Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 9-апрели № 78
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына берилүүчү ыйгарым укуктарынын тизмеги ушул тескеменин тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жогоруда аталган ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин башка чечимдеринде каралган ыйгарым укуктарга кошумча жүзөгө ашырылат;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына жогоруда аталган ыйгарым укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин зарыл болгон учурда жогоруда аталган ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү чечимдерди жана документтерди өз алдынча кабыл алуу жана кол коюу укугун жокко чыгарбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:
- 1-пунктта:
биринчи абзац "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) чечимдеринин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын (мындан ары - Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары) чечимдеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
он төртүнчү абзацта "жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттун он экинчи абзацы "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктта:
экинчи абзацта "же бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөр ", бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацта "же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттун биринчи абзацы "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерин даярдоонун тартиби";
- 18-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын чечимдери ал тарабынан жеке төмөнкүдөй формада кабыл алынат:";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо, Президенттин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин башка актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемеси;";
- 19-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин долбоорлору (мындан ары - тескемелердин долбоорлору), ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн тескемелердин долбоорлорун кошпогондо, түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тапшырмасы боюнча же өз демилгеси боюнча мамлекеттик тилде даярдалат.";
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жок болгон учурда:
- Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары же Төраганын милдетин аткаруучу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кол коёт;
- Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде Администрациянын Жетекчисинин орун басары же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кол коёт.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин өткөрүп берилген ыйгарым укуктарынын чегинде Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тиешелүү ыйгарым укуктары берилген Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тиешелүү орун басары кол коюуга укуктуу.";
- 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелерин чечмелөө (түшүндүрүү) тартиби";
- 23-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин мазмунун чечмелөө (түшүндүрүү) тиешелүү түрдө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын колу коюлган циркулярдык кат (түшүндүрүү) түрүндө жүзөгө ашырылат.";
- 7-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары өткөрүүчү кеңешмелердин, жыйналыштардын протоколдорун даярдоо тартиби";
- 32-пунктта:
биринчи абзац "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары боюнча Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын катышуусу менен өтүүчү кеңешмелерге маселелерди даярдоо министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга тапшырылышы мүмкүн. Мындай учурда мамлекеттик органдар кеңешменин протоколунун долбоору менен материалдарды Президенттин Администрациясына берет.";
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларында камтылган тапшырмалар, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары контролго алынууга тийиш.";
- 35-пункттун биринчи абзацы "Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин жана тапшырмаларынын" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- 4-пунктта "Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрация Жетекчисинин актыларынын" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-1-пункт "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктта:
биринчи, төртүнчү абзацтар "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи, үчүнчү абзацтар "милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктта "же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктта:
биринчи абзац "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзац "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацта "же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары" деген сөздөр ", милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары же ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын атына түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан даярдалган документтер (тапшырмалардын долбоорлору, кызматтык каттар, маалыматтар, отчеттор ж.б.) Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин караган канцеляриянын түзүмдүк бөлүмүндө каттоодон өткөндөн кийин ушул Регламентте белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилет.";
- 12-пункттун экинчи абзацында "же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына" деген сөздөр ", милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына же ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-пункттун экинчи абзацында "жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына берилүүчү документтер маселени маңызы боюнча, кыска, мазмундуу жазылууга, А4 форматындагы ак кагазга, 14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифти менен, бир саптык интервал аркылуу таризделүүгө, аткаруучу жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тарабынан колу жана датасы коюлууга тийиш. Мында сол жана оң тилкелери 3 см, жогорку жана төмөнкү жагы 2 см болууга тийиш. Документтин текстин эки же андан көп баракка тариздегенде, экинчи жана кийинки барактарына номер коюлууга тийиш. Барактардын катар номерлери төмөнкү колонтитулдун оң бурчуна коюлат. Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына киргизилүүчү кызматтык каттарга тиешелүү баштапкы материалдар милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.";
- 21-пункттун биринчи, экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Бир түзүмдүк бөлүмдөн экинчи түзүмдүк бөлүмгө документтерди өткөрүп берүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын көрсөтмөсү боюнча канцелярия аркылуу гана жүргүзүлөт.
