Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы
1-глава. Жалпы жоболор жана укуктук статусу
1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын типтүү уставы (мындан ары - Типтүү устав) "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдары жөнүндө жобого (мындан ары - жобо) жана билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (мындан ары - МЧБУ) уставдары Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ушул Типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат. МЧБУнун типтүү уставын каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жеке менчик формасындагы МЧБУнун уставын иштеп чыгууда Типтүү уставдын ченемдери колдонулушу мүмкүн.
3. МЧБУ мекеме уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат. МЧБУнун иштөө мөөнөтү чектелбейт.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУнун уюштуруучулары болуп мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.
5. МЧБУ Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык юридикалык жак болуп саналат жана өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ болууга, негизги жана жүгүртүү каражаттарына, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо чөйрөсүндөгү жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык МЧБУ Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ача алат. Мында уставда алардын турган жери да көрсөтүлөт.
7. МЧБУнун уставы төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) жалпы жоболор жана укуктук статусу;
2) ишинин негизги максаттары;
3) МЧБУда тарбиялоо-билим берүү процессин уюштуруу;
4) МЧБУнун башкаруу органдары;
5) тарбиялоо-билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери;
6) финансы-чарбалык иши;
7) эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо;
8) МЧБУну кайра уюштуруу жана жоюу;
9) корутунду жоболор.
8. МЧБУнун уставы Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө жобонун жана МЧБУнун ишин регламенттөөчү билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерин камтууга тийиш.
9. МЧБУнун уставында мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), уюштуруучулары жана толук фирмалык аталышы, реквизиттери милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
10. МЧБУнун иши Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылар, Типтүү уставдын негизинде бекитилген МЧБУнун уставы жана МЧБУнун өзүнүн локалдык актылары менен регламенттелет.
2-глава. МЧБУнун ишинин негизги максаты
11. МЧБУнун ишинин негизги максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
1) менчигинин түрүнө карабастан МЧБУда мектепке чейинки сапаттуу билим алууда ар бир бала үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана теңдигин камсыз кылуучу натыйжалуу системаны түзүү;
2) мектепке чейинки курактагы балдардын жекече мүмкүнчүлүктөрүн жана билим алуу муктаждыктарын эске алуу менен аларды окутуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
12. Коюлган максаттарга жетүү үчүн МЧБУ төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзөт:
1) балдардын дене-бой, психикалык саламаттыгын, алардын эмоционалдык бейпилдигин коргоо жана чыңдоо, атайын билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен коррекциялык-педагогикалык жардам көрсөтүү;
2) тарбиялоонун гендердик аспекттерин эске алган, балдардын курактык, жекече, жыныстык, психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген көп маданияттуу инклюзивдик чөйрөнү калыптандыруу;
3) мектеп алдындагы даярдоо программасын ишке ашыруу жана социалдык адаптациялоо;
4) педагогикалык процесске карата заманбап талаптарды аныктоо;
5) мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин заманбап гендердик-ийкемдүү жана социалдык-инклюзивдик ыкмалардын негизинде жогорулатуу;
6) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү жана аларга кам көрүү боюнча кызмат көрсөткөн жактардын ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү.
13. МЧБУ Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө жобонун негизинде иштейт жана мектепке чейинки курактагы 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды тийиштүү багуу, тарбиялоо жана окутуу, алардын жекече жөндөмдөрүн өнүктүрүү, интеллектуалдык дене-бой жана жеке өнүгүүсүн камсыз кылуу максатын көздөйт.
14. МЧБУда топторду комплекттөө мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык ишке ашырылат.
3-глава. МЧБУда тарбиялоо-билим берүү процессин уюштуруу
15. Мектепке чейинки билим берүүнүн мазмуну жана МЧБУда балдарга кам көрүү баланы таанып-билүүчүлүк жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүүгө, тарбиялоого, окутууга жана анын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
16. МЧБУда тарбиялоонун жана билим берүүнүн мазмуну Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары, анын негизинде иштелип чыгуучу мамлекеттик, вариативдик, автордук билим берүү программалары менен аныкталат.
17. МЧБУ сабактарды окутуунун атайын уюштурулган формасы катары, ошондой эле балдардын жеке жана биргелешкен ишинин оптималдуу айкалышы менен оюн, чыгармачылык иш-аракеттери катары карайт.
18. МЧБУдагы тарбиялоо-билим берүү процесси негизги, жылдык план ж.б. менен регламенттелет.
19. МЧБУда окутуу жана тарбиялоо мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде жүргүзүлөт.
4-глава. МЧБУнун башкаруу органдары
20. МЧБУну башкаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык демократиялуулук, ачыктык, кесипкөйлүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.
МЧБУда тең башкаруунун формалары болуп жалпы чогулуш, педагогикалык кеңеш, камкорчулук кеңеши, ата-энелер комитети жана башка кеңештер эсептелет.
21. МЧБУ билим берүү чөйрөсүндөгү өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланат, ага карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
22. МЧБУнун жогорку башкаруу органы болуп уюштуруучу саналат, анын өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Типтүү уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана аны бекитүү;
2) МЧБУнун жетекчисинин (директорунун) иши жөнүндө отчетторду алуу;
3) башка юридикалык жактарды уюштуруу, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө, ошондой эле МЧБУну кайра уюштуруу, алардын ишин токтотуу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
4) Типтүү уставга ылайык МЧБУнун ишине байланыштуу башка чечимдерди кабыл алуу.
23. МЧБУну түздөн-түз жетектөө жана башкаруу анын жетекчиси (директору) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик жана муниципалдык МЧБУнун директору конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.
МЧБУнун директорун кызмат ордунан которуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
24. МЧБУнун жетекчиси:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ишин жүзөгө ашырат;
2) тиешелүү аймактык билим берүүнү башкаруу органы менен макулдашуу боюнча педагогикалык кеңеш менен биргеликте МЧБУну өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана ишке ашырат;
3) мектепке чейинки курактагы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарттарды түзөт;
4) административдик-аткаруу органдарында жана башка уюмдарда МЧБУнун укуктарын жана кызыкчылыктарын билдирет жана коргойт;
5) мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык кадрларын жана техникалык персоналын тандоону, ишке алууну жана жайгаштырууну ишке ашырат, педагогикалык кеңештин ишине жетекчилик кылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык МЧБУнун кызматкерлерин ээлеген кызмат ордунан бошотот, жаза чараларын колдонот жана сыйлайт;
6) тиешелүү аймактык билим берүүнү башкаруу органы менен макулдашуу боюнча МЧБУнун кызматкерлеринин штаттык расписаниесин бекитет;
7) педагогикалык кызматкерлер менен биргеликте тиешелүү аймактык билим берүүнү башкаруу органы же ыйгарым укуктуу орган менен (республикалык бюджеттен каржылоодо) макулдашылган негизги иш планын ишке ашырат;
8) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана мектепке чейинки билим берүү программаларынын талаптарынын чегинде мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат;
9) тарбиялоо-билим берүү процессин уюштурууда колдонулуучу формалардын, методдордун жана каражаттардын мектепке чейинки курактагы балдардын психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, шыгына жана жөндөмдүүлүктөрүнө, алардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо талаптарына адекваттуулугу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
10) тарбиялоо жана билим берүү ишин камсыз кылат жана контролдойт;
11) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзөт;
12) ден соолугун сактоону жана баланын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүгө болгон муктаждыкты канааттандырууну камсыз кылат;
13) МЧБУнун финансы-чарбалык ишин жетектейт жана контролдойт;
14) финансы каражаттарынын, гранттардын жана инвестициялардын, анын ичинде кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан түшкөн башка каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
15) уюштуруучуга (камкорчулар кеңешине/педагогикалык кеңешке/ата-энелер комитетине ж.б.) жана коомчулукка МЧБУнун иши жөнүндө отчет берет;
16) материалдык-техникалык базанын эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылат жана жоопкерчилик тартат;
17) МЧБУда коопсуздук техникасынын жана санитардык-гигиеналык режимдин талаптарынын сакталышы, билим алуучулардын жана кызматкерлердин эмгегин коргоо үчүн жоопкерчилик тартат;
18) карамагында турган МЧБУда өрт коопсуздугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык мектепке чейинки курактагы балдардын жана педагогикалык кызматкерлердин жумуш убагында өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген учурларда күнөөсүнүн даражасына жана оордугуна жараша жеке тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат;
19) кызматтык милдеттерине, МЧБУнун уставына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5-глава. Тарбиялоо-билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
25. Тарбиялоо-билим берүү процессинин негизги катышуучулары болуп мектепке чейинки курактагы балдар, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), педагогикалык кызматкерлер жана МЧБУнун кызматкерлеринин айрым категориялары саналат.
