Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-июну № 324
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автотранспорт каражаттары менен ири габариттик жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Эл аралык жүк ташуучу автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда жүк ташуучуларга жагымдуу шарттарды түзүү, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- 2.1.1-пунктчанын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Колдонуудагы мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана (же) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринде каралган лицензияларды жана документтерди (анын ичинде электрондук түрдө) алууга жана текшерүү үчүн берүүгө.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинде:
- 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- салмак-габариттик параметрлери белгиленген жол берилген маанилерден ашып кеткен учурда транспорт каражатынын андан аркы кыймылы жөнүндө зарыл болгон чечимди кабыл алуу.";
- 5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жалпы салмагы, октук салмак басымы, өлчөмдөрү жана башка линиялык параметрлери жол берилген маанилерден ашып кеткен, жүктүү же жүксүз транспорт каражаттарынын өтүүсүнө жол берилбейт. Мындай транспорт каражаттары жүгүн түшүрүүгө тийиш, муну менен катар жүктөөгө, түшүрүүгө кеткен чыгымдарды жана транспорттук чыгымдарды жүк ташуучу же жүктүн ээси көтөрөт. Транспорт каражатынын жалпы массасы же октук салмак басымы боюнча салмак-габариттик параметрлери жол берилген ченемдерден 2 тоннага чейин ашып кеткен жана ашык жүктү түшүрүүгө мүмкүн болбогон учурда (түшүрүүчү жер жок болгондо ж.б.), жүктү түшүрбөстөн келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн белгиленген жыйымды эки эсе өлчөмдө төлөө менен өтүүгө жол берилет.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы жолдору боюнча жүрүү үчүн ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн жыйым алынат.
Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн алынуучу жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана өткөн жыл үчүн иш жүзүндө инфляциянын деңгээлинде жыл сайын транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен түзөтүлүүгө тийиш.
Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоо жана өлчөө үчүн алынган жыйымдардан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке жиберилет.
Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө пайдаланылуучу өлчөө каражаттары "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык текшерилүүгө тийиш.";
- 8-пункттун он биринчи, он экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ушул Тартиптин 5-пунктунда каралган учурларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык салмак-габариттик параметрлерден ашкан транспорт каражатынын андан ары кыймылына жол бербөө боюнча чараларды көрүү.
Автомобиль жолдорунда жүрүү үчүн транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлеринин белгиленген жол берилген ченемдеринен ашкан фото- жана видеожаздыруу функциялары бар атайын техникалык каражаттар менен жазып алууда автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн жыйымдын суммасын кошуп эсептөө маалымат тутумунда жүргүзүлөт.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө белгиленген транспорттук каражаттардын максималдуу уруксат берилген салмак-габариттик параметрлеринде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Эгерде транспорт каражаты же айкалышкан транспорт каражаты кош дөңгөлөктүү тартуучу огу бар жана аба же ага эквиваленттүү илмеги болсо, максималдуу жалпы массасы 2 тоннага көбөйтүлүшү мүмкүн.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинде:
- 5-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атайын уруксат жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча автомобиль транспортунда ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет. Жүктүү же жүксүз транспорт каражатынын бийиктиги 4,5 м ашкан учурда электр транспорту, электр тармагы, электр байланышы, электрлештирүү кызматтары менен маршрутту макулдашуу жүргүзүлөт.";
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Макулдашуу процессинде атайын уруксатты "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу электрондук форматта жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана электр транспорту, электр тармагы, электр байланышы, электрлештирүү кызматтары тарабынан макулдашуу 3 сааттын ичинде жүргүзүлөт жана автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүк ташуучунун арызы боюнча атайын уруксатты берүү транспорттук контролдоо пункттарында транспорт каражатынын салмак-габариттик параметрлери таразалангандан жана өлчөнгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин тышкы чек арасында өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын таразалоо жана өлчөө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга атайын уруксатты тариздөө үчүн электрондук түрдө берилет. Атайын уруксатты берүү үчүн ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн жол-жобосу алардын ортосунда түзүлгөн макулдашуу менен белгиленет.";
он төртүнчү абзац "колдонуунун" деген сөздөн кийин "жана берүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункттун тогузунчу абзацында ", айдоочунун медициналык маалымкатынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 10-2-пунктта "3 айдан бир жылга чейинки" деген сөздөр "арызда көрсөтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
- 5-пункттун эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Зыяндын жана залалдын өлчөмүн эсептөө үчүн транспорт каражатынын жалпы салмагынын же октук салмак басымынын белгиленген ченемдери менен аларды таразага тартуу учурундагы иш жүзүндөгү маанилеринин ортосундагы айырмасынын көбүрөөк саны кабыл алынат.";
- 5-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-1. Атайын транспорт каражатынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
S = CN x М x N,
Мында:
S - зыяндын жана залалдын өлчөмү, сом;
CN - 1 тонна ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
CN = BN x Кon x P,
мында:
BN - автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн базалык жыйымдын өлчөмү транспорт каражаттарынын N1, N2, N3, категорияларына жараша төмөнкүлөргө барабар:
ВN1 = 1,0 сом; BN2 = 2,0 сом; ВN3 = 2,0 сом;
КоN - октук салмак басымды туура келтирүү коэффициенти транспорт каражаттарынын N1, N2, N3, категорияларына жараша төмөнкүлөргө барабар:
КоN1 = 0,5; КоN2 = 1,34; КоN3 = 4,10;
Р - транспорт каражатынын жол берилген массасынан ашкан учурда автомобиль жолуна келтирилген зыяндын өлчөмүн эске алуучу, 6,9 га барабар коэффициент;
М - транспорт каражатынын иш жүзүндөгү жалпы массасынын октордун санына жараша жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жалпы массанын белгиленген жол берилген ченеминен ашкан чоңдугу, тонна;
N - көп жолу колдонулуучу уруксаттын колдонуу мөөнөтүнө теңештирилген күндөрдүн саны (колдонуу мөөнөтү арыз ээсинин арызында көрсөтүлгөн күндөрдүн саны боюнча белгиленет).";
- 6-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ашыкча жүктүн ставкасы транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлинде жыл сайын түзөтүлүүгө тийиш.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |