Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2025-жылдын 10-апрели № 10-1/73
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесинин иш чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – Жер агенттиги) санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн буйрук жарыяланган булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Жер агенттигинин директорунун биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Директор | А.В. Сатывалдиев |