Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) аткаруу бийлигинин төмөнкүдөй мамлекеттик органы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ишин регламенттейт:
1) санариптештирүү, электрондук башкаруу жаатында, электрондук кол тамганы пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системасы, санариптик технологиялардын, электр жана почта байланышынын, анын ичинде радио жана телеберүүлөрдүн (мындан ары - байланыш) бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, архив иши, киберкоопсуздук (Министрликтин компетенциясынын чегинде), спутник технологиялары, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоону ишке ашыруучу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
4. Министрлик эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын почта администрациясы, Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясы катары чыгат.
5. Министрлик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык болгон акциялар (үлүш) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
6. Министрлик өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча "Өкмөттүк булут - G-Cloud" мамлекеттик платформасынын, ошондой эле башка санариптик технологиялык системалардын жана реестрлердин ээси болуп саналат.
7. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Казыналык системасында эсептери бар.
8. Министрликтин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "СӨИТМ";
- расмий тилде: "МЦРИТ".
9. Министрликтин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көч., 119.
2-глава. Министрликтин максаты
10. Министрликтин ишинин максаты болуп жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө натыйжалуу мамлекеттик саясатты, санариптик инновацияларды колдонуу менен туруктуу өнүктүрүүнү, туруктуулукту, жеткиликтүүлүктү жана киберкоопсуздукту (Министрликтин компетенциясынын чегинде), ошондой эле санариптик чөйрөдө мамлекеттик башкаруунун максаттарына жетүү үчүн укуктук мамилелердин бардык субъекттеринин ишинде интеграциялоону жана шайкештикти калыптандыруу жана жүргүзүү саналат.
3-глава. Министрликтин милдеттери
11. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдү өнүктүрүү жана натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларга санариптик инновацияларды киргизүү;
2) мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону, чечимдерди кабыл алууда санариптик маалыматтарды, санариптик мамлекеттик сервистерди, технологиялык системаларды колдонуу үчүн жеткиликтүүлүктү, алардын колдонуучулардын (жарандардын жана бизнестин) кызыкчылыгында ишенимдүүлүгүн, санариптик туруктуулугун камсыздоо;
3) телекоммуникациялардын атаандаштыгын, туруктуу өнүгүүсүн, телекоммуникациялык түйүндөрдүн өз ара аракеттенүүсүн, туруктуу өнүгүүсүн, байланыштуулугун, шайкештигин камсыздоо;
4) санариптик туруктуулукту, киберкоопсуздукту жана Министрликтин компетенциясына кирген мамлекеттик санариптик ресурстарды, технологиялык системаларды жана түйүндөрдү коргоону камсыздоо;
5) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;
6) мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу маселелери боюнча санариптик чөйрөнүн субъекттеринин, анын ичинде санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин ишин ведомстволор аралык жана тармактар аралык координациялоо;
7) электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, байланыш, киберкоопсуздук, архив иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликке жүктөлгөн башка милдеттерди ишке ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Министрликтин функциялары
12. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты иштеп чыгуу функциялары:
- жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө, анын ичинде санариптештирүү, электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, санариптик документтерди түзүү жана колдонуу, электрондук документ жүгүртүү, санариптик мамлекеттик жана муниципалдык сервистер, санариптик технологиялык системалар, анын ичинде маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору, жасалма интеллект жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
- архив иши жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- электр жана почта байланышы жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын жана чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча аталган актыларды даярдоого катышат;
- тейлеген тармагында укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- электрондук башкаруу жана мамлекеттик каттоо жаатында мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын, илимий-техникалык жана инвестициялык программалардын жана долбоорлордун мамлекеттик заказчысынын функцияларын ишке ашырат;
- байланышты, санариптештирүүнү жана электрондук башкарууну өнүктүрүүгө каралган республикалык бюджеттин жана башка булактардын каражаттарынын башкы тескөөчүсүнүн жана алуучусунун функцияларын аткарат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
эл аралык кызматташуу чөйрөсүндөгү функциялар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө байланыш, санариптештирүү, электрондук кол тамга, электрондук башкаруу, каттоо жана архив иштери чөйрөсүндө эл аралык уюмдар жана башка финансылык институттар менен кызматташууну ишке ашырат;
- компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат, жүктөлгөн ыйгарым укуктарына ылайык аларга кол коёт жана ишке ашырылышын камсыз кылат;
- башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргойт;
- санариптештирүү, электрондук башкаруу жана байланыш жаатында инвестициялык саясатты түзүүгө катышат;
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү функциялар:
- программалык-техникалык комплекстерди, маалыматтык системаларды жана түйүндөрдү иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатында, анын ичинде зарыл болгон стандарттарды жана техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жолу менен бирдиктүү талаптарды түзөт;
- Министрликтин карамагында турган мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын менчик ээси катары чыгат;
- күбөлөндүрүүчү борборлордун кол тамга ачкычтарынын сертификаттарынын бирдиктүү мамлекеттик жалпыга жеткиликтүү реестрин, ошондой эле мыйзамдарга ылайык башка санариптик реестрлерди жүргүзөт;
- заманбап маалыматтык технологияларды, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүгө катышат;
- программалык-техникалык комплекстерди, мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды, анын ичинде электрондук кол тамганы иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыздайт;
- Министрликтин карамагында турган мамлекеттик маалыматтык ресурстарды жана системаларды түзүүнү, сактоону, пайдаланууну, өнүктүрүүнү жана коопсуздугун камсыз кылат;
- убактысын, бүтүндүгүн, аныктыгын, автордугун жана купуялуулугун камсыз кылуу менен юридикалык күчкө ээ болгон электрондук билдирүүлөрдү алуучуга жеткирүүнү камсыздоочу Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасын ишке ашыруу боюнча саясатты аныктайт;
электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү функциялар:
- Кыргыз Республикасында байланыш тармактарын улуттук номерлештирүү планын түзөт, номерлештирүү ресурсун бөлүштүрүү жана колдонуу тартибин аныктайт жана аткарылышын контролдойт;
- жыштыкты камсыздоо планын иштеп чыгат;
- жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуу шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарына эл аралык трафикти өткөрүүнү камсыздоо үчүн шарттарды түзөт;
- почта төлөмдөрүнүн белгилеринин, почта конверттеринин жана ачык каттардын үлгүлөрүн, номиналын жана тиражын аныктайт, аларды басып чыгарууну, таркатууну, ошондой эле почта төлөмдөрүнүн белгилерин басып чыгаруунун тематикалык планын бекитүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы почта байланыш бөлүмдөрүнө почта индекстерин жана почта жөнөтмөлөрүнүн идентификациялык штрих-коддорунун диапазондорун ыйгарат;
- операторлордун, электр байланыш кызматтарынын, почта байланыш ишканаларынын жана байланыш кызматынан пайдалануучулардын ортосунда келип чыккан чыр-чатактарды жөнгө салуу, бейтарап кароо жана чечүү тартибин белгилейт;
архивдик документтер чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын архив ишин башкаруу боюнча функция;
киберкоопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү функциялар:
- киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, ошондой эле киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- киберкоопсуздукка мамлекеттик аудит жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясынын чегинде киберкоркунучтар жана киберинциденттер жөнүндө маалыматтарды чогултууну, талдоону, сактоону жана Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына белгиленген тартипте берүүнү ишке ашырат;
жөнгө салуу функциялары:
- аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлорго карата башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын ишке ашырат;
- күбөлөндүрүүчү борборлорду аккредиттөөнү жүзөгө ашырат, анын ичинде аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борборлор тарабынан ушул күбөлөндүрүүчү борборлор аккредиттелген шайкештик талаптарынын сакталышын текшерет жана алардын сакталбагандыгы аныкталган учурларда аккредитацияны колдонууну токтотуп туруу же аккредитацияны жокко чыгаруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат;
- электрондук башкаруунун инфраструктурасынын реестрин жана базалык маалыматтык ресурстардын реестрин жүргүзүүнү камсыздайт;
- күбөлөндүрүүчү борборлордун кол тамгаларынын ачкыч сертификаттарынын реестрин жүргүзүүнү камсыздайт;
- аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлордун реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондун түзүүнү уюштурат, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынан тышкары жерлердеги тарыхый-маданий мурастардын документтери менен толуктоону уюштурат;
кызмат көрсөтүү функциялары:
- күбөлөндүрүүчү борборлорго электрондук санариптик кол тамганын ачык ачкычына сертификаттарды берет;
- Министрликтин компетенциясына кирген мамлекеттик маанидеги башка документтерди берет;
колдоо функциялары:
- Министрликтин кызматкерлерин даярдоону жана кайра даярдоону, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча финансылык болжолдоону жана пландоону жүзөгө ашырат;
- маалыматтык-коммуникациялык программалык каражаттарды интеграциялоонун ведомстволор аралык системасын ишке киргизет;
- санариптештирүү жана электрондук башкаруу объекттеринин иштөө маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- жеке жана юридикалык жактардын Министрликтин маалыматтык ресурстарын пайдалануу укуктарынын ишке ашуусун камсыздайт;
- аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлорду каттоо жана эсепке алуу боюнча ишти уюштурат;
жасалма интеллект (ЖИ) чөйрөсүндөгү функциялары:
- ЖИни өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- ЖИ-технологияларын этикалык жана коопсуз колдонуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү;
- ЖИ жаатындагы илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды колдоо;
- ЖИ-чечимдерин мамлекеттик жана социалдык маанилүү тармактарга киргизүү;
- мамлекеттик сектордо колдонулуучу ЖИ-чечимдердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү;
инновациялык технологиялар боюнча функциялар:
- өнөр жайга, илимге жана билим берүүгө санариптик технологияларды киргизүүгө колдоо көрсөтүү жана дем берүү;
- технологиялык хабдарды өнүктүрүү;
- санариптик стартаптарды жана чакан инновациялык бизнести санариптештирүү жаатында колдоо;
- технологиялык тренддерге мониторинг жүргүзүү жана алга жылуучу чечимдерди киргизүү;
- технологиялар жана инновациялар жаатында эл аралык кызматташууга көмөктөшүү;
спутник технологиялары чөйрөсүндөгү функциялар:
- Кыргыз Республикасынын аймагында спутник технологияларын өнүктүрүү жана пайдалануу үчүн шарттарды түзүү;
- спутник технологияларын колдонуу чөйрөсүндө эл аралык уюмдар жана өлкөлөр менен кызматташуу;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу маселелери боюнча маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин ишин координациялайт;
- кураторлук кылган тармакта мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин контролдойт жана ишине мониторинг, баалоо жүргүзөт;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ведомстволук бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзөт;
- ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгына баа берет, баалоонун жыйынтыгы боюнча Министрликтин компетенциясынын чегинде сунуштарды иштеп чыгат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
- мамлекеттик жана мамлекеттер аралык телекоммуникациялык, почта жана маалыматтык системаларды жана байланыш тармактарын, ошондой эле электрондук башкарууну координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясынын чегинде илимий-изилдөө, методологиялык, методикалык иштерди координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санариптештирүү чөйрөсүндөгү калкка кызмат көрсөтүүчү субъекттердин ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик маалыматтык системалардын, ресурстардын өз ара аракеттенүүсү жана жалпы пайдалануудагы маалыматтык базаны түзүү, Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык инфраструктурасына интеграциялануучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн локалдык жана глобалдык маалымат сактагычты түзүү боюнча иштерди уюштурат;
- мамлекеттик маалыматтык системаларды иштеп чыгууга карата техникалык тапшырмалардын талаптарын бекитет жана техникалык-экономикалык негиздемелерди, техникалык өзгөчөлүктөрдү жана техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу, маалыматтык системаларга жана технологияларга, ошондой эле алардын программалык жана аппараттык каражаттарына изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды, талдоону жана баалоону уюштуруу жана аткаруу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында илимий-изилдөө жана инновациялык ишти жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынан тышкары, программалык-аппараттык чечимдерди, жалпы мамлекеттик маалыматтык-коммуникациялык регистрлерди жана реестрлерди, ар кандай маалыматтык ресурстарды жана маалыматтык стандартташтыруу системаларын ишке киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;
- маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен квалификацияланган сертификаттар жөнүндө, аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борборлор жөнүндө маалыматтарды сактоону жана сутка бою тоскоолдуксуз пайдаланууну камсыздайт;
- электрондук өз ара аракеттенүү субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттин аткаруу бийлигинин органына берүүгө арналган электрондук документтерди авторлоштурууну жана ырастоону камсыздайт;
- улуттук коопсуздук, коргоо, укук тартибин сактоо кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыздайт;
- архив ишин координациялайт;
- ачык маалыматтар чөйрөсүндөгү иштерди координациялоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды, мекемелерди мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт;
- мамлекеттик органдар менен бирдикте жарандык коргонуу боюнча иш-чараларга байланыш системаларын даярдоонун мобилизациялык пландарын иштеп чыгат;
– мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервин түзөт (коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынан тышкары).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Министрлик жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
5-глава. Министрликтин укуктары
14. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө жаңы технологияларды киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын суроо-талабы боюнча электрондук башкаруу жаатында эксперттик жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде окутууга;
2) санариптештирүү, электрондук башкаруу жана байланыш чөйрөсүндөгү субъекттер үчүн сунуштамаларды иштеп чыгууга;
3) мамлекеттин атынан акционер (катышуучу) катары чыккан чарбалык коомдордун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана/же жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
5) зарыл болгон адистерди жана эксперттерди, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин тартуу менен Министрликтин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте кеңештерди, комиссияларды, жумушчу топторду жана эксперттик топторду түзүүгө;
6) белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды, документтерди, маалыматтарды сурап алууга;
7) белгиленген тартипте кеңешмелерди, семинарларды, тренингдерди жана Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча окутуунун жана талкуулоонун башка түрлөрүн уюштурууга жана өткөрүүгө;
8) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик маалыматтык системалардын жана ресурстардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга;
9) электрондук башкаруу инфраструктурасын куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды, нускамаларды, методикаларды жана колдонмолорду иштеп чыгууга жана чыгарууга;
11) башка мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтык ресурстарга экспертиза жана техникалык жөнгө салуу жүргүзүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча электр байланышы жаатындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүүгө;
13) ведомстволук уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн макулдашууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында спутник технологиялары, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект, инновациялык технологиялар, байланыш, санариптештирүү, киберкоопсуздук, электрондук кол тамга, электрондук башкаруу жана башка өлкөлөрдүн каттоо системасы жаатында эл аралык уюмдар жана жөнгө салуу органдары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерди түзүүгө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө же Министрликтин функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн илимий-изилдөө жана башка иштерге катышууга;
16) Министрликтин маалыматтык системаларын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Министрликтин ишин автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн маалыматтык системаларды, техникалык чечимдерди киргизүүгө жана колдоого;
17) Министрликтин иши, анын ичинде укуктук маселелер боюнча маалыматтарды чагылдырууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
18) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жеке мүнөздөгү маалыматтарды иштетүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактарга берүүгө;
19) электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, байланыш, киберкоопсуздук, архив иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Министрликтин ишин уюштуруу
15. Министрликти "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри (мындан ары - министр) жетектейт.
16. Министрликте министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.
17. Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат.
Министрдин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары министрдин сунушусуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
18. Министр:
1) Министрликтин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, белгиленген тартипте Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коёт;
3) өзүнүн компетенциясынын же берилген ыйгарым укуктардын чегинде чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин атынан эл аралык келишимдерге кол коёт;
5) министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
6) борбордук аппараттын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет. Ошол эле учурда министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
7) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка тартип каралбаса, белгиленген ченемдердин алкагында Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашат;
8) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ведомстволук бөлүмдөрдүн киреше жана чыгаша сметаларын макулдашат;
9) киреше жана чыгаша сметаларын бекитет, Министрликти каржылоо бөлүгүндө республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурат;
10) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
11) Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
12) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында жана мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана ээлеген кызматынан бошотот;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин биринчи орун басарын, министрдин орун басарларын жана Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды киргизет;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу боюнча сунуштарын киргизет;
15) Министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
16) Министрликтин системасынын кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
17) Министрликтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, мамлекеттик сыйлыктарын тапшырууга жана ардактуу наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
18) Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет, алардын аткарылышын контролдойт;
19) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
20) Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн айырмалоочу белгилерин, башка расмий символдорун уюштуруу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет, ошондой эле ушул айырмалоочу белгилер жана башка расмий символдор жөнүндө жобону жана алардын сыпаттамасын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
21) карамагындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоо аркылуу жоопкерчилик тартат;
211) мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрлар резервинде турган талапкерлердин ичинен мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын (коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынан тышкары) дайындоо үчүн сунуш киргизүүгө макулдук берет;
212) мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын (коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынан тышкары) кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына киргизилген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат, иштин тейлеген багыттары боюнча иштөөнү уюштурушат.
20. Министрликте 11 адамдан турган курамда коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан бир өкүл кирет.
Министрликтин коллегиясынын мүчөлөрүнүн жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
Коллегиянын төрагасы болуп кызмат орду боюнча министр, өзгөчө учурларда министрдин биринчи орун басары же министрдин орун басарларынын бири саналат.
21. Ведомстволук уюмдар өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген жоболорго жана уставдарга ылайык өз алдынча жүргүзүшөт жана түздөн-түз Министрликке баш ийишет.
22. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук уюмдарын күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7-глава. Корутунду жоболор
23. Министрликтин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
24. Министрликтин иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.