Бир түзүмдүк бөлүмдөн экинчи түзүмдүк бөлүмгө жарандардын кайрылууларын өткөрүп берүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын көрсөтмөсү боюнча жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм аркылуу гана жүргүзүлөт.";
- 23-пункттун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси" деген сөздөрдөн кийин "же анын тапшырмасы боюнча Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 29-пункт "же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына" деген сөздөрдөн кийин ", ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 30-пункт "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 31-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын катышуусу менен өткөрүү пландалган жолугушуулар, иш сапарлар жана башка иш-чаралар үчүн даярдалган сүйлөөчү сөздөрдүн, баяндамалардын тексттери, маалыматтык-талдоо маалымкаттары, программалар жана башка материалдар мамлекеттик органдар тарабынан Президенттин Администрациясына иш-чараны өткөрүү датасына чейин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен, ал эми жеткире иштелип чыккан материалдар иш-чаранын датасына чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен жиберилет.";
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Майрамдык жана тарыхый күндөргө, кесиптик майрамдарга, юбилейлерге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын атынан куттуктоолордун тексти Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын жардамчылары жана кеңешчилери, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын жардамчысы тарабынан даярдалат.";
- 32-пункт "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 34-пункттун бешинчи абзацындагы "же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү орун басарынын" деген сөздөр ", Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү орун басарынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 34-1-пункттун төртүнчү абзацы "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 37-пункттун төртүнчү абзацындагы "же милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөр ", милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 39-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтарындагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 43-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) чечимдин долбоору документтердин пакети менен тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөргө жана Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына корутунду берүү үчүн жөнөтүлөт. Министрлер Кабинетинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарын ээлеген же талапкер адамдарга карата кадр маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин актыларынын долбоорлорун кошпогондо, чечимдин долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу түзүмдүк бөлүм жооптуу түзүмдүк бөлүмгө макулдашуучу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кол койгон долбоорду макулдашуу жөнүндө корутундуну берет (актынын долбоорун макулдашуунун жүрүшүндө келип чыккан эске алынган же эске алынбаган сын пикирлердин жана сунуштардын бар экендиги, ошондой эле сын пикирлердин жана сунуштардын жоктугу жөнүндө маалымат жыйынды таблицада чагылдырылат жана түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси жана аткаруучу тарабынан кол коюлат);";
- 47-пункттагы "Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги" деген сөздөр "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемелеринин долбоорлору менен иштөө тартиби";
- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Жооптуу түзүмдүк бөлүм:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемесинин долбоорун (мындан ары - тескеменин долбоору) документтердин пакети менен Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгына укуктук корутунду берүү үчүн киргизет (Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына тийиштүү кадр маселелери, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүү, кызматтык иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча тескемелердин долбоорлорун кошпогондо);
2) тескеменин долбоорун канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнө киргизет;
3) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын кол коюусуна киргизүү үчүн долбоорду даярдоону жана визалоону камсыз кылат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлору, ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн актылардын долбоорлорун кошпогондо, жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, канцеляриянын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана ушул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары тарабынан виза коюлат. Визалар мамлекеттик тилдеги актынын долбоорунун акыркы барагынын арткы жагына коюлат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин номенклатурасына киргизилген кызмат орундарына тийиштүү кадр маселелери, анын ичинде кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, которуу, жылдыруу, тартиптик жазаларды колдонуу, өргүү, кызматтык иш сапарлар, класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, энчилүү саат менен сыйлоо жана алкыш жарыялоо маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелеринин долбоорлоруна жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги тарабынан виза коюлат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын тескемесинин долбоорлоруна, ушул пункттун бешинчи абзацында көрсөтүлгөн актылардын долбоорлорун кошпогондо, жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, канцеляриянын начальниги, укуктук жактан камсыз кылуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жана укуктук экспертиза жүргүзгөн кызматкери жана ушул бөлүмдүн мыйзамдарды системалаштырууну жүргүзгөн кызматкери, кызыкдар башкармалыктардын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги тарабынан виза коюлат.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине өргүү берүү маселелерине, башка кадр маселелерине тиешелүү тескемелеринин долбоорлоруна жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн аткаруучусу жана жетекчиси, канцеляриянын актыларды редакциялоо жана которуу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан виза коюлат.
Зарыл болгон учурда тескеменин долбооруна Президенттин Иш башкаруучусу, ал эми ал жок болгон учурда - анын милдетин аткаруучу адам тарабынан виза коюлат.";
- 8-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары өткөрүүчү кеңешмелердин протоколдорун даярдоонун тартиби";
- 61-пункт "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 63-пункт "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 67, 68-пункттардагы "жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин" деген сөздөр ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 73-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында (актыларында), Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдорунда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларында камтылган тапшырмалар, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктеринин тапшырмалары контролго алынат.";
экинчи, үчүнчү абзацтар "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 76-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын жокко чыгаруу, аткарылышын токтотуп туруу, аларды аткаруу мөөнөтүн узартуу жана контролдон алып салуу чечими, кийин Президенттин Администрациясынын Жетекчисине маалымдоо менен, берилген ыйгарым укуктарга ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.";
- 82-пункт "милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына" деген сөздөрдөн кийин ", ыйгарым укуктарына ылайык Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 99-пункт "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 102-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"102. Жарандар тарабынан жазуу жүзүндөгү кайрылууларда жана жеке кабыл алууда коюлган маселелерди талдоо жана жалпылоо жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча түзүмдүк бөлүм тарабынан жүзөгө ашырылат, ал мезгил-мезгили менен Президентке, Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына кайрылуулардын саны жана мүнөзү жөнүндө маалымдайт, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын макулдугу менен жалпыга маалымдоо каражаттарында талдоо каттарын жарыялайт.";
- 109-пункт "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 6-июнундагы № 165 тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 211 тескемесинин 3-пункту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарына берилүүчү ыйгарым укуктарынын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин финансы-чарбалык камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бюджети боюнча сунуштарды белгиленген тартипте түзүү жана киргизүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен тиешелүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу маселелерин координациялоо.
2. Финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чыгымдар сметасынын чегинде тиешелүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин финансы-чарбалык камсыз кылууга байланышкан документтерге кол коюу укугу менен тескөө.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик инспекторлоруна, инспекторлоруна, эксперттерине жана спичрайтерлерине өргүү берүү маселелерине тийиштүү тескемелерге жана башка документтерге кол коюу.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде иш сапарга жиберүү жөнүндө кызматтык каттарына андан ары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрлар маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин иш сапар күбөлүктөрүнө кол коюусу менен виза коюу.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлеринин жумуш убактысын эсепке алуу табелине кол коюу.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерин кесиптик кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана стажировкадан өткөрүүнү уюштурууну камсыз кылуу.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын иш кагаздарынын номенклатурасын бекитүү.
8. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгын кошпогондо, соттордо доогер жана жоопкер катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлчүлүгү үчүн ишеним катка кол коюу.