү | Өзүн-өзү таанып-билүүнүн негиздерине ээ: өзүн-өзү аныктоо, өзүн-өзү көрсөтүү, өзүн-өзү өнүктүрүү, өзүн-өзү контролдоо, өзүн-өзү баалоо, өзүн-өзү талдоо |
Өзүн-өзү жөнгө салууга жөндөмдүү, өз күчүнө ишенүү, стресске туруштук берүүнүн элементардык көндүмдөрүн колдонуу | |||
Ыңгайлашууга, жаңы шарттарда өзгөрүүгө жөндөмдүү | |||
2. Таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн компетенттүүлүгү | |||
2.1 | Экологиялык сабаттуулук | Адамдын табигый чөйрө менен байланышын түшүнүү | Жаратылышта жүрүм-турум ченемдерин жана эрежелерин билүү жана сактоо |
Жаратылыш кубулуштарынын себеп-натыйжа байланыштарын белгилөө | |||
Келечекти жакшыртууда өзүнүн ролун түшүнүү | |||
2.2 | Функциялык сабаттуулук | Өз алдынча билим алууга жөндөмдүү жана жаңы билимди үзгүлтүксүз өздөштүрүүгө жана өнүктүрүүгө умтулуу | Курчап турган буюмдарга/объекттерге кызыгууну көрсөтүү жана алар менен активдүү аракеттенүү |
Тандоо жана иш-аракеттерди өз алдынча жүргүзүү, ойлогон ойлорун ишке ашыруу, процесске жана натыйжага кубануу | |||
Окууга ачыктык, жаңы идеяларды кабыл алууга даярдык | Курчап турган дүйнөнү билүүдө кызыгуусун көрсөтүү | ||
Гендердик стереотиптерге карабастан ар кандай иш-аракеттерде активдүүлүктү көрсөтүү, импровизациялоо жана эксперимент кылуу | |||
Гендердик чектөөсүз окууга өбөлгөлөр бар (элементардык математикалык түшүнүктөр, окууга кызыгуу, грамматикалык жактан туура сүйлөө речин колдонуу) | |||
Билимди актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү, оң натыйжаларга жетүү үчүн колдонуу | Көйгөйлөрдү чечүүдө ар түрдүү ыкмаларды колдонуу | ||
Социалдык тажрыйбага, анын ичинде жеке тажрыйбага таянуу менен ар кандай тармактардагы жана иш-аракеттердеги көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү | |||
2.3 | Критикалык жана креативдүү ой жүгүртүү | Маалыматтарды түзүмдөштүрүү, мыйзам ченемдүүлүктөрдү аныктоо жана объективдүү талдоонун негизинде чечим кабыл алуу көндүмдөрү | Салыштырууну, топторго бириктирүүнү, буюмдарды аныкталган белгилер жана мүнөздөмөлөрү боюнча классификациялоону, ашыкчасын бөлүүнү, бөлүктөрдөн бүтүн чогултууну билүү |
Өз ара байланышкан коомдук жана табигый кубулуштардагы себеп-натыйжа байланыштарды жана мамилелерди белгилөө | |||
Маалыматты критикалык талдоо, божомолдорго шек келтирүү жана негиздүү тыянак чыгаруу жөндөмү | Критикалык жана креативдүү ой жүгүртүүнүн элементардык көндүмдөрүнө ээ | ||
Долбоорлоо-изилдөө иштерине катышуу | |||
Оригиналдуу идеяларды жана креативдүү чечимдерди иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү, аларды ишке ашыруу | Изилдөөдө демилге көрсөтүү, эркек балдар менен кыздардын каалоолору же жөндөмдөрү жөнүндөгү стереотиптердин негизинде иш-аракеттердеги көйгөйлөрдү чектөөсүз өз алдынча чечүүгө умтулуу | ||
3. Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк | |||
3.1 | Кызматташтык | Командада иштөө көндүмдөрү, ролдорду бөлүштүрө билүү жана жалпы максаттарга жетүү | Командада өз ара аракеттенип, макулдашып, биргелешкен иш-аракеттерде максаттарга жетүү |
Ар кандай социалдык ролдорду алуу | |||
Коомдук турмуштагы себеп-натыйжа байланыштарын белгилөө | |||
3.2 | Коммуникация | Өз ойлорун так жана натыйжалуу айта билүү, ар кандай аудитория менен өз ара аракеттенүү жана баарлашуунун ар кандай формаларын колдоно билүү | Өз идеяларын жана пикирлерин эркин айтуу |
Баарлашуунун вербалдык жана вербалдык эмес формаларын колдонуу | |||
Баарлашуу үчүн мамлекеттик, расмий жана башка тилдерди колдонуу | |||
3.3 | Көп түрдүүлүктү кабыл алуу | Маданий ар түрдүүлүктү баалай билүү, салттарды урматтоо жана алардын заманбап коомдо колдонулушуна жана сакталышына көмөктөшүү | Башкалар менен баарлашуу, эч кандай басмырлоосуз ар түрдүүлүктү урматтоо |
Кыргыз Республикасынын улуттук баалуулуктарын, өлкөнүн этносторунун инсандын укуктарын жана милдеттерин кемсинтпеген маданияттарын, салттарын, үрп-адаттарын билүү жана сыйлоо | |||
Кыргыз Республикасында жашаарын билүү, өз өлкөсүнүн символикасын, маданий көп түрдүүлүгүн сыйлоо | |||
Адилеттүүлүк принциптерине берилгендик, коомду урматтоо жана анын кызыкчылыгында аракеттенүүгө даяр болуу | Инсандар аралык мамилелерди адилеттүүлүк жана толеранттуулук принциптеринде башкаруу | ||
