Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 183 Жарлыгына) |
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, калкты жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча милдеттерди аткарууда күч түзүмдөрүнүн өз ара алмаштыруучулук тартиби жана механизми жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, калкты жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоодо күч түзүмдөрүнүн оз ара алмаштыруучулук тартибинин жана механизминин укуктук негизин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) коомдук коопсуздукту камсыз кылуу - калкты ар кандай коркунучтардан жана тартип бузуулардан коргоого, коомдук башаламандыктардын алдын алууга, ошондой эле стратегиялык (маанилүү) объекттерди кайтарууга багытталган иш-чаралардын жана иш-аракеттердин комплекси;
2) калкты жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоо - ар кандай шарттарда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, ошондой эле мамлекеттин туруктуулугуна жана эгемендигине таасир этиши мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алууга багытталган чаралардын комплекси. Бул чаралар ички жана тышкы коргоону камтыйт жана улуттук коопсуздуктун негизи болуп саналат;
3) күч түзүмдөрү - бул Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын бөлүктөрү, ошондой эле укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары;
4) күч түзүмдөрүнүн өз ара алмаштыруучулугу - зарыл болгон учурда күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрү тарабынан окшош функционалдык милдеттерди аткаруу мүмкүндүгү.
2-глава. Өз ара алмаштыруучулукту түзүү принциптери, милдеттери жана функциялары
3. Күч түзүмдөрүнүн өз ара алмаштыруучулук принциби калкты коргоо, коомдук коопсуздукту, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча функцияларды аткаруучу мамлекеттик органдардын оперативдүү чара көрүү системасын түзүүнү камтыйт, ал өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал мезгилинде кошумча жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү тиешелүү адистерди даярдоо аркылуу ушул Жобо менен белгиленген кадрдык жана административдик ресурстарды чектөөлөрдү четтетүүгө мүмкүндүк берет.
4. Өз ара алмаштыруучулук принцибинин негизинде уюштурулган күч түзүмдөрү облустардын, райондордун жана шаарлардын деңгээлдеринде иштөөчү аймактык-тармактык бөлүктөрүн түзүү жолу менен авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткарууга, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, калкты коргоого жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактоого багытталат.
5. Өз ара алмаштыруучулуктун негизги милдеттери:
1) күч түзүмдөрүнүн жөнгө салынган өз ара аракеттенүүсү;
2) пландоо, иш-аракеттерди координациялоо, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде маалымат алмашуу;
3) өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда калкты, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн коргоону жана коомдук тартипти сактоону натыйжалуу камсыз кылуу;
4) күч түзүмдөрүнүн ортосунда координацияны күчөтүү;
5) күчтөрдү жана каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу;
6) тартылган бөлүктөрдүн даярдыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин жогорулатуу.
6. Өз ара алмаштыруучулуктун негизги функциялары:
1) ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калкка жардам көрсөтүү;
2) коомдук тартипти камсыз кылууга жана стратегиялык объекттерди кайтарууга катышуу;
3) агрессия актыларына сокку берүү, калкты коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу.
7. Улуттук коопсуздук коркунучу келип чыккан учурда түзүлгөн кырдаалга жараша күч түзүмдөрү келип чыккан коркунучту эске алуу менен убактылуу негизде башка мүнөздүү эмес милдеттерди аткарышы мүмкүн.
8. Өз ара алмаштыруучулук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин биргелешкен буйруктары менен бекитилүүчү Күч түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү пландарына ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Күч түзүмдөрүнүн башкаруу органдары жана бөлүктөрү өзгөчө кырдаалдардын жана өзгөчө абалдын алдын алуу үчүн иш-аракеттерди биргелешип пландоону, координациялоону жана маалымат алмашууну жүргүзүүгө милдеттүү.
10. Өз ара алмаштыруучулук шартында күч ведомстволорунун күчтөрүнө жана каражаттарына оперативдүү жетекчилик кылуу ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн, келип чыккан кырдаалдарга жараша жетекчилер тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Бул Жобону ишке ашырууга катышкан күч түзүмдөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
2) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
3) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы.
3-глава. Өз ара алмаштыруучулукту колдонуу тартиби
12. Төмөнкүлөр келип чыккан учурда:
1) ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бөлүнгөн күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги астында ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жана калкка жардам көрсөтүүгө тартылат;
2) массалык жана ички башаламандыктар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бөлүнгөн күчтөрү жана каражаттары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте коомдук тартипти камсыз кылууга жана стратегиялык объекттерди кайтарууга катышат;
3) тышкы агрессия - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын бөлүгү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин оперативдүү баш ийүүсүнө өтөт жана агрессияга сокку берүүгө, калкты коргоого жана аскердик коопсуздукту камсыз кылууга катышат.
4-глава. Тартылуучу күчтөрдү окутуу жана даярдоо
13. Күч түзүмдөрүндө туруктуу негизде штаттан тышкаркы бөлүктөр түзүлөт, алар түзүлгөн кырдаалга жараша өз ара алмаштыруучу функцияларды аткаруу үчүн пайдаланылат (бөлүнөт).
14. Коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн күч түзүмдөрү:
1) күч түзүмдөрүнүн баш ийген башкаруу органдарынын жана бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча бөлүнүүчү күчтөрдү жана каражаттарды колдонуу боюнча биргелешкен окууларды (теориялык жана практикалык окууларды, машыгууларды) системалуу түрдө өткөрүүнү уюштурат;
2) ар кандай коркунучтардагы иш-аракеттердин тартибин камтыган чара көрүү алгоритмдерин киргизет;
3) күч түзүмдөрүнүн ортосунда маалымат алмашуу үчүн бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти камсыз кылат;
4) өзгөчө жана кризистик кырдаал шартында, ошондой эле өзгөчө абал мезгилинде аткарылуучу иш-чараларды көрсөтүү менен өздүк курамды даярдоо пландарына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизет.