Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын
кезектеги 4 -сессиясы
2025-жылдын 27-январы № 29-16
Салыктын зоналык коэффициенти жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 КР салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргендиги жөнүндөгү Мыйзамына ылайык, Салык кодексине жана “КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Салык кодексинин 379-беренесин аткаруу максатында Үч-Коргон айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 14- пунктуна ылайык 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имаратына жана жайга мүлк салыгын эсептөө Салык кодексинин 379-беренесинин 1- бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Үч-Коргон айыл аймагына караштуу турак имаратына жана жайга мүлк салыгы 4,30 (төрт сом отуз тыйын) сомдон бекитилсин.
2. Мыйзамдуулукту сактоо, укуктук тартип, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш транспорт, регламент, депутаттык этикажана мандат боюнча комиссия төрагасы М.Джумашевге жүктөлсүн
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Айтбековага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.Акимбаев |