Адамдар менен өз алдынча достук мамиле түзө билүү, айланасындагыларга урмат көрсөтүү | |||
Өзүнүн жүрүм-турумун башкаруу, этикеттин негизги эрежелерин сактоо | |||
4. Маалыматтык-санариптик компетенттүүлүк | |||
4.1 | Маалыматтык сабаттуулук | Китепке жана окууга болгон кызыгуу | Китепке жана окууга болгон кызыгуу |
Маалымат издөө үчүн ар кандай басылмаларды (китептер, журналдар, карталар, таблицалар ж.б.) колдонуу | |||
Маалыматты оюн, турмуштук кырдаалдык жана башка маселелерди чечүү үчүн колдонуу жөндөмдүүлүгү | |||
Өзүнүн маалымат объекттерин түзүү | |||
4.2 | Санариптик сабаттуулук | Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу | Санариптик маалыматтык ресурстар менен иштей алуу, аларды сабаттуу жана экологиялык жактан таза колдоно алуу |
Гаджеттер менен иштөөнүн коопсуздугу жөнүндө баштапкы түшүнүктөр | |||
3-глава. Мектепке чейинки билим берүү программаларынын мазмунунун жол берилген минимуму
9. Мектепке чейинки билим берүү программасы мектепке чейинки билим берүүнүн максаттарын, милдеттерин, мазмунун, ушул Мамстандарттарга ылайык баланын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуучу балдар менен иштөөнүн негизги багыттарын аныктайт.
10. Мектепке чейинки билим берүү программаларында төмөнкүлөр каралган:
1) балдардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билим берүү процессинин мазмуну жана уюштурулушу;
2) балдардын курактык жана жеке өзгөчөлүктөрү;
3) билим берүү процессине өнүгүү багыттарын интеграциялоону;
4) балдардын жеке жана биргелешкен иш-аракеттеринин оптималдуу айкалышы;
5) окутуунун атайын уюштурулган формасы катары сабактар;
6) оюн, чыгармачылык, таанып-билүүчүлүк-изилдөө иши;
7) баланын социалдык адаптациясы;
8) мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүүнүн максаттуу багыттары;
9) баланын ар тараптуу жана сапаттуу билим алуусун, өнүгүүсүн жана тарбияланышын камсыз кылуу үчүн ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр, үй-бүлө менен бирдей өнөктөштүк өз ара аракеттенүү;
10) балдарды жалпы адамзаттык баалуулуктар, адам укуктарын урматтаган элдик бай үрп-адаттар жана салттар менен тааныштыруу;
11) атайын билим берүү муктаждыктары бар балдар менен коррекциялык-педагогикалык жана медициналык-психологиялык иштерди жүргүзүү;
12) балдарды мектепке сапаттуу даярдоо.
4-глава. Билим берүү процессин уюштуруу
11. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда балага билим берүү, тарбиялоо жана багуу ушул Мамстандарттын 8-пунктунда көрсөтүлгөн баалуулуктардын негизинде жана негизги компетенттүүлүктү ж.б. калыптандыруу максатында түзүлөт. Педагогикалык процесс окутуу, өнүктүрүү жана тарбиялоо программаларына, ушул Мамстандартка ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмунун иш режимине ылайык балдардын өнүгүү деңгээлин эске алуу менен уюштурулат.
12. Билим берүү жана тарбиялоо процесстери балдардын курагын жана жекече өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен аларды физикалык, социалдык-эмоционалдык өнүктүрүүгө, таанып-билүүсүн жана когнитивдик, чыгармачылык жана эстетикалык өнүгүүсүнө, сабаттуулугун жана коммуникациясын өнүктүрүүгө багытталган.
13. Багуу жана кароо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) коопсуздукту камсыз кылуу: коопсуз чөйрөнү түзүү, жаракат алуунун жана кырсыктардын алдын алуу;
2) гигиеналык кам көрүү: жуунуу, кийинүү, дааратканага баруу жана башка гигиеналык процедураларга жардам берүү;
3) тамактанууну уюштуруу: баланын курагына жана муктаждыктарына ылайыктуу толук жана тең салмакталган тамактанууну камсыз кылуу;
4) күндүн режимин сактоо: уйку, сейилдөө, оюн жана сабактарды уюштуруу;
5) балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана муктаждыктарын аныктоо үчүн ар дайым байкоо жүргүзүү.
Педагогикалык процесс, багуу жана кароо балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгон бардык мезгил ичинде жүзөгө ашырылат жана мектепке чейинки курактагы балдарды ар бир курактык этапта окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун зарыл деңгээлин камсыз кылат, бул процесс мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки топторду комплекттөөлөр үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге (мындан ары - санитардык эрежелер) ылайык санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоо менен жүргүзүлөт.
14. Билим берүү жана өнүктүрүү сабактарынын планы (мындан ары - план) балдардын өнүгүүсүнүн жекече, курактык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык сабактардын узактыгын, жумалык жүктөмүн, тематикасын жана мазмунун аныктайт жана мектепке чейинки билим берүүнүн негизги, вариативдик, кошумча программаларын, окуу пландарын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
15. Пландын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюму жана мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке жактар (жеке ишкерлер) жылдык иш планын, жылга келечектүү календардык-тематикалык пландарды, сабактардын расписаниесин, педагогдордун календардык иш пландарын жана күн тартибин иштеп чыгышат. Пландын мазмуну жана түзүмү өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен коррекциялык-педагогикалык иштерди жүргүзүү үчүн 2-таблицага ылайык толукталышы мүмкүн.
2-таблица
1. Билим берүү жана өнүктүрүү сабактарынын негизги планы
№ | Сабактардын атылышы | 1-кенже топ (1 жаштан 2 жашка чейин) | 2-кенже топ (2 жаштан 3 жашка чейин) | Орто топ (3 жаштан 4 жашка чейин) | Улуу топ (4 жаштан 5 жашка чейин) | Даярдоочу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) |
1 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу жана кеп өстүрүү | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Кеп өстүрүү | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Сабаттуулукка үйрөтүү | - | - | - | - | 1 |
4 | Элементардык математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу |
|
| 1 | 1 | 1 |
5 | Сенсордук тарбия боюнча дидактикалык оюндар | 3 | 3 | - | - | - |
6 | Конструкциялоо | - | - | 1 | 1 | 1 |
7 | Көркөм адабият | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 |
8 | Музыкалык сабактар | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
9 | Дене тарбия сабактары | 2 | 2 | 3 | 3 | 3 |
10 | Ийлөө | - | 1(*) | 1(*) | 1(*) | 1(*) |
11 | Аппликация | 1(*) | ||||
12 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 1 | 1 | |
13 | Кыргыз тили (**) (орус тилдүү топтор үчүн) же орус тили (**) (кыргыз тилдүү топтор үчүн) | - | - | - | 2 | 2 |
14 | Чет тили тандоо боюнча | - | - | - | 2 | 2 |
15 | Психолог менен сабактар (***) | - | 1 | 2 | 2 | 2 |
16 | Логопед менен сабактар (***) | - | - | 2 | 2 | 2 |
Бардыгы | 11 | 12 | 12 | 16 | 17 | |
Узактыгы | 8-10 мүн. | 10-12 мүн. | 12-15 мүн. | 15-20 мүн. | 20-25 мүн. | |
Эскертүү:
(*) Сабактар бир жумадан кийин кезектештирилет.
(**) Мамлекеттик тил мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат. Окутуу орус же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуунун бардык мезгилинде кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүү камсыз кылынат.
(***) Психолог жана логопед менен сабактар зарылчылыкка жараша жекече жана топтук түрдө өткөрүлөт.
"Мектепке чейинки курактагы балдардын жашоо-турмушунун коопсуздугунун негиздери" мектепке чейинки билим берүүнүн алкагындагы бардык билим берүү сабактарына интеграцияланган.
2. Сүйлөөсүнүн бузулуулары бар балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү сабактарынын жана багуу планы
№ | Сабактардын аталышы | 2-кенже топ (2 жаштан 3 жашка чейин) | Орто топ (3 жаштан 4 жашка чейин) | Улуу топ (4 жаштан 5 жашка чейин) | Даярдоочу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) |
1 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Кеп өстүрүү |
| 1 | 1 | 1 |
3 | Сабаттуулукка үйрөтүү | - | - | - | 1 |
4 | Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу | - | 1 | 1 | 1 |
5 | Конструкциялоо | - | 1 | 1 | 1 |
6 | Логопед менен сабак | - | 5 | 5 | 5 |
7 | Музыка | 2 | 2 | 2 | 2 |
8 | Дене тарбия | 2 | 3 | 3 | 3 |
9 | Ийлөө, аппликация | 1 | 1 | 1 | 1 |
10 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 1 | 1 |
11 | Дидактикалык оюндар |
| жумасына 5 жолу жекече иштөө |
|
|
12 | Кыргыз тили | - | - | - | 1 |
13 | Логопеддин тапшырмасы боюнча тарбиячынын түзөтүү сабактары |
| 5 | 5 | 5 |
Бардыгы | 8 | 26 | 21 | 23 | |
Сабактын узактыгы | 10-12 мүн. | 15 мүн. | 20 мүн. | 25 мүн. | |
3. Таяныч-кыймылдоо аппаратынын бузулуулары бар балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү сабактарынын планы
№ | Сабактардын аталышы | Орто топ (3 жаштан 4 жашка чейин) | Улуу топ (4 жаштан 5 жашка чейин) | Даярдоочу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) |
1 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу | 1 | 1 | 1 |
2 | Кеп өстүрүү | 2 | 2 | 2 |
3 | Сабаттуулукка үйрөтүү | - | - | 1 |
4 | Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу | 1 | 1 | 1 |
5 | Ийлөө | 1 | 1 | 1 |
6 | Аппликация (конструкциялоо) | 1 | 1 | 1 |
7 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 1 |
8 | Логопед менен сабак | 5 | 5 | 5 |
9 | Дарылоочу дене тарбия (массаж), кыймылдоо (физикалык терапия) | 2 | 2 | 2 |
10 | Адаптациялык дене тарбия, дене тарбия | 2 | 2 | 2 |
11 | Оюндар | 1 | 1 | 1 |
12 | Тарбиячынын коррекциялык сабактары (чакан топтор боюнча) | 5 | 5 | 5 |
13 | Кыргыз тили | - | - | 2 |
14 | Музыкалык сабактар | - | - | 2 |
Бардыгы: | 22 | 22 | 27 | |
Сабактардын узактыгы | 15 мүн. | 20 мүн. | 25 мүн. | |
4. Интеллектин өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү сабактарынын планы
№ | Сабактардын аталышы | Курактык топтор | |||
1-топ | 2-топ | 3-топ | 4-топ | ||
1 | Дене тарбия | 3 | 3 | 3 | 3 |
2 | Оюндар | 6 | 6 | 6 | 6 |
3 | Сүрөт тартуу | 3 | 3 | 4 | 4 |
4 | Конструкциялоо | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу | 2 | 2 | 3 | 3 |
6 | Кеп өстүрүү | 2 | 2 | 3 | 3 |
7 | Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу | 2 | 2 | 3 | 3 |
8 | Музыкалык сабактар | 3 | 3 | 3 | 3 |
Бардыгы: | 23 | 23 | 26 | 26 | |
Сабактын узактыгы | 12-15 мүн. | 15 мүн. | 20-25 мүн. | 25-30 мүн. | |
5. Дүлөй жана угуусу начар балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү сабактарынын планы
№ | Сабактардын атылышы | 2-кенже топ | Орто топ | Улуу топ | Даярдоочу топ |
1 | Кеп өстүрүү | 2 | 2 | 2 | 4 |
2 | Угуп кабыл алуусун өнүктүрүү | 2 | 2 | 2 | 2 |
3 | Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу | 1 | 1 | 1 | 3 |
4 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Конструкциялоо, аппликация | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Дене тарбия | 3 | 3 | 3 | 3 |
7 | Ийлөө | 1 | 1 | 1 | 1 |
8 | Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу | 1 | 1 | 1 | 1 |
9 | Музыкалык сабактар | 2 | 2 | 2 | 2 |
10 | Оюндар | 1 | 1 | 1 | 1 |
Бардыгы: | 14 | 14 | 14 | 19 | |
Сабактын узактыгы | 10-12 мүн. | 10-12 мүн. | 12-15 мүн. | 20-25 мүн. | |
6. Азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн билим берүү жана өнүктүрүү сабактарынын планы
№ | Сабактардын аталышы | Орто топ | Улуу топ | Даярдоочу топ |
1 | Кеп өстүрүү | 2 | 2 | 2 |
2 | Көрүп кабыл алуусун өнүктүрүү | 2 | 3 | 3 |
3 | Жөнөкөй математикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу | 1 | 2 | 2 |
4 | Грамматика | - | 1 | 2 |
5 | Сүрөт тартуу | 1 | 1 | 2 |
6 | Дене тарбия | 2 | 2 | 2 |
7 | Ийлөө, аппликация | 1 | 1 | 1 |
8 | Музыкалык сабактар | 2 | 2 | 2 |
9 | Плео тарбиялоо | 1 | 1 | 1 |
10 | Микро, макро буюмдарга багыт алуу | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 12 | 13 | 17 |
| Сабактын узактыгы | 10-12 мүн. | 12-15 мүн. | 20-25 мүн. |
7. 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын/балдарды өнүктүрүү борборлорунун вариативдик моделдери үчүн өнүктүрүү сабактарынын болжолдуу расписаниеси
Өнүктүрүү сабактарын жумасына 3 жолу 2 сааттан өткөрүү болжолдонот.
| Убакыт | 1-күн | 2-күн | 3-күн |
1 | 25 мүн. | Курчап турган чөйрө менен тааныштыруу | Кеп өстүрүү (театрлаштырылган оюндар) | Көркөм адабият |
2 | 10 мүн. | Таза абада кыймылдуу оюндар | ||
3 | 25 мүн. | Сабаттуулукка окутуу | Кызыктуу математика | Сүрөт тартуу |
4 | 10 мүн. | Таза абада кыймылдуу оюндар | ||
5 | 25 мүн. | Конструкциялоо | Ийлөө/аппликация | Кыргыз/орус тилдери |
6 | 15 мүн. | Музыкалык-дидактикалык оюндар/оюн-зоок | ||
7 | 10 мүн. | Балдар жана ата-энелер менен жеке иш алып баруу | ||
Өнүктүрүү сабактарын жумасына 2 жолу 3 сааттан өткөрүү болжолдонот.
| Убакыт | 1-күн | 2-күн |
1 | 20 мүн. | Кызыгуулар боюнча оюндар (стол үстүндө, дидактикалык) | Кызыгуулар боюнча оюндар (стол үстүндө, дидактикалык) |
2 | 15 мүн. | Физикалык тыныгуу | |
3 | 25 мүн. | Кеп өстүрүү, көркөм адабият, театрлаштырылган иш | Конструкциялоо, сенсордук өнүктүрүү (пазлдар, мозаика, лего) |
4 | 15 мүн. | Физикалык тыныгуу | |
5 | 25 мүн. | Сүрөт искусствосу (сүрөт тартуу, ийлөө, аппликация) | "Мен жана курчап турган дүйнө" |
6 | 15 мүн. | Музыкалык-дидактикалык оюндар | Кыймылдуу оюндар |
7 | 25 мүн. | Кызыктуу математика | Сүрөт искусствосу/сюжеттик-ролдук оюндар |
8 | 30 мүн. | Ата-энелер менен биргелешкен иш | Ата-энелер менен биргелешкен иш |
16. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын күн тартиби балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө жана жеке муктаждыктарына ылайык келүүгө тийиш. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ушул Мамстандарттын 2-тиркемесине ылайык 24, 10, 3 сааттык болуу мөөнөтү каралган күн тартиби аныкталган.
Балдардын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында болуу узактыгы билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча уюштуруучу/уюштуруучулар тарабынан аныкталат.
17. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда мектепке чейинки топторду комплекттөө топторду толтуруунун чегине жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) 1 жаштан 3 жашка чейинки ясли курагындагылар үчүн - 25 балага чейин:
- I кенже топ (1 жаштан 2 жашка чейин) - 25 балага чейин;
- II кенже топ (2 жаштан 3 жашка чейин) - 25 балага чейин;
- топто эки курактагы (1 жаштан 3 жашка чейин) балдар болгондо - 20 баладан ашык эмес;
2) 3 жаш жана андан жогору мектепке чейинки курактагылар үчүн - 30 баладан ашык эмес:
- орто топ (3 жаштан 4 жашка чейин) - 30 балага чейин;
- улуу топ (4 жаштан 5 жашка чейин) - 30 балага чейин;
- даярдоочу топ (5 жаштан 6 жашка чейин) - 30 бала;
- топто ар кандай эки курактагы балдар (3-6 жаш) болгондо - 25 баладан ашык эмес;
- мектепке чейинки вариативдүү билим берүү уюмдарынын топтору ар кандай курактагы балдар менен толукталышы мүмкүн, мында толушу 25 баладан ашпайт;
3) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын курактык топторунун саны жана катышы балдардын категориясына жана алардын курагына жараша белгиленет. 2 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдар үчүн топтордун чектик толушу тиешелүү түрдө төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- сүйлөөсүнүн бузулуулары бар балдар үчүн - 16 баладан;
- сүйлөөсүнүн фонетика-фонематикалык бузулуулары бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 20 баладан;
- дүлөй балдар үчүн - 6 баладан;
- угуусу начар балдар үчүн - 10 баладан;
- азиз балдар үчүн - 6 баладан;
- көрүүсү начар балдар, амблиопиясы бар, көзү чалыр балдар үчүн - 10 баладан;
- таяныч-кыймылдоо аппаратынын бузулуулары бар балдар үчүн - 8 баладан;
- психикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар үчүн - 12 баладан;
- жеңил даражадагы акыл-эс бузулуулары бар балдар үчүн - 12 баладан;
- орточо, оор даражадагы акыл-эс бузулуулары бар, 3 жаштан жогорку курактагы гана балдар үчүн - 8 баладан;
- аутизми бар 3 жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн - 5 баладан;
- оор дефекти бар (дене бой жана (же) психикалык өнүгүүсүндө 2 же андан ашык кемчиликтин айкалышы бар) балдар үчүн - эки курактагы топ үчүн 5 баладан;
- ден соолугунун башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, анын ичинде кургак учук интокцикациясы бар балдар үчүн - 15 баладан.
18. Компетенттүү мамиленин алкагында ар бир баланын жеке өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен, билим берүү стратегияларын, окутуунун активдүү жана интерактивдүү методдорун колдонуу, өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүндө активдүү оюн иш-аракеттери аркылуу балдардын негизги компетенцияларын өнүктүрүүгө көңүл бурулат.
19. Билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн коопсуз, өнүктүрүүчү жана ден соолукту чыңдоочу чөйрөнү түзүү милдеттүү шарт болуп эсептелет, ал жайлуу, корголгон жана шыктандыруучу шарттарды камсыздайт. Мындай чөйрө ушул Мамстандарттын 3-тиркемесине ылайык эмоционалдык жыргалчылыкка, ден соолукту сактоого жана чыңдоого, ийгиликтүү окутууга, тарбиялоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
20. Коопсуз жана ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүнүн компоненттери:
1) физикалык коопсуздук: жайлардын жана аймактын коопсуз болушу, ишенимдүү жабдуулар жана эмеректер, жаракаттан коргоо, жайларга кирүүнү контролдоо, эвакуация боюнча чаралар жана өрт коопсуздугу;
2) гигиеналык жана санитардык коопсуздук: жайларга, жабдууларга жана билим берүү процессин уюштурууга коюлган санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу, жеке гигиенанын нормаларын кармануу, сапаттуу жана тең салмактуу тамактанууну камсыз кылуу, күн тартибин жана ичүү режимин туура уюштуруу, ошондой эле жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу;
3) психологиялык коопсуздук: ишенимдүү атмосфераны түзүү жана эмоционалдык жайлуулукту уюштуруу, негизги канааттануу жана коопсуздук сезимин камсыз кылуу, баланын инсандыгын урматтоо жана жылуу баарлашуу жана өз ара аракеттенүү;
4) инклюзивдүүлүк жана индивидуалдуулукту эске алуу: ар бир бала үчүн өнүгүү чөйрөсүнүн бардык ресурстарына эркин жетүүнү жана мүмкүнчүлүктөрдү жеткиликтүү деңгээлде жана оптималдуу темпте максималдуу өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, материалдарды жана жабдууларды адаптациялоо, маданий жана жеке өзгөчөлүктөрдү урматтоо;
5) өнүгүү чөйрөсүн түзүү: материалдардын жана жабдуулардын ар түрдүүлүгү, иштин ар кандай түрлөрүн уюштуруу үчүн мейкиндикти зоналаштыруу, анын ичинде окуу, оюн, чыгармачылык жана эс алуу, балдардын креативдүүлүгүн жана өзүн көрсөтүүсүн колдоо;
6) ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр менен өз ара аракеттенүү: ачыктык жана маалымдуулук, ата-энелерди/мыйзамдуу өкүлдөрдү тартуу, коопсуздук маселелеринде колдоо көрсөтүү.
21. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлери жана техникалык персоналы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен графикке ылайык милдеттүү түрдө медициналык кароодон, оорулардын, өзгөчө жугуштуу оорулардын алдын алуу жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча медициналык кызматкерден көрсөтмө алышат.
22. Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр баланы мектепке чейинки билим берүү уюмуна аныктоодо медициналык маалымкатты жана эмдөө картасын (063/У жана 26/У формалары) берүүгө жана мектепке чейинки билим берүү уюмунун персоналына анын саламаттыгы жөнүндө туруктуу негизде маалымдап турууга милдеттүү.
23. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында штаттык медициналык кызматкер каралат, ал төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) балдардын физикалык жана нерв-психикалык өнүгүшүнө, күн тартибин сактоого, профилактикалык, ден соолукту чыңдоо иш-чараларын өткөрүүгө жана тамактанууну уюштурууга контроль жүргүзүү;
2) дене тарбия көнүгүүлөрүнүн түрлөрүн жана сабактардын узактыгын эске алуу менен баланын ден соолугунун абалына ылайык физикалык көнүгүүлөрдүн ченемдерин көзөмөлдөө;
3) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык персоналынын катышуусу менен ден соолукту чыңдоочу процедураларды жүргүзүү.
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун штатында педиатр дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер жок болгон учурда, бул ишти мектепке чейинки билим берүү уюмунун жайгашкан жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык персоналы жүзөгө ашырат.
Медициналык кызматтарды уюштуруу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмунун медициналык пунктунда, ошондой эле ар бир тайпада тез жардам аптечкасы болууга тийиш.
Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу медициналык кызматкерлердин өтүнүчү боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Дары-дармектер атайын бөлүнгөн, балдар жетпеген жерде сакталат.
Эгерде балада адистештирилген медициналык жардамды талап кылган абал пайда болсо, ата-энесине/мыйзамдуу өкүлдөрүнө кабарлоо жана тез арада жакын жердеги дарылоо-профилактикалык уюмга жеткирүү керек.
Курч респиратордук оорулардын саны көбөйүп жаткан мезгилде ар бир баланы эртең менен текшерүү уюштурулат.
Оорулуу балдар оорунун жайылышынын алдын алуу жана аларга биринчи дарыгердик же тез жардам көрсөтүү максатында изоляцияланат.
Эгерде жугуштуу ооруга шектелсе же пайда болсо, белгиленген карантин аяктаганга чейин балага мектепке чейинки билим берүү уюмуна барууга жол берилбейт.
Санитардык-гигиеналык ченемдердин жана эпидемияга каршы режимдин эрежелеринин сакталышын контролдоо мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлорунун медициналык кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-глава. Баалоо системасы жана мониторинг
24. Консультациялык колдоо көрсөтүү, билим берүү ишинин натыйжаларын аныктоо, билим берүү процессинин жетишкендиктерин, кыйынчылыктарын жана күтүлгөн натыйжаларын аныктоо, ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртуу боюнча милдеттерди аткаруу жана аны өркүндөтүү боюнча максаттуу ишти жүргүзүү максатында ушул Мамстандартта белгиленген ченемдерге ылайык баалоо жана мониторинг жүргүзүлөт.
25. Мектепке чейинки курактагы балдардын прогрессин баалоо жана мониторинг жүргүзүү өзгөчө билим берүү муктаждыктарын аныктоо, инсанды өнүктүрүүнү колдоо жана билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында көндүмдөрдүн өнүгүү, билимди өздөштүрүү жана жөндөмдөрдү калыптандыруу деңгээлин аныктоо үчүн жүргүзүлөт.
26. Баалоонун жана мониторингдин принциптери болуп туруктуулук жана системалуулук, комплекстүү жана бүтүн мамиле, курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен балдар үчүн табигый чөйрөнү түзүү саналат.
Баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн байкоо жүргүзүү, оюн диагностикасы, портфолио түзүү, ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөрдү анкеталоо жана сурамжылоо, балдар менен баарлашуу жана маектешүү колдонулат.
27. Балдардын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү негизги компетенттүүлүктөргө (эмоционалдык-инсандык, таанып-билүүчүлүк, социалдык-коммуникативдик, маалыматтык-санариптик), ошондой эле билим берүү программасында көрсөтүлгөн күтүлгөн натыйжаларга ылайык жүргүзүлөт.
28. Баалоо жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары билим берүү процессинин мазмунун адаптациялоо жана модификациялоо, баланын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен жекече өнүгүү планын түзүү үчүн колдонулат. Ар бир балага жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр менен гана талкууланат.
29. Мектепке чейинки билим берүү уюмунда коопсуз өнүгүү чөйрөсүн баалоо жана мониторинг жүргүзүү төмөнкү критерийлер боюнча балдарды окутуунун, өнүктүрүүнүн жана тарбиялоонун шарттарын талдоо максатында жүзөгө ашырылат:
1) сапаттуу билим берүү процессин ишке ашыруу;
2) балдардын билим берүүнүн натыйжаларына жетишүүсү;
3) имараттын ичинде жана аймагында коопсуз өнүгүү чөйрөсүн түзүү;
4) кесипкөй кадрлар менен камсыз болуусу жана алардын педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүнө ылайык келүүсү.
30. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тышкы жана ички мониторинг жүргүзүлөт:
1) менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдарга мектепке чейинки билим берүү, кароо жана багуу кызматтарын көрсөткөн адамдардын ишине тышкы мониторинг билим берүү башкармалыгынын аймактык органдары тарабынан белгиленген тартипте жылына бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт;
2) ички мониторинг мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчилиги жана педагогдору тарабынан уюштуруучу/уюштуруучулар, ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр менен өнөктөштүктө пландоо жана тийиштүү колдоо көрсөтүү жана сапаттуу мектепке чейинки билим берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында иш планына ылайык туруктуу негизде жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүүнүн негизги компетенттүүлүктөр алкагы
|
| Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартына 2-тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүү уюмунда болжолдуу күн тартиби
1. 10 саат болуу топтору үчүн болжолдуу күн тартиби.
№ | Иш-чаралар | Компетенцияларды өнүктүрүү боюнча педагогикалык кызматтар | Убакыт |
1 | Балдарды эртең менен кабыл алуу | Балдарды эртең менен кабыл алуу, оюндар, гигиеналык процедуралар. Ата-энелер менен баарлашуу, баланы көрүү (эгерде карантин киргизилген болсо дене табын өлчөө). Жеке иш алып баруу, күн ачык болсо, балдарды эртең менен кабыл алуу участокто жүргүзүлөт, эртең мененки гимнастика | 8:00-8:30 |
2 | Эртең мененки тамак | Маданий-гигиеналык көндүмдөрдү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү | 8:30-9:00 |
3 | Сабактарга даярдануу. Сабактар, оюндар | Демонстрациялык, таркатма материалдарды даярдоо, сабак учурунда балдардын биргелешкен, жекече, оюн, долбоордук-изилдөөчүлүк, музыкалык чыгармачыл, практикалык иш-аракеттери үчүн шарттарды түзүү, билим берүү программасына ылайык балдардын пландаштырылган уюштурулган иш-аракети катары сабактарды өткөрүү | 9:00-10:40 |
4 | Сейилдөөгө даярдануу. Сейилдөө | Өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, байкоо, салыштыруу жана талдоону уюштуруу, эмгекке тарбиялоо (жашылчалар, жемиштер менен гүлзарларды кароо, таштанды чогултуу), биргелешкен кыймыл-аракеттүү оюн, балдар менен жекече иш алып баруу, өз алдынча оюн иш-аракеттери | 10:40-11:50 |
5 | Сейилдөөдөн келүү, түшкү тамактанууга даярдануу | Маданий-гигиеналык көндүмдөрдү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн, эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүү, ырааттуу сүйлөө речин өнүктүрүү, кол жуу алгоритмин жаттоо | 11:50-12:10 |
6 | Түшкү тамак | Маданий-гигиеналык көндүмдөрдү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү | 12:10-12:50 |
7 | Уктоого даярдоо. Уктоо | Тартипти сактоого үйрөтүү, пассивдүү сөз байлыгын байытуу. Тарбиялык-билим берүү иштерин пландоо (календардык-тематикалык пландоо, календардык план, максат коюу, милдеттер, методдор, ыкмалар, ресурстар). Педагогикалык иш (педагогикалык кеңештер, педагогикалык сааттар, семинарлар, тренингдер, консультациялар, нускамалар, мониторингдин жыйынтыктарын талкуулоо) | 12:50-14:50 |
8 | Балдарды акырындык менен ойготуу, аба ванналары, гигиеналык процедуралар | Балдардын ден соолугун чыңдоо, маданий-гигиеналык көндүмдөрдү өнүктүрүү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү | 14:50-15:20 |
9 | Түштөн кийинки тамак | Маданий-гигиеналык көндүмдөрдү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү | 15:20-15:40 |
10 | Оюндар, өз алдынча ишмердүүлүк. Сейилдөөгө даярдануу, сейилдөө, кыймылдуу оюндар | Идея боюнча биргелешкен оюнда позитивдүү кызматташуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, сюжеттик-ролдук оюн, балдар менен жекече иш алып баруу, таза абада кыймылдуу оюндар, көркөм адабият чыгармаларын окуу, өз алдынча чыгармачыл иш-аракеттер | 15:40-16:40 |
11 | Сейилдөөдөн келүү, кечки тамактанууга даярдануу. Кечки тамак** | Маданий-гигиеналык көндүмдөрдү, өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү | 16:40-17:30 |
12 | Балдардын үйүнө кетиши | Ата-энелер менен баарлашуу, балдар менен жеке иш алып баруу | 17:30-18:00 |
(**) Эгерде мектепке чейинки билим берүү уюмунда кечки тамак каралбаса, оюндардын жана сейилдөөнүн убактысы узартылат.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын/балдарды өнүктүрүү борборлорунун вариативдик моделдери үчүн (3 саат) болжолдуу күн тартиби
№ | Иш-чара | 1-нөөмөттүн убактысы | 2-нөөмөттүн убактысы |
1 | Балдарды кабыл алуу | 9:00-9:30 | 13:00-13:30 |
2 | Сабактарга даярдануу. Сабактар, оюндар | 9:30-11:30 | 13:30-15:30 |
3 | Эркин оюндар. Балдар жана ата-энелер менен биргелешкен иш-чаралар | 11:30-12:00 | 15:30-16:00 |
4 | Балдардын үйгө кетиши | 12:00 | 16:00 |
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн балдардын кыска мөөнөттө (3 саат) болуусунун болжолдуу күн тартиби
№ | Иш-чара | 1-нөөмөттүн убактысы | 2-нөөмөттүн убактысы |
1 | Балдарды кабыл алуу | 8:30-9:00 | 12:30-12:00 |
2 | Сабактарга даярдануу. Сабактар, оюндар | 9:00-10:40 | 12:30-14:40 |
3 | Сейилдөөгө даярдануу. Сейилдөө, оюндар | 10:40-11:30 | 14:40-15:30 |
4 | Балдардын кетиши | 11:30 | 15:30 |
Эскертүү:
1. Сабактардын узактыгы балдардын жаш курагын эске алуу менен өнүктүрүүчү жана билим берүүчү сабактардын негизги планы менен аныкталат.
2. Балдардын топторун алмаштыруунун ортосунда бөлмөнү желдетүү жана дезинфекциялоочу жана жуучу каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо керек.
|
| Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" мамлекеттик билим берүү стандартына 3-тиркеме |
Мектепке чейинки билим берүү уюмунда коопсуз өнүктүрүү чөйрөсүнө карата талаптар
Мектепке чейинки билим берүү уюмунда өнүктүрүү чөйрөсү төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык ар бир баланын, анын ичинде өзгөчө билим берүүгө муктаж жана майыптыгы бар балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган коопсуз жана ден соолукту сактоочу;
2) ар бир балага ыңгайлуу жана достук мамиледе, зомбулуктун ар кандай формаларынан эркин;
3) Кыргызстанга, улуттук баалуулуктарга болгон сүйүүнү, Кыргыз Республикасында жашаган этностордун жалпы адамзаттык баалуулуктарга каршы келбеген салт-санааларына жана үрп-адаттарына болгон урмат-сыйды калыптандыруучу;
4) көп функциялуу, трансформациялануучу, экологиялык жактан коопсуз, дем берүүчү, балдарды изилдөөгө, ойноого жана үйрөнүүгө түрткү берүүчү, оюн, таанып-билүү, кыймылдоо (майда жана чоң моториканы өнүктүрүү), чыгармачыл жана изилдөө активдүүлүгүн камсыз кылуучу;
5) ар бир баланын психологиялык жана эмоционалдык бакубаттуулугун камсыз кылуучу, бала жамаатка таандык экендигин сезген, чөйрөнү пландоого жана уюштурууга катышкан билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын (балдар, ата-энелер, педагогдор жана коомчулук) өз алдынчалыгын, өзүн көрсөтүүнү, тандоо укугун колдоочу, өз ара түшүнүшүүнү жана өз ара аракеттенүүнү калыптандыруучу;
6) көп түрдүүлүктү, инклюзивдүүлүктү, көп маданияттуулукту, гендердик сезимталдыкты эске алуу менен ар түрдүү өнүктүрүүчү жана окутуучу материалдарды камтыган вариативдүү;
7) кыздардын жана эркек балдардын жеке жана курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окутууга өбөлгө түзүүчү, кабылдоонун ар кандай үстөмдүк кылуучу: аудиалдык (угуу), визуалдык, кинестетикалык, кыймылдоочу, дискреттик (аналитикалык) типтери менен балдарды окутуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды кароочу;
8) өнүктүрүү, билим берүү материалдары, улуттук баалуулуктарды чагылдырган дидактикалык демонстрациялык жана таркатма куралдар, ата мекендик жана чет өлкөлүк авторлордун көркөм адабий чыгармалары менен жабдылган бардык ресурстарга балдардын эркин жетүүсүн кепилдеген.