Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна) |
Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартибин карайт.
2. Бул Жобонун колдонулушу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дайындалуучу жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды берүү маселелери боюнча КМШнын мүчө мамлекеттеринин мамлекеттер аралык макулдашууларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары - КМШ) мүчө мамлекеттердин жарандарына карата жайылтылат.
2-глава. Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсация алуу укугу
3. Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсация (мындан ары - ар айлык компенсация) алуу укугуна Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 132 "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Жарлыгы менен белгиленген өлчөмдөрдө жарандардын айрым категориялары ээ.
4. Ар айлык компенсация алуучулардын ар бир категориясы үчүн компенсация алуучунун жашаган жерине (шаар - айыл) карабастан ар айлык компенсациянын бирдиктүү бекитилген өлчөмү белгиленет.
5. Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу) жашаган ар айлык компенсация алуу укугуна ээ болгон адамдарга ар айлык компенсация толук көлөмдө төлөнөт.
6. Бир нече негиз боюнча ар айлык компенсация алуу укугуна ээ болгон адамдарга ар айлык компенсация алуу үчүн негиздердин бирин гана тандоо укугу берилет.
7. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, көрүүсү боюнча III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, 18 жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (көрүүсү, угуусу боюнча) балдардын ар айлык компенсация алууга укугу жок.
8. Эгерде ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн категориядагы жарандар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде каттоодо турса, анда алардын ар айлык компенсация алуу укугу төмөнкүлөр үчүн сакталат:
1) көрүүсү боюнча III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - майыптыктын мөөнөтү аяктаганга чейин;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (көрүүсү, угуусу боюнча) балдар - 18 жашка толгонго чейин.
3-глава. Ар айлык компенсацияны дайындоо үчүн зарыл болгон документтер
9. Ар айлык компенсацияны дайындоого арыз жашаган/турган жерине карабастан арыз ээсинин кайрылган жери боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча аймактык бөлүмгө берилет. Мында арыз ээсинин идентификациялык жеке номери болушу керек.
Ар айлык компенсация дайындоого арыз Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
10. Ар айлык компенсация дайындоо жөнүндө арыз ушул Жобонун тиркемесинде каралган маалыматтар болгон жана документтер/маалымкаттар берилген шартта каралат.
Мында мамлекеттик органдардан ар айлык компенсация дайындалууга тийиш болгон арыз ээси жөнүндө маалыматтарды суроо "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик органдардын маалымат системаларында арыз ээсинин ар айлык компенсация алуу укугуна статусун ырастоочу электрондук маалыматтар жок болгон учурда, аймактык бөлүм арыз ээсине ушул Жобонун тиркемесинде каралган тизмекке ылайык документтерди/маалымкаттарды кагаз жүзүндө берүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
11. Документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте түп нускалар менен салыштырылат жана аларды идентификациялоо (түп нускаларга ылайык келиши) фактысын ырастоо менен аймактык бөлүмдүн адиси тарабынан виза коюлат, аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Ар айлык компенсацияны дайындоого арызды каттоо аймактык бөлүмдөрдө алуучунун статусун ырастаган, колдонуу мөөнөтү жарактуу документтердин толук топтому болгондо гана жүргүзүлөт.
13. Ар айлык компенсация дайындалууга тийиш болгон адам жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз болгон учурда, ар айлык компенсацияны дайындоо жөнүндө арыз анын ата-энесинин (асырап алуучулардын, камкорчулардын/көзөмөлчүлөрдүн) бири тарабынан берилет.
14. Эгерде арыз ээси же анын үй-бүлө мүчөсү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам (мындан ары - ДМЧА) болсо, анда ар айлык компенсацияны дайындоо үчүн арыз ээсинин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн майыптыгы, майыптыгынын мөөнөтү жөнүндө ырастоочу документтер аймактык бөлүм тарабынан Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) маалыматтар базасы аркылуу Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы жардамы менен суралат. МСЭКтин базасынан алынган майыптыгы жөнүндө маалыматтар басып чыгарылат жана өздүк делого салынат. МСЭКтин базасында ДМЧА жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда МСЭКтин кагаз жүзүндө маалымкаты талап кылынат, ал өздүк делого салынат.
15. Ар айлык компенсация алуучулар документтерди жаңылоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында, төмөнкү документтердин колдонуу мөөнөттөрү аяктаганга чейин кайрылууга тийиш:
1) майыптыгын кайра күбөлөндүрүү жөнүндө;
2) паспорт;
3) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучунун 18 жашка чейинки баласына берилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин райондук деңгээлдеги регистринин маалымкаты (жыл сайын жаңылануучу);
4) жашап турууга уруксат.
16. Аймактык бөлүмдөр берилген документтердин колдонуу мөөнөтүн туруктуу негизде текшерип турат. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин биринин колдонуу мөөнөтү аяктаганда дайындалган ар айлык компенсацияны төлөө төмөнкүдөй мөөнөткө токтотулуп турат:
1) үч айга чейин - МСЭКте майыптыгын кайра күбөлөндүрүү үчүн;
2) үч айга чейин - паспортту жаңылоо үчүн;
3) эки айга чейин - 18 жашка чейинки балдарга берилүүчү Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин райондук деңгээлдеги регистринин маалымкатын жаңылоо үчүн;
4) бир айга чейин - жашап турууга уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн.
17. Документтерди жаңыртуу жөнүндө маалыматтарды/маалымкаттарды ар айлык компенсация төлөөнү кайра улантуу алуучу жаңыланган документти алган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
Алуучунун күнөөсү боюнча өтүп кеткен айлар үчүн ар айлык компенсация төлөнбөйт.
Эгерде алуучу себептердин объективдүүлүгү (ооруп калуу, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу) жөнүндө ырастоочу документтерди берсе, ар айлык компенсация төлөө ал токтото турулган күндөн тартып кайра улантылат.
4-глава. Ар айлык компенсация дайындоо тартиби жана ар айлык компенсация төлөөнү токтотуу шарттары
18. Ар айлык компенсация дайындоо арыз берүү принциби боюнча аймактык бөлүмдөр тарабынан арыз ээсинин жашаган/жүргөн жерине карабастан кайрылган жери боюнча арыз ээсинин ар айлык компенсация алуучу катары аймактык бөлүмдө катталган күндөн тартып кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
19. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шартында дайындалган ар айлык компенсацияларды төлөө мөөнөтү ушул Жобонун 16-пунктунда жана тиркемесинде көрсөтүлгөн, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал мезгилинде колдонуу мөөнөтү аяктай турган документтерди талап кылбастан, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.
20. Иштөө же окуу үчүн республиканын чегинен тышкары узак убакытка кетип жаткан ар айлык компенсация алуучулар үчүн ар айлык компенсация алуу укугу сакталат.
Ар айлык компенсация алуучу өзүнүн убактылуу жок болгон мезгилине башка адамга бир жылдан ашпаган мөөнөткө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат берүү менен ага ар айлык компенсация алуу үчүн ыйгарым укук берүүгө милдеттүү. Алуучу ишеним катты тариздебестен кеткен учурда ар айлык компенсация төлөнбөйт.
Республиканын чегинен тышкары жүргөн алуучу каза болгон учурда ал үчүн ар айлык компенсация алууга ыйгарым укуктуу адам алуучу каза болгон күндөн тартып үч айдын ичинде бул тууралуу аймактык бөлүмгө кабарлоого милдеттүү.
Ошол эле учурда ашыкча төлөнгөн сумма ишенимдүү адам тарабынан калыбына келтирилет. Макул болбогон учурда калыбына келтирүү маселеси сот тартибинде чечилет.
21. Эгерде ар айлык компенсация алуучу республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен учурда аймактык бөлүм алуучунун арызынын негизинде аны эсептен чыгарат. Республиканын чегинен тышкары өздүк делону жиберүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап келип түшкөндө аймактык бөлүм жазуу жүзүндөгү суроо-талап катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде алуучунун өздүк делосунун көчүрмөсүн жиберет.
22. Алуучунун республика ичиндеги жашаган жери өзгөргөн учурда алуучу аймактык бөлүмгө жаңы жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен аны эсептен чыгаруу жөнүндө арыз берет. Аймактык бөлүм алуучунун арызынын негизинде аны эсептен чыгарат жана алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө ар айлык компенсацияны алуу укугун ырастаган документтерди берет. Алуучунун жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүм мурунку жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдөн алынган маалыматтардын негизинде ар айлык компенсация төлөөнү кайра улантат.
Эгерде алуучуну аймактык бөлүмдөгү эсептен чыгарууда алуучу жаңы жашаган жеринин дарегин билбесе, анда жаңы жашаган жери боюнча ар айлык компенсация төлөө алуучунун арызынын жана паспортунун негизинде жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө кайрылганда жүргүзүлөт.
Мурунку жашаган жери боюнча эсептен чыгарылган күн менен жаңы жашаган жери боюнча эсепке коюлган күндүн ортосундагы мөөнөт үч айдан ашпоого тийиш. Бул учурда жаңы жашаган жери боюнча ар айлык компенсацияны төлөөнү улантуу мурдагы жашаган жери боюнча ар айлык компенсация акыркы жолу төлөнгөндөн кийинки айдан баштап жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөттөн жүйөсүз себептер менен ашып кеткен учурда ар айлык компенсация төлөө жаңы жашаган жери боюнча аймактык бөлүмдө эсепке коюлган айдан тартып кайра улантылат.
Эгерде алуучу аймактык бөлүмгө жүйөлүү себептер (ооруу, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин киргизүү) менен үч ай өткөндөн кийин кайрылса, ар айлык компенсацияны төлөө ал токтотулган күндөн тартып кошумча үч айга узартылат.
23. Аймактык бөлүмдөр ар айлык компенсация алуучулардын каза болгон учурлары тууралуу маалыматты ведомстволор аралык маалымат алмашуу аркылуу автоматтык түрдө текшерүүнү (верификациялоону) жүргүзөт.
24. Ар айлык компенсацияны төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) талап кылынган документтер белгиленген мөөнөттөрдө берилбесе;
2) алуучу республикадан тышкары туруктуу жашоого чыгып кетсе;
3) ар айлык компенсация дайындалган адам каза болсо;
4) ар айлык компенсация дайындалган Чернобыль АЭСинин катышуучусунун баласы, небереси 18 жашка толсо;
5) майыптыгы жөнүндө маалымкатты колдонуу мөөнөтү аяктаса;
6) дайындалган ар айлык компенсацияны 12 айдын ичинде албаса;
7) ар айлык компенсацияны негизсиз дайындоо фактысы белгиленсе.
5-глава. Ар айлык компенсациянын өлчөмдөрүн эсептөөнүн жана кайра эсептөөнүн тартиби
25. Бийик тоолуу жана алыскы зоналардын жашоочуларына ар айлык компенсация райондук коэффициентти эске албастан дайындалат.
26. Ар айлык компенсацияны кайра эсептөө төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- ар айлык компенсациянын өлчөмү өзгөрсө;
- ар айлык компенсация дайындалган адам каза болсо.
27. Ар айлык компенсациянын өлчөмдөрүн кайра эсептөө өзгөртүүлөр болгон айдын биринчи күнүнөн тартып же ар айлык компенсациянын өлчөмүн өзгөртүүнү караган тиешелүү ченемдик укуктук актыда көрсөтүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт.
6-глава. Каржылоо булагы
28. Ар айлык компенсацияны, ошондой эле аны төлөө жана жеткирүү менен байланышкан бардык чыгымдарды каржылоонун булагы болуп республикалык бюджет саналат.
7-глава. Ар айлык компенсацияны дайындоонун жана төлөөнүн тууралыгына жоопкерчилик
29. Мамлекеттик органдардын жетекчилери ар айлык компенсацияны дайындоо, каржылоо жана төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
30. Акчалай компенсациялардын өз убагында жана туура төлөнүшүн жана каржыланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо каралган.
31. Аймактык бөлүмдүн күнөөсү боюнча өз убагында дайындалбаган жана/же төлөнбөгөн ар айлык компенсация өткөн мезгил үчүн кандайдыр бир мөөнөттөрдү чектебестен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дайындалат.
Ошол эле учурда ар айлык компенсацияларды дайындоо жана төлөө мөөнөттөрүн бузууга жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
32. Ар айлык компенсациянын ашыкча төлөнгөн суммасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын эсебинен республикалык бюджетке өндүрүлөт.
Ошол эле учурда эгерде ашыкча төлөм төмөнкүлөрдүн күнөөсү боюнча жүргүзүлсө:
1) ар айлык компенсацияны туура эмес дайындаган аймактык бөлүмдүн адисинин - ашыкча төлөнгөн суммалар ошол адис тарабынан орду толтурулат;
2) ар айлык компенсация дайындоо үчүн негиз болгон туура эмес маалыматтар менен документти берген мамлекеттик органдын адисинин - ашыкча төлөнгөн суммалар ошол адис тарабынан орду толтурулат;
3) ар айлык компенсация алуучунун - ашыкча алынган суммалар мурда ар айлык компенсация алган адам тарабынан орду толтурулат.
33. Аймактык бөлүмдүн адисинин, мамлекеттик органдын адисинин күнөөсү боюнча ашыкча төлөнгөн сумма адистердин эмгек акысынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө эмгек акыдан Кыргыз Республикасынын эмгек жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке кармалып калат.
34. Күнөөлүү адамдар ашыкча төлөнгөн сумманын ыктыярдуу түрдө ордун толтурууга макул болбогон учурда карыз сот тартибинде өндүрүлөт.
Ар айлык компенсацияны дайындоодо жана төлөөдө келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык чечилет.
8-глава. Ар айлык компенсациядан кармап калуулар
35. Ар айлык компенсациянын ашыкча төлөнгөн суммаларын кармап калуу соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте соттун чечимдеринин, аныктамаларынын, токтомдорунун, өкүмдөрүнүн, башка чечимдеринин жана Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын жана аткаруу өндүрүшүнүн статусу жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылуучу токтомдорунун негизинде жүргүзүлөт.
36. Ар айлык компенсациядан кармап калуулардын өлчөмдөрү төлөө үчүн алуучуга тийиштүү болгон суммадан, бирок ар айлык компенсациянын бир айлык өлчөмүнүн 50 (элүү) пайызынан ашык эмес эсептелет.
37. Ар айлык компенсациядан жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн башка эч кандай башка кармап калууларга жол берилбейт.
38. Ар айлык компенсациянын ашыкча төлөнгөн суммалары боюнча карыз толугу менен төлөнгөнгө чейин ар айлык компенсацияны төлөө токтотулган учурда калган карыз сот тартибинде өндүрүлөт.
39. Кармап калуунун суммасы республикалык бюджетке орду толтурулат.
|
| Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
Ар айлык компенсацияны дайындоо үчүн документтердин ТИЗМЕГИ
№ | Ар айлык компенсацияны алуучулардын категориялары | Маалыматтарды/документтерди берүү форматы | |
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына суроо-талап кылуу аркылуу | Арыз ээси тарабынан берилүүчү документ/маалымкат | ||
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Улуу Ата Мекендик согуштун (мындан ары - УАМС) катышуучулары | УАМСка катышкандыгы тууралуу маалыматтар | арыз ээсинин паспорту |
2 | УАМСтын майыптары | 1) Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
3 | Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары |
| 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде концлагерлерде, геттолордо, фашисттер жана алардын союздаштары Германиянын жана ага союздаш өлкөлөрдүн аймактарында, ошондой эле мурдагы СССРдин жана Европа өлкөлөрүнүн алар басып алган аймактарында түзүшкөн мажбурлап кармоочу башка жерлерде болгон фактысын ырастаган согуш убагындагы документтери же болбосо концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген (мурдагы СССРдин басып алынган аймактарында нацисттик куугунтуктоолор колдонулган учурга карата 18 жашка чейинки курактагы) туткундары үчүн керектүү маалыматтарды камтыган архивдик жана башка мекемелердин маалымкаттары же башка документтери |
4 | "За оборону Ленинграда" медалы же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар |
| 1) арыз ээсинин паспорту; 2) "За оборону Ленинграда" медалынын же "Жителю блокадного Ленинграда" белгисинин күбөлүктөрү |
5 | УАМС жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар | МСЭКтин майыптыгы тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) УАМС мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгеги жана өзгөчөлүгү үчүн уюштурулган сыйлыктардын ордендик китепчелери же күбөлүктөрү. Мындай сыйлыктарга УАМС мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгеги жана өзгөчөлүгү үчүн уюштурулган төмөнкү медалдар кирет: - "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Японией"; - "За отвагу"; - Ушаков медалы; - "За боевые заслуги"; - Нахимов медалы; - "За трудовую доблесть"; - "За трудовое отличие"; - "За оборону Москвы"; - "За оборону Одессы"; - "За оборону Севастополя"; - "За оборону Сталинграда"; - "За оборону Киева"; - "За оборону Кавказа"; - "За оборону Советского Заполярья". Согуштан кийинки мезгилде (1945-1949-жылдар) сыйлоо документтери жоголуп кеткен учурда, күбөлүктүн номерин жана сыйланган күндү көрсөтүү менен эмгек китепчесиндеги жазуу же архив мекемесинин маалымкаты талап кылынат. "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг." медалы менен сыйланган адамдар облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын 1988-1995-жылдардагы чечимдери боюнча медалдардын күбөлүктөрүн же аталган чечимдердин көчүрмөлөрүн көрсөтөт |
6 | УАМС жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы жок адамдар | ||
7 | Саясий жана диний ынанымдары, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркаган, реабилитацияланган жарандар | 1) пенсиянын дайындалгандыгы жөнүндө маалыматтар; 2) МСЭКтин майыптык тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын саясий жана диний ынанымдары, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркагандарды реабилитациялоо же жабыркагандар деп таануу жөнүндө маалымкаты |
8 | УАМСте курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1) никеси тууралуу маалыматтар (жубайына ай сайын компенсация дайындоодо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтар (каза болгон жоокердин ата-энесинин бирине ай сайын компенсация дайындоодо); 3) УАМСтин катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар; 4) УАМСте аскер кызматчысынын кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) райондук/шаардык аскер комиссариаттары тарабынан берилген УАМСте аскер кызматчысынын каза болгондугу тууралуу маалымкат |
9 | УАМСтин каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1) никеси тууралуу маалыматтар; 2) УАМСтин катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар; | арыз ээсинин паспорту |
10 | УАМСтин каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1) никеси тууралуу маалыматтар; 2) УАМСтин катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар | арыз ээсинин паспорту |
11 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерде жаракат алган майып аскер кызматчылары | 1) башка мамлекеттердин аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусундагы согуштук аракеттерге катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) МСЭКтин майыптык тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптык жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
12 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту |
13 | СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган аскер кызматчылары | 1) Советтик армияда аскердик кызмат өтөгөндүгү тууралуу маалыматтар; 2) МСЭКтин аскердик кызматты өтөөдө майыптыкты алгандыгы тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптык жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
