РаспоряжениеКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 17-июнундагы № 359 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 17-мартындагы № 167 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 22-январындагы № 30 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 17-июну № 359

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 17-мартындагы № 167 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:

1) ведомстволор аралык комиссиянын курамынан З.А.Аскарова, А.К.Темикеева чыгарылсын;

2) төмөнкүлөр ведомстволор аралык комиссиянын курамына киргизилсин:

Сыдыгалиев Искендер Муратович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Адилбек уулу Шумкарбек - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун орун басары.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев