Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 10-1/73 буйругу менен бекитилген 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жөнүндө ЖОБО
1. Кыргыз Республикасында геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөл геодезиялык жана картографиялык ишкердик жаатындагы мамилелердин бардык катышуучулары тарабынан геодезия жана картография боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасында геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөл Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси (мындан ары – Мамкартография) тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат.
– маркшейдердик жана долбоорлоо-изилдөө иштеринин курамындагы астрономиялык-геодезиялык, гравиметриялык, геодезиялык, картографиялык, топографиялык, топография-геодезиялык иштерди, аэрокосмостон сүрөткө тартуу, карта басып чыгаруу жана кадастрдык иштерди, геомаалыматтык системаларды түзүү, стандартташтыруу, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана алардын колдонулушун тартипке салуу боюнча иштерди, ошондой эле башка геодезиялык жана картографиялык иштерди геодезиялык жана картографиялык иштердин, географиялык объекттердин аталыштары маселелери боюнча ченемдик-укуктук актыларга жана ченемдик-техникалык документтерге ылайык аткаруунун тартибин сактоого көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын жана аймактарынын жана административдик-аймактык түзүлүштөрүнүн чектеринин туура сүрөттөлүшүнө;
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондунун жана географиялык аталыштардын мамлекеттик каталогунун материалдарынын жана маалыматтарынын түзүлүшүнө, сакталышына жана алардын колдонулушуна;
– геодезиялык жана картографиялык иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында алынган материалдар жана маалыматтар менен белгиленген тартипте керектөөчүлөрдү камсыз кылууга, ошондой эле бул материалдар менен маалыматтарды эсепке алуу, сактоо, көбөйтүү жана колдонуунун эрежелеринин сакталышына;
– рынок мамилелеринин шарттарында керектөөчүлөрдү сапатсыз топографиялык-геодезиялык жана картографиялык продукциялардан коргоого, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен аткарылуучу топографиялык-геодезиялык, аэрофото сүрөткө тартуу, картографиялык иштердин жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдүн кайталанылышына жол бербөө;
– геодезиялык жана картографиялык иштерди каттоо;
– геодезиялык пункттардын эсебин алуу;
– нөөмөттүк маалымдама карталарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын жана аймактарынын, административдик-аймактык түзүлүштөрүнүн чектеринин өзгөрүштөрүн, ошондой эле жерлердин өзгөрүштөрүн, географиялык объекттердин жоболорун жана алардын аталыштарын чагылдыруу менен ал карталарды жүргүзүү.
4. Мамкартография геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдүн негизги милдеттерине ылайык:
– геодезиялык жана картографиялык иштерди, алардын ичинде метрологиялык камсыздоону жана мамлекеттик стандарттардын талаптарын аткаруунун, ошондой эле графикалык, санариптик, электрондук, фотографиялык жана башка формалардагы ар кандай маалымат алып жүрүүчүлөр берген материалдар менен маалыматтарды эсепке алуу, сактоо, көбөйтүү жана пайдалануунун белгиленген тартибинин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
– графикалык, санариптик, электрондук, фотографиялык жана башка формалардагы ар кандай маалымат алып жүрүүчүлөр берген, карталарды, пландарды, атластарды жана картографиялык материалдарды камтуучу же картографиялык негизи бар башка продукцияларды түзүүнүн жана басып чыгаруунун белгиленген тартибинин сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жана анын аймагы, административдик-аймактык түзүлүштөрдүн чек аралары, географиялык объекттер жөнүндө башка маалыматтардын карталарда, пландарда жана атластарда туура чагылдырылышына жана алардын туура аталышына көзөмөлдү камсыздайт;
– геодезиялык жана картографиялык иштин натыйжасында алынган, мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фондго киргизилчү материалдарды жана маалыматтарды контролдону жүзөгө ашырат;
– республикалык картографиялык-геодезиялык фонддун материалдарын жана маалыматтарын пайдаланууга уруксатты аныкталган тартипте берет;
– мамлекеттик картографиялык-геодезиялык фонддун материалдарынын жана маалыматтарынын пайдаланылышына жана сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
– картографиялык жана геодезиялык бүткөн жумуштардын эсебин жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын аймагынын картографиялык жана геодезиялык изилдениши жөнүндө маалыматтарды жыйнайт жана уюмдарды жана жарандарды ал маалыматтар менен белгиленген тарипте камсыздайт;
– геодезиялык жана картографиялык ишти жүзөгө ашыруучу, бул иштин натыйжаларын ишке ашырган, геодезиялык жана картографиялык материалдар менен маалыматтардын маалыматтык фонддорун жана банктарын түзүүчү уюмдардын реестрин жүргүзөт;
– кадастрлардын геодезиялык жана картографиялык негиздерин бирдей түргө келтирүүгө, санариптик жана электрондук карталардын жана андай карталардын банктарын түзүүнү бирдиктүү маалыматтык камсыздоого көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
– геодезиялык жана картографиялык иштерди аткарган уюмдар тарабынан геодезиялык жана картографиялык жумуштарды долбоорлоо жана аткаруу үчүн баштапкы маалымат катары белгиленген тартипте алынган координаттардын бардык системаларында геодезиялык пункттардын координаттары менен бийиктиктерин өз убагында жок кылуусуна контролду жүзөгө ашырат;
– координаттардын жергиликтүү системаларын белгилөөгө жана колдонууга мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
– мамлекеттик бюджеттин эсебинен аткарылуучу, мындай жумуштардын бардык тапшырыкчылары үчүн милдеттүү болгон топографиялык-геодезиялык, аэрокосмостук, картографиялык жумуштардын жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдүн тапшырыктарын макулдашууну жүзөгө ашырат;
– мыйзамга каршы келген геодезиялык жана картографиялык ишкердикти белгиленген тартипте аныктайт жана токтотот;
– геодезиялык жана картографиялык жумуштарды аткарууга долбоордук-техникалык документтердин экспертизасын жүргүзөт;
– геодезия жана картография жаатындагы мыйзам бузуулар жөнүндө иштерди кароодо эксперт катары катышат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык геодезиялык жана картографиялык материалдардын жана маалыматтардын жашырындуулугунун даражасы жөнүндө эксперттик корутундуларды даярдайт.
5. Мамкартография мамлекеттик геодезиялык торчонун пункттарынын эсебин жүргүзөт жана алардын сакталышы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жүзөгө ашырат.
Геодезиялык пункт атайын борбордон, тышкы белгиден жана геодезиялык пункттун чеги болуп саналуучу арыкча же вал түрүндө тышкы жасалгадан турат.
Геодезиялык пункттун тышкы жасалгасы жок учурда анын чек арасы сырткы белгисинин негизи болуп саналат.
Тышкы белгилери болбогон геодезиялык пункттар жана имараттардын жана башка курулуштардын дубалдарына салынган атайын борборлор үчүн пункттардын жана корголгон зоналардын чектери белгиленбейт.
Геодезиялык пункттун коргоо зонасы жер участогу болуп саналат, анда геодезиялык пункт жана туурасы 1 метр пункттун чегине карата тышкы тарапты туташтыруучу жер тилкеси болуп саналат.
Геодезиялык пункттун коргоо зонасынын чектеринде Мамкартографиянын уруксатысыз тышкы белгини бузууга же жок кылууга, атайын борбордун жайгашкан жеринин өзгөрбөстүгүн бузууга же геодезиялык пунктту багыты боюнча пайдаланууга жана ага эркин кирүүгө кыйынчылык түзүүгө алып келе турган иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
Геодезиялык пункттарды өз ишинде пайдалануучу уюмдар бул пункттардын абалы тууралуу Мамкартографияга маалымат беришет.
Геодезиялык пункттарды бузуу же жок кылуу, ошондой эле алар даярдаган материалдарды уурдоо күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
Геодезиялык пункттарды дайыма изилдеп туруу, калыбына келтирүү жана эсепке алуу Мамкартография тарабынан жүргүзүлөт.
6. Геодезиялык жана картографиялык иштерге мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдү Мамкартографиянын кызмат адамдары жана адистери жүргүзүшөт, алар ушул Жобого ылайык Геодезиялык жана картографиялык иштерди көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекторлор болуп эсептелишет.
7. Мамкартографиянын жетекчиси кызмат орду боюнча геодезиялык жана картографиялык иштерге геодезиялык көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору болот, ал эми мамлекеттик геодезиялык көзөмөл функцияларын аткаруу жүктөлгөн Мамкартографиянын адистери геодезиялык жана картографиялык иштерге геодезиялык көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инспекторлору болушат.
8. Мамлекеттик геодезиялык көзөмөл органдарынын геодезиялык жана картографиялык иштерди көзөмөлдөөчү мамлекеттик геодезиялык жана картографиялык ишкердикти көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекторлору болуп эсептелишкен кызмат адамдарында жана адистеринде тийиштүү күбөлүктөрү болот.
9. Геодезиялык жана картографиялык ишкердикти геодезия көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инспекторлору геодезиялык жана картографиялык жумуштарды аткаруунун эрежелеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырууда уюмдарга белгиленген тартипте кирүү укугуна ээ, ошондой эле:
– уюмдарда геодезиялык, картографиялык, өндүрүштүк-техникалык, долбоордук-сметалык жана ал жумуштардын аткарылышына тиешелүү башка документтер менен таанышууга, жумуштун контролдонуучу объекттерин (участокторун) түздөн -түз изилдөөгө;
– уюмдардын геодезиялык жана картографиялык жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар менен материалдарды эсепке алуунун, сактоонун, көбөйтүүнүн жана пайдалануунун тартибинин сакталышын текшерүүгө, ал материалдарды жана маалыматтарды уруксатсыз алуудан коргоо боюнча чараларды көрүүгө;
– уюмдардын жетекчилерине текшерүүнүн учурунда аныкталган кемчиликтерди жана геодезиялык-картографиялык жумуштарды аткаруунун, бул жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар менен материалдарды эсепке алуунун, сактоонун, көбөйтүүнүн, пайдалануунун жана ал материалдар менен маалыматтарды уруксатсыз алуудан коргоо тартибин бузууну жоюу боюнча аткарылышы милдеттүү болгон жазма эскертүү берүүгө укуктуу.
Аталган мамлекеттик инспекторлор уюмдарды контролдук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, ал уюмдардын жетекчилерине билдирилүүчү жана мамлекеттик геодезиялык көзөмөл органдарынын жетекчилерине бекитүүгө берилүүчү тийиштүү документтерди даярдашат.
10. Геодезиялык жана картографиялык ишкердикти геодезиялык көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басары ушул Жобонун 9-пунктунда каралган укуктардан тышкары төмөнкүлөргө укуктуу:
– уюмдардын жетекчилеринен геодезиялык жана картографиялык жумуштарды аткаруунун, ал жумуштарды жүргүзүүнүн натыйжасында алынган материалдарды жана маалыматтарды эсепке алуунун, сактоонун, көбөйтүүнүн жана пайдалануунун эреже бузууларын четтетүү үчүн кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматты берүүнү талап кылууга;
– геодезиялык жана картографиялык жумуштардын тапшырыкчысына аларды аткаруудагы эреже бузуулар жөнүндө билдирүүгө (жазуу жүзүндө);
– уюмдардан геодезиялык жана картографиялык жумуштарды аткаруунун пландарын, аларды аткарууга байланыштуу ченемдик-техникалык документтерди, ошондой эле мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды сурап алууга;
– мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан административдик-аймактык түзүлүштөрдүн чек араларын өзгөртүүгө, географиялык объекттердин абалын жана аталыштарын өзгөртүүгө тийиштүү мыйзамдык жана башка ченемдик-укуктук актылардын көчүрмөлөрүн, ал өзгөртүүлөрдү нөөмөттүк маалымат картасында чагылдыруу үчүн сурап алууга;
– башка уюмдардын адистерин геодезиялык жана картографиялык жумуштарды кабыл алуу жана мамлекеттик геодезиялык көзөмөл жүргүзүүгө байланышкан текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте (алардын жетекчилери менен макулдашуу боюнча) ишке тартууга.
11. Геодезиялык жана картографиялык жумуштарды аткаруучу же бул жумуштарды аткаруунун натыйжасында алынган материалдарды жана маалыматтарды пайдалануучу уюмдардын жетекчилери геодезиялык жана картографиялык ишкердикти геодезиялык көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик инспекторлоруна алардын кызматтык милдеттерин аткаруусунда геодезиялык жана картографиялык жумуштарды көзөмөлдөөсү үчүн зарыл болгон материалдар менен маалыматтарды тоскоолсуз берүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
12. Геодезиялык жана картографиялык ишкердикке мамлекеттик геодезиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга тоскоол болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.