14 | Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1) никеси тууралуу маалыматтар (жубайына ай сайын компенсация дайындоодо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтар (ата-энесинин бирине ай сайын компенсация дайындоодо); 3) аскер кызматчысынын каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) райондук, шаардык аскер комиссариаттары тарабынан берилген аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда аскер кызматчысынын курман болгондугу жөнүндө маалымкат |
15 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар | 1) аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) МСЭКтин майыптык тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин оорусу ЧАЭС апаатына байланыштуу экендиги тууралуу корутундусу; 3) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы тууралуу маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
16 | 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | Аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан датаны көрсөтүү менен ишкананын маалымкаты; 3) Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу |
17 | 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | Аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту |
18 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен каза болгондордун, нур оорусунун кесепетинен каза болгондордун, 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюуда каза болгон майыптардын жана катышуучулардын үй-бүлөлөрү | 1) никеси тууралуу маалыматтар (1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюуда курман болгон же каза болгон майыптын же катышуучунун жубайына компенсация дайындоодо); 2) туулгандыгы тууралуу маалыматтар (курман болгондун же каза болгондун ата-энесинин бирине ай сайын компенсация дайындоодо) | Арыз ээсинин паспорту |
19 | Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушар болгон ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлөрдөн улам тукум куума оорулары жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары | 1) баланын туулгандыгы тууралуу маалыматтар; 2) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар (атасы, чоң атасы) | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун катышуучусунун өзүнүн (атасы, чоң атасы) аварияны жоюуга катышкан датасын көрсөтүү менен ишкананын маалымкаты; 3) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун түздөн-түз катышуучусуна (атасына, чоң атасына) берилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу; 4) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ата-энелеринин радиоактивдүү нурлануусунун мүмкүн болуучу генетикалык кесепеттери менен шартталган тукум куума оорулары болгон учурда радиациядан жабыр тарткандардын биринчи жана кийинки эки муундарынын балдары (18 жашка чейинки) үчүн - Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин маалымкаты |
20 | Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жаракаттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен улам кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү | 1) никеси тууралуу маалыматтар (жубайына ай сайынкы компенсация дайындоодо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтары (ата-энесинин бирине ай сайын компенсация дайындоодо); 3) ички иштер кызматкеринин каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзын аткарууга байланыштуу жубайынын, уулунун (кызынын) курман болгондугу жөнүндө маалымкат же кызмат өтөө мезгилинде алган жаракаттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен каза болгондугунун себептерин көрсөтүү менен кызматтан бошогондон кийин каза болгондугу тууралуу күбөлүк |
21 | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" наамын ыйгаруу жөнүндө буйруктун бар экендиги тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту |
22 | Көрүүсү боюнча (биринчи жана экинчи топтогу) жана угуусу боюнча бала кезинен (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | Майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалымат жок болгон учурда) |
23 | 1993-1999-жылдары тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары | 1993-жылдан баштап 1999-жылга чейинки мезгилде тажик-афган мамлекеттик чек ара участокторун кайтарууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин архивдик маалымкаты (аскер кызматчысынын 1993-жылдан 1999-жылга чейинки мезгилде тажик-афган мамлекеттик чек арасынын участокторун кайтарууга катышуусун ырастаган документ) (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматтык системасында маалыматтар жок болгон учурда) |
|
| 2-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтому менен бекитилди) |
Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)

№ | Ар айлык компенсацияны алуучулардын категориялары | Маалыматтарды/документтерди берүү форматы |
| |
"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык системаларына суроо-талап кылуу аркылуу | Арыз ээси тарабынан берилүүчү документ/маалымкат |
| ||
1 | 2 | 3 | 4 |
|
1 | Улуу Ата Мекендик согуштун (мындан ары - УАМС) катышуучулары | УАМСка катышкандыгы тууралуу маалыматтар | арыз ээсинин паспорту |
|
2 | УАМСтын майыптары | 1) Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
|
3 | Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары |
| 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде концлагерлерде, геттолордо, фашисттер жана алардын союздаштары Германиянын жана ага союздаш өлкөлөрдүн аймактарында, ошондой эле мурдагы СССРдин жана Европа өлкөлөрүнүн алар басып алган аймактарында түзүшкөн мажбурлап кармоочу башка жерлерде болгон фактысын ырастаган согуш убагындагы документтери же болбосо концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген (мурдагы СССРдин басып алынган аймактарында нацисттик куугунтуктоолор колдонулган учурга карата 18 жашка чейинки курактагы) туткундары үчүн керектүү маалыматтарды камтыган архивдик жана башка мекемелердин маалымкаттары же башка документтери |
|
4 | "За оборону Ленинграда" медалы же "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар |
| 1) арыз ээсинин паспорту; 2) "За оборону Ленинграда" медалынын же "Жителю блокадного Ленинграда" белгисинин күбөлүктөрү |
|
5 | УАМС жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы бар адамдар | МСЭКтин майыптыгы тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) УАМС мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгеги жана өзгөчөлүгү үчүн уюштурулган сыйлыктардын ордендик китепчелери же күбөлүктөрү. Мындай сыйлыктарга УАМС мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгеги жана өзгөчөлүгү үчүн уюштурулган төмөнкү медалдар кирет: - "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг."; - "За победу над Японией"; - "За отвагу"; - Ушаков медалы; - "За боевые заслуги"; - Нахимов медалы; - "За трудовую доблесть"; - "За трудовое отличие"; - "За оборону Москвы"; - "За оборону Одессы"; - "За оборону Севастополя"; - "За оборону Сталинграда"; - "За оборону Киева"; - "За оборону Кавказа"; - "За оборону Советского Заполярья". Согуштан кийинки мезгилде (1945-1949-жылдар) сыйлоо документтери жоголуп кеткен учурда, күбөлүктүн номерин жана сыйланган күндү көрсөтүү менен эмгек китепчесиндеги жазуу же архив мекемесинин маалымкаты талап кылынат. "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг." медалы менен сыйланган адамдар облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын 1988-1995-жылдардагы чечимдери боюнча медалдардын күбөлүктөрүн же аталган чечимдердин көчүрмөлөрүн көрсөтөт |
|
6 | УАМС жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптыгы жок адамдар |
| ||
7 | Саясий жана диний ынанымдары, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркаган, реабилитацияланган жарандар | 1) пенсиянын дайындалгандыгы жөнүндө маалыматтар; 2) МСЭКтин майыптык тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын саясий жана диний ынанымдары, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркагандарды реабилитациялоо же жабыркагандар деп таануу жөнүндө маалымкаты |
|
8 | УАМСте курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1) никеси тууралуу маалыматтар (жубайына ай сайын компенсация дайындоодо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтар (каза болгон жоокердин ата-энесинин бирине ай сайын компенсация дайындоодо); 3) УАМСтин катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар; 4) УАМСте аскер кызматчысынын кызматтык милдеттерин аткарууда каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) райондук/шаардык аскер комиссариаттары тарабынан берилген УАМСте аскер кызматчысынын каза болгондугу тууралуу маалымкат |
|
9 | УАМСтин каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1) никеси тууралуу маалыматтар; 2) УАМСтин катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар; | арыз ээсинин паспорту |
|
10 | УАМСтин каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1) никеси тууралуу маалыматтар; 2) УАМСтин катышуучусунун каза болгондугу тууралуу маалыматтар | арыз ээсинин паспорту |
|
11 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерде жаракат алган майып аскер кызматчылары | 1) башка мамлекеттердин аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусундагы согуштук аракеттерге катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) МСЭКтин майыптык тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптык жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
|
12 | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары | Башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту |
|
13 | СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган аскер кызматчылары | 1) Советтик армияда аскердик кызмат өтөгөндүгү тууралуу маалыматтар; 2) МСЭКтин аскердик кызматты өтөөдө майыптыкты алгандыгы тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптык жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
|
14 | Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү | 1) никеси тууралуу маалыматтар (жубайына ай сайын компенсация дайындоодо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтар (ата-энесинин бирине ай сайын компенсация дайындоодо); 3) аскер кызматчысынын каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) райондук, шаардык аскер комиссариаттары тарабынан берилген аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда аскер кызматчысынын курман болгондугу жөнүндө маалымкат |
|
15 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар | 1) аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар; 2) МСЭКтин майыптык тууралуу маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин оорусу ЧАЭС апаатына байланыштуу экендиги тууралуу корутундусу; 3) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы тууралуу маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалыматтар жок болгон учурда) |
|
16 | 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | Аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан датаны көрсөтүү менен ишкананын маалымкаты; 3) Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу |
|
17 | 1988-1989-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | Аскер кызматчысынын Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту |
|
18 | Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен каза болгондордун, нур оорусунун кесепетинен каза болгондордун, 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюуда каза болгон майыптардын жана катышуучулардын үй-бүлөлөрү | 1) никеси тууралуу маалыматтар (1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюуда курман болгон же каза болгон майыптын же катышуучунун жубайына компенсация дайындоодо); 2) туулгандыгы тууралуу маалыматтар (курман болгондун же каза болгондун ата-энесинин бирине ай сайын компенсация дайындоодо) | Арыз ээсинин паспорту |
|
19 | Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушар болгон ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлөрдөн улам тукум куума оорулары жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары | 1) баланын туулгандыгы тууралуу маалыматтар; 2) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандыгы тууралуу маалыматтар (атасы, чоң атасы) | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун катышуучусунун өзүнүн (атасы, чоң атасы) аварияны жоюуга катышкан датасын көрсөтүү менен ишкананын маалымкаты; 3) Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюунун түздөн-түз катышуучусуна (атасына, чоң атасына) берилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу; 4) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан ата-энелеринин радиоактивдүү нурлануусунун мүмкүн болуучу генетикалык кесепеттери менен шартталган тукум куума оорулары болгон учурда радиациядан жабыр тарткандардын биринчи жана кийинки эки муундарынын балдары (18 жашка чейинки) үчүн - Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин маалымкаты |
|
20 | Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жаракаттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен улам кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү | 1) никеси тууралуу маалыматтар (жубайына ай сайынкы компенсация дайындоодо); 2) аскер кызматчысынын туулгандыгы тууралуу маалыматтары (ата-энесинин бирине ай сайын компенсация дайындоодо); 3) ички иштер кызматкеринин каза болгондугу тууралуу маалыматтар | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) кызматтык милдеттерин жана кызматтык парзын аткарууга байланыштуу жубайынын, уулунун (кызынын) курман болгондугу жөнүндө маалымкат же кызмат өтөө мезгилинде алган жаракаттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен каза болгондугунун себептерин көрсөтүү менен кызматтан бошогондон кийин каза болгондугу тууралуу күбөлүк |
|
21 | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" наамын ыйгаруу жөнүндө буйруктун бар экендиги тууралуу маалыматтар | Арыз ээсинин паспорту |
|
22 | Көрүүсү боюнча (биринчи жана экинчи топтогу) жана угуусу боюнча бала кезинен (тубаса дүлөй, дүлөй-дудук) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар | Майыптыгы тууралуу МСЭКтин маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) МСЭК тарабынан берилген майыптыгы жөнүндө маалымкат (МСЭКтин маалыматтар базасында маалымат жок болгон учурда) |
|
23 | 1993-1999-жылдары тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары | 1993-жылдан баштап 1999-жылга чейинки мезгилде тажик-афган мамлекеттик чек ара участокторун кайтарууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары | 1) арыз ээсинин паспорту; 2) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн архивдик маалымкаты (аскер кызматчысынын 1993-жылдан 1999-жылга чейинки мезгилде тажик-афган мамлекеттик чек арасынын участокторун кайтарууга катышкандыгын ырастоочу документ) (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн маалыматтык системасында маалыматтар жок болгон учурда) |
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык) | ||||