26. Бала менен педагогикалык кызматкердин мамилелери кызматташуунун, баланын инсандыгын урматтоонун жана ар бир балага жекече мамиле жасоого ылайык ага өнүгүү эркиндигин берүүнүн негизинде түзүлөт. Ошол эле мамилелер тарбиялоо-билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын ортосунда курулат.
27. МЧБУнун кызматкерлеринин айрым категорияларынын укуктары жана милдеттери МЧБУнун тиешелүү типтүү квалификациялык мүнөздөмөлөрү жана жетекчилиги тарабынан аныкталат.
28. МЧБУ мекемесинин уюштуруучусунун, администрациясынын чечими боюнча тарбиялоо-билим берүү процессинин катышуучуларынын эмгек мыйзамдарынын жана мыйзамдардын ченемдерине каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
28. Уюштуруучунун, МЧБУ мекемесинин администрациясынын чечими боюнча тарбиялоо-билим берүү процессинин катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
29. Тарбиялоонун жана окутуунун достук жана коопсуз чөйрөсүн түзүү, МЧБУ мекемеси менен ата-энелер коомчулугунун, мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен типтүү келишимдин негизинде ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен келишим түзүлөт. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен түзүлгөн келишимде МЧБУнун, мектепке чейинки курактагы балдардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) укуктары жана милдеттери көрсөтүлөт.
Эскертүүсү: Берилген Типтүү уставдын 5-главасынын-пункттарынын саны расмий тилдеги тексттин 5-главасынын-пункттарынын санына дал келбейт.
6-глава. МЧБУнун финансылык-чарбалык иши
30. Уставдык билим берүү ишин камсыз кылуу максатында МЧБУга объекттер (жер, имараттар, курулмалар, мүлктүк комплекстер, жабдуулар, ошондой эле керектелүүчү жана башка багыттагы зарыл болгон башка мүлктөр) бекитилип берилет.
31. МЧБУга бекитилип берилген менчик объекттери анын ыкчам башкаруусунда болот. Бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен жаңыдан сатылып алынган мүлк ыкчам башкарууга берилген мүлктүн курамына киргизилет. МЧБУ өзүнө ишенип берилген мүлктү сактоо жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
32. МЧБУ тиешелүү ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте киреше алып келүүчү ишке укуктуу. Бул учурда Уставда киреше алып келүүчү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбеген иштин бардык түрлөрү жазылууга тийиш.
33. МЧБУнун каржылоо булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) уюштуруучу(лар), ишканалар, уюмдар, анын ичинде эл аралык, коомдук фонддор, юридикалык жана жеке жактар тарабынан акысыз берилүүчү каражаттар, ыктыярдуу төгүмдөр, кайрымдуулук жардам жана атайын фонддор;
3) ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) МЧБУну өнүктүрүү үчүн каржылоонун кошумча булактары катары тартылуучу ыктыярдуу каражаттары;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар.
34. МЧБУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча акы төлөнүүчү билим берүү жана ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу.
35. Бардык түшүүлөр анын кирешеси болуп эсептелет жана МЧБУнун материалдык, техникалык жана окуу-методикалык базасын өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү жана билим берүү процессин камсыз кылууга жумшалат.
7-глава. Эсепке алуу, отчеттуулук жана контролдоо
36. МЧБУ мекемесинин уставында мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттик статистика органдарынын талаптарына ылайык бухгалтердик жана статистикалык эсеп жүргүзүү тартиби көрсөтүлөт.
8-глава. МЧБУну кайра уюштуруу жана жоюу
37. МЧБУну кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү), ишин токтотуу же жоюу жөнүндө чечим уюштуруучу тарабынан кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
38. МЧБУ мекемесинин ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
39. Жоюлган учурда МЧБУнун акча каражаттары жана башка мүлкү милдеттенмелерди жабуу боюнча төлөмдөрдү чыгарып салгандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык пайдаланылат.
40. МЧБУ мекемесинин иши менен байланышкан документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
9-глава. Корутунду жоболор
41. Бул Уставга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор уюштуруучунун/уюштуруучулардын чечими менен киргизилет.
42. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте юстиция органдарында катталууга тийиш.
43. Ушул Уставда көрсөтүлбөгөн МЧБУнун ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.