| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген) |
Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын,
атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын
жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартиби
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2017-жылдын 24-августундагы № 525, 2020-жылдын 24-январындагы № 29, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 12, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Тартип оор салмактуу жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүнүн ордун толтуруунун эсебине акы төлөөнүн жана эсептөөнүн тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Тартипте төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
- транспорттук каражаттын ээси - транспорттук каражаттын менчик ээси, ошондой эле, транспорттук каражатты чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда же мыйзамдык негизде ээлик кылган жак;
- транспорттук каражат - адамдарды жана/же жүктөрдү ташуучу техникалык түзүлүш;
- чиркегич - механикалык транспорт каражатынын бөлүгү менен кошо кыймылга кирген, кыймылдаткычы жок транспорт каражаты;
- автопоезд - чиркегич (чиркегичтер) кошулган механикалык транспорттук каражат.
3. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорунда оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын ээлери жалпы колдонуудагы автомобиль жолдоруна транспорттук каражаттар келтирген зыяндын жана залалдын ордун толтурушат.
4. Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу үчүн акча каражаттары транспорттук контролдоонун стационардык пункттарынын жана транспорттук контролдоонун мобилдик топторунун кызматкерлери тарабынан алынат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68, 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
S = С х М х L,
мында S - зыяндын жана залалдын өлчөмү;
С - 1 км жол жүрүүгө 1 тонна ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү, сом;
М - транспорт каражатынын ар бир огу боюнча таразага тартуу учуруна карата октук жүктүн белгиленген ченемдери менен иш жүзүндөгү маанилердин ортосундагы айырма (ондук үлүшкө чейин тегеректелет), тонна;
L - ташуунун аралыгы (ондук үлүшкө чейин тегеректелет), км.
Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен реабилитация жана оңдоо жүргүзүлүп жаткан автомобиль жолдорунун участокторунда транспорт каражатынын жалпы салмагынын жана октук жүгүнүн белгиленген ченемдеринен ашкандыгы үчүн залалдын ордун толтуруунун өзгөчө тартиби белгиленет.
Эскертүү. Зыяндын жана залалдын өлчөмүн эсептөө үчүн транспорт каражатынын жалпы салмагына карабастан, октук жүгүнүн белгиленген ченемдери менен транспорт каражатын таразага тартуу учурундагы алардын иш жүзүндөгү маанилеринин ортосундагы айырма кабыл алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Атайын транспорт каражаттары жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдын өлчөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
S = CN х М х N
мында S - зыяндын жана залалдын өлчөмү, сом;
CN - 1 тонна үчүн ашыкча жүктүн ставкасынын өлчөмү, төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
CN = BN х KN х Р
мында: BN - автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн базалык жыйымдын өлчөмү, транспорт каражаттарынын категориясына жараша төмөнкүлөргө барабар:
- N1 категориядагы жүк ташуучу транспорт үчүн: ВN1 = 1,0 сом;
- N2 категориядагы жүк ташуучу транспорт үчүн: ВN2 = 2,0 сом;
- N3 категориядагы жүк ташуучу транспорт үчүн: ВN3 = 2,0 сом;
KoN - октук басымды туура келтирүү коэффициенти, транспорт каражаттарынын категориясына жараша төмөнкүлөргө барабар:
- KoN1 = 0,5;
- KoN2 = 3,0;
- KoN3 = 7,56;
P - транспорт каражатынын жол берилген массасынан ашкан учурда автомобиль жолуна келтирилген зыяндын өлчөмүн эске алуучу, 6,9 га барабар болгон коэффициент;
M - транспорт каражатынын иш жүзүндөгү жалпы массасынын октордун санына жараша жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн жалпы массанын жол берилген ченемден белгиленген чегинен ашып кетүү чоңдугу, тонна;
N - көп жолу колдонулуучу уруксаттын колдонуу мөөнөтүнө теңештирилген күндөрдүн саны (колдонуу мөөнөтү арыз ээсинин арызында көрсөтүлгөн күндөрдүн саны боюнча белгиленет).
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык)
6. 1 км жол жүрүүгө ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 70 сом өлчөмүндө белгиленет, анын ичинде атайын уруксат алууда эл аралык автомобилдик ташуулардын транспорт каражаттары үчүн да колдонулат.
Республика боюнча бөлүнбөс жүктөрдү жүк ташуучу автомобилдер, автопоезддер, ошондой эле үч жана андан ашык огу бар жүк ташуучу ээр сүйрөгүчтөр жана төрт жана андан көп огу бар жана ар бир огунда төрт жана андан көп дөңгөлөктөрү бар жапыз рамалуу жарым чиркегич (трал) менен ташууга атайын уруксат алынганда, ашыкча жүктүн ставкасы 1 тонна үчүн 1 км жол жүрүүгө 50 сомдон белгиленет.
Ашыкча жүктүн ставкасы өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын корректировкаланууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-октябрындагы № 638 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жүктөрдү ташып жеткирүүнүн аралыгы транспорт каражаты жүктөлгөн жеринен баштап транспорт каражаттарынын жалпы салмагы жана октук салмак басымынын бекитилген уруксат берилген көрсөткүчтөрүнөн ашып кетүү фактысы катталган жерине чейин жүктү коштоочу документтер (товардык-транспорттук накладнойлор, жол кагаздары, ченөө актылары же таразага тартуу актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалымкаттар, товарга алуу жөнүндө актылар, чектер, квитанциялар, ташуу кызматы жөнүндө келишимдер) менен аныкталат. Жүктү коштоочу документтери жок болсо ташып жеткирүүнүн аралыгы жүктү ташуучунун жазуу түрүндөгү тастыктоосунун негизинде аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
8. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
9. Салмак-өлчөм көрсөткүчтөрүн бузуу аныкталган учурда транспорт каражатынын ээси келтирилген зыяндардын ордун толуктап, төлөп берүү үчүн төмөндөгү документтерди жана маалыматтарды берүүсү керек:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же транспорт каражатынын ээсинин - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту;
- чет өлкөлүк жарандар үчүн чет өлкөнүн жарактуу паспорту же транспорт каражатынын ээсинин ким экенин билдирүүчү башка документ керек;
- жүк ташуучу транспорт каражатынын (тягачтын), ошондой эле чиркегичтин (жарым чиркегичтин) каттоо жөнүндө күбөлүгү же техникалык паспорту;
- жүктү коштоочу документтер (товардык-транспорттук накладнойлор, жол кагаздары, ченөө актылары же таразага тартуу актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалымкаттар, товарга алуу жөнүндө актылар, чектер, квитанциялар, ташуу кызматы жөнүндө келишимдер).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Транспорттук каражаттын ээси зыяндын жана залалдардын ордун толтурууну төлөөдөн баш тартса, бул сумма сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
11. Зыяндын жана залалдардын ордун толтуруу үчүн алынган акча каражаттары республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшөт.
12. Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташыган транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын ордун толтуруудан төмөнкү автотранспорт каражаттары бошотулат:
- гуманитардык жардамды жеткирүү боюнча ташууларды аткарган;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн;
- ыкчам башкаруусунда турган участоктордо транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын;
- республикалык бюджеттин жана инвестициялык каражаттардын эсебинен аткарылып жаткан жумуштардын алкагында Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана реабилитациялоого ордер боюнча берилген участоктордо гана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан тартылган подряддык уюмдардын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-январындагы № 29 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Көп жолу колдонулуучу уруксат алуудан жана автомобиль жолдоруна келтирилген зыяндын жана залалдын ордун толтуруу үчүн жыйым төлөөдөн төмөнкүлөрдүн атайын транспорт каражаттары бошотулат:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (өрт өчүрүүчү автомобилдер ж.б.);
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн;
- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (медициналык лабораториялар ж.б.)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)