Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 10-1/73 буйругу менен бекитилген 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фонду жѳнүндѳ Жобо
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондун (мындан ары – Фонд) түзүү жана жүргүзүү маселелерин жөнгө салат.
2. Фонд геодезиялык жана картографиялык иштерди жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган, графикалык, санариптик, фотографиялык жана башка формаларда берилген жана туруктуу же узакка сакталууга тиешелүү геодезиялык, картографиялык, топографиялык, гидрографиялык, аэрокосмостук сүрөткө тартуучу, гравиметриялык материалдардын жана маалыматтардын жалпы мамлекеттик, тармактар аралык же тармактык маанисинин жыйындысы түрүндө болот (мындан ары – Фонддун материалдары жана маалыматтары).
Фондго тиркемеге ылайык тизме боюнча материалдар жана маалыматтар камтылат.
Фонддун курамында республикалык жана ведомстволук картография-геодезиялык фонддор болот.
3. Уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюмдар жана геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүүчү жарандар Кыргыз Республикасынын геодезия жана картография жөнүндө мыйзамдарына ылайык аталган иш-аракеттерди жүргүзүүдө алынган, Фондго киргизилүүгө тийиштүү материалдардын жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн республикалык фондго бекер өткөрүп берет.
Мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды камтыган материалдар жана маалыматтар Фондго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык берилет.
4. Республикалык фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Мамкартография) карамагында болот.
Республикалык фондду түзүү жана жүргүзүү ушул Жобого ылайык Мамкартография тарабынан ишке ашырылат.
5. Республикалык фонддун материалдары жана маалыматтары Мамкартографияда сакталат. Ведомстволук картография-геодезиялык фонддору бар аткаруу бийлигинин органдары Мамкартографияга, Мамкартография тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө ушул Фонддордо Фонддун материалдарынын жана маалыматтарынын болушу жана алар сакталган жерлер жөнүндө маалыматтарды берет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондуна белгиленген тартипте тиешелүү Фонддун материалдары жана маалыматтары Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жана архивдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат.
6. Фонд өзүнө мамлекеттик менчикте, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде, ошондой эле юридикалык жактардын жана жарандардын менчигинде турган материалдарды жана маалыматтарды камтыйт.
7. Фонддун мамлекеттик менчик болуп эсептелген материалдарын жана маалыматтарын жана Фонддун мамлекеттик менчик болуп эсептелбеген материалдарын жана маалыматтарын эсепке алуу өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
8. Мамкартография Фонддун материалдарын жана маалыматтарын эсепке алуунун, сактоонун жана фонд кармоочу уюмдардын отчеттуулугунун бирдиктүү тартибин камсыз кылат.
9. Фонд кармоочу уюмдар Фонддун аларда сакталуучу материалдарын жана маалыматтарын эсепке алууну жүзөгө ашырат жана алар жөнүндө Мамкартографияга маалымат берет.
10. Фондго материалдарды жана маалыматтарды киргизүү (чыгаруу) Мамкартография тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
11. Фонддун материалдары жана маалыматтары мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, юридикалык жактарды жана жарандарды геодезиялык жана картографиялык продуктулар жана маалыматтар менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылат.
12. Фонддун материалдарынын жана маалыматтарынын түп нускаларын берип коюуга же алып коюуга жол берилбейт.
13. Фонддун материалдарын жана маалыматтарын пайдаланууга берүүнүн жана пайдалануунун тартиби Мамкартография тарабынан аныкталат.
Фонддун материалдары жана маалыматтары пайдалануучуларга келишимдик негизде көчүрмө түрүндө берилет.
Фонддун пайдаланууга алынган материалдарын жана маалыматтарын үчүнчү жакка берүү жана аларды көчүрмөлөө ушул материалдар жана маалыматтар карамагында болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу иштерди кошпогондо, пайда табуу максатында иштерди жүргүзүү үчүн Фонддун материалдарын жана маалыматтарын пайдалангандыктары үчүн өзүнө аталган материалдарды жана маалыматтарды түзүүгө, сактоого жана жеткирүүгө, ошондой эле аталган материалдарды жана маалыматтарды иргөө, алардын көчүрмөлөрүн даярдоого кетүүчү чыгымдарды камтыган акы алынат.
Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу иштерди, ошондой эле республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу башка максаттагы иштерди жүргүзүү үчүн Фонддун материалдарын жана маалыматтарын пайдалангандыгы үчүн, аталган материалдарды жана маалыматтарды иргөө, алардын көчүрмөлөрүн даярдоо, ошондой эле аталган материалдарды жана маалыматтарды (көчүрмөлөрүн) жеткирүү боюнча гана кызматтар үчүн акы алынат.
14 Республикалык фондду түзүү жана жүргүзүү боюнча иштерди каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Фонддун материалдарын жана маалыматтарын пайдалангандыгы үчүн акынын эсебинен жүргүзүлөт.
15. Фондду түзүүгө жана жүргүзүүгө, анын материалдарын жана маалыматтарын сактоого жана пайдаланууга контролду Кыргыз Республикасында геодезиялык жана картографиялык ишкердүүлүккө мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жөнүндө жобого ылайык Мамкартография жүзөгө ашырат.
|
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фонду жѳнүндѳ жобого тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун курамына кирген материалдардын жана маалыматтардын
ТИЗМЕСИ
1. Техникалык отчеттор, координаталардын жана бийиктиктердин каталогдору, бардык класстагы жана разряддагы мамлекеттик нивелирдик тармактарды, геодезиялык тармактарды, гравиметриялык фундаменталдык жана биринчи класстагы тармактарды, ошондой эле астрономиялык пункттарды жана базистик тармактардын пункттарын түзүү, өнүктүрүү жана жумуш абалында кармоо боюнча башка материалдар жана маалыматтар.
2. Геодезиялык жана картографиялык иштерди камсыз кылуу максатында Жерди аралыктык зонддоонун алгачкы жана туунду материалдары жана маалыматтары (аэрофотосүрөткө тартуу жана космостон сүрөткө тартуу), ошондой эле аэрофотосүрөткө тартуунун паспорттору, атайын приборлордун маалыматтары, картографиялык сүрөткө тартуулардын схемалары.
3. Геодезиялык, гравиметриялык жана космостук ченөөлөрдүн базасындагы геодинамикалык изилдөөлөрдүн материалдары жана маалыматтары.
4. Аймакты топографиялык сүрөткө тартуу боюнча техникалык отчеттор (масштабы 1:2000 жана андан кичине), анын ичинде жер бетиндеги суу объекттери.
5. Мамлекеттик топографиялык карталардын, анын ичинде жер бетиндеги суу объекттеринин, шаарлардын пландарынын (масштабы 1:10000 жана андан кичине), жалпы арналыштагы конуштардын пландары (масштабы 1:12000 жана 1:5000), ошондой эле аталган карталардын жана пландардын тираждык оттисктеринин түп нускалары жана көчүрмөлөрү.
6. Жалпы мамлекеттик жана тармактар аралык багыттагы жалпы географиялык, саясий-административдик, илимий-маалымдама жана башка тематикалык карталардын жана атластардын, картографиялык окуу куралдарынын түп нускалары, туунду продукцияларды түзүү үчүн негиз болуучу картографиялык материалдардын тираждык оттисктери.
7. Атластардын жана башка фундаменталдуу картографиялык чыгармалардын долбоорлору жана тиешелүү редакциялык коллегиялардын жыйындарынын материалдары.
8. Документтери бар нөөмөттүк (маалымдама) топографиялык карталар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын, административдик-аймактык түзүлүштөрдүн административдик чек араларын жана чет мамлекеттердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү боюнча материалдар.
9. Географиялык аталыштардын мамлекеттик каталогу жана алардын баштапкы материалдары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттердин, чет мамлекеттердеги, материктер менен океандардагы географиялык аталыштардын сөздүктөрү жана маалымдамалары.
10. Республикалык жана региондук багыттагы геомаалыматтык системаларды түзүү боюнча материалдар жана маалыматтар.
11. Геодезия жана картография жаатындагы программалар, илимий-техникалык отчеттор жана документациялар, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин маалыматтары.
12. Геодезиялык жана картографиялык иштер жаатындагы ченемдик-техникалык документтер.