Загрузка документа…
|
| 29-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ал өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген карантинге алынган продукцияны жана карантинге алынган объекттерди, пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу боюнча, асыл тукум ишинин субъекттеринин, селекциялык асыл тукум ишинин жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка чарбалык субъекттердин ишине, айыл чарба жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн үрөндүк, өндүрүштүк, тоют жана көчөт материалдарынын сапатына ветеринардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.
2. Кызмат ветеринардык коопсуздук, ветеринардык-санитардык жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын жана өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген карантинге алынган продукцияны жана карантинге алынган объекттерди мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча, пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кызмат, анын аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери юридикалык жактар болуп саналат. Кызмат мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иш алып барат, өз алдынча балансы, казыналык системада алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
5. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Служба ветеринарного и фитосанитарного надзора при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ВФКК";
- расмий тилде: "СВФН".
6. Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 966.
7. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында жүзөгө ашырат, өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Кызматтын максаты жана милдеттери
8. Кызматтын максаты жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктулардын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо, пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонууну камсыз кылуу болуп саналат.
9. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлгө алынууга тийиш болгон товарлардын коопсуздугун сактоону көзөмөлдөө;
- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу;
- ветеринария, мал чарбасы, үрөнчүлүк, өсүмдүктөрдү химиялаштырууну, коргоону жана карантинин камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин мыйзамдарынын жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар тарабынан бузууларын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын козгогучтарынын киришинен жана жайылышынан коргоо боюнча ветеринардык иш-чараларды көзөмөлдөө;
- жаныбарларды айдоону жана ташууну, жаныбарлардан алынуучу продуктуларды жана чийки заттарды жана карантинге алынуучу продукцияны жерде, аба жана темир жол транспортунда ташууну көзөмөлдөө;
- ветеринардык лабораторияларда, илимий-изилдөө институттарында жана ветеринардык биологиялык препараттарды өндүрүү жана сактоо боюнча ишканаларда микроорганизмдердин штаммдарын сактоо режимин көзөмөлдөө;
- ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу эпизоотияга каршы иш-чаралардын, өсүмдүктөрдүн карантининин сакталышын камсыз кылууну көзөмөлдөө;
- карантиндик фитосанитардык чаралардын системасын түзүү жана системалуу актуалдаштыруу;
- жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар тарабынан өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу.
3-глава. Кызматтын функциялары
9. Кызмат белгиленген тартипте төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциясы:
- ветеринария, асыл тукум мал чарбачылыгы, үрөнчүлүк жана өсүмдүктөрдү химиялаштырууну, коргоону жана карантинди камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын аткаруу;
- ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- ветеринария, асыл тукум мал чарбачылыгы, үрөнчүлүк жана өсүмдүктөрдү химиялаштырууну, коргоону жана карантинди камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- ветеринардык контролго (көзөмөлгө) тийиш болгон продуктуларды (сырьелорду) өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жактардын мамлекеттик каттоо (эсепке алуу) жана бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
3) мамлекеттик көзөмөлдөө функциялары:
- контролдонуучу мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдө турган товарларды жана жүктөрдү өндүрүүгө, сактоого, ташууга, кайра иштетүүгө жана сатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу ташып кирүүгө, ташып чыгууга жана транзит менен ташууга мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл;
- ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөр, ветеринардык иш, ветеринардык-санитардык экспертиза, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, эпизоотияга каршы иш-чаралар жана өсүмдүктөрдүн карантинин, химиялаштырууну жана коргоону камсыз кылуу жаатында лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен алектенген объекттерге мамлекеттик ветеринардык көзөмөл;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык эл аралык почта мекемелери тарабынан көзөмөлгө алынуучу товарларды (жүктөрдү) убактылуу сактоо кампаларында ташууда ветеринардык-санитардык ченемдердин жана талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл;
- белгиленген талаптарга ылайык ветеринардык контролго алынуучу, пайдаланууга жана эркин соодага жараксыз продуктуларды (чийки затты) жыйноо жана утилдештирүү боюнча тартиптин сакталышына мамлекеттик көзөмөл;
- көзөмөлдө турган продукцияны жүгүртүүнүн бардык этаптарында ветеринардык-санитардык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу максатында менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин жана башка документтердин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл;
- ветеринардык чектөөчү жана карантиндик иш-чаралар жаатындагы талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл;
- ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу ишкердик субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүү;
- импорттолуучу экспорттолуучу жана ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу продукцияны жугушсуздандырууну жана технологиялык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылаңдарын жана карантиндик зыяндуу организмдерди локалдаштыруу жана жоюу боюнча программалардын аткарылышын чарбалык субъекттер тарабынан сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
- өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар тарабынан өндүрүүчүдөн акыркы керектөөчүгө чейин жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияны жүгүртүүнүн бардык этаптарында сакталышына мамлекеттик карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген Өсүмдүктөрдүн сортторунун жана гибриддеринин мамлекеттик реестринин негизинде аймакка ташып келинген үрөндүк жана көчөт материалдарына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүдө, ташууда, сактоодо жана пайдаланууда мамлекеттик көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын менчигинин түрүнө карабастан пестициддерди жана агрохимикаттарды, минералдык жана органоминералдык жер семирткичтерди өндүрүү, алып келүү жана сатуу менен алектенген чарбалык субъекттерди текшерүү;
- жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратууну камсыз кылуучу импорттолуучу жана экспорттолуучу карантинге алынган продукцияны жугушсуздандырууну жана технологиялык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишканалар тарабынан карантиндик фитосанитардык чаралар жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
- катталбаган жана колдонууга тыюу салынган пестициддерди жана агрохимикаттарды жүгүртүүнү болтурбоо;
- асыл тукум ишинин субъекттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка чарбалык субъекттердин селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү боюнча ишине мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
- асыл тукум ишинин субъекттеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана инвестициялык долбоорлорго тартылган башка чарбалык субъекттердин ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнгөн каражаттардын, гранттардын жана башка түшүүлөрдүн максаттуу пайдаланылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
- "Кыргыз асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасынын асыл тукум иштерин жүргүзүүсүн көзөмөлдөө;
- айыл чарба жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн үрөндүк, көчөт материалдарынын сапатына жана соода жүгүртүүсүнө, азык-түлүк, тоют данынын сапатына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
4) колдоо функциялары:
- ветеринария, мал чарбасы, үрөнчүлүк жана өсүмдүктөрдүн карантинин, химиялаштырууну жана коргоону камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- ветеринария, мал чарбасы, үрөнчүлүк жана өсүмдүктөрдүн карантинин, химиялаштырууну жана коргоону камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын маселелери боюнча комиссиялардын ишине катышуу;
- Кызматтын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштуруу;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашыруу;
- өз компетенциясынын алкагында жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо жана аларга консультация берүү.
4-глава. Кызматтын укуктары
10. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн объекттерине тоскоолдуксуз кирүүгө жана текшерүүгө;
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана чарбалык субъекттерден, жарандардан эпизоотиялык жагдайды жана аймактын карантиндик фитосанитардык абалын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ылаңдарынын себептерин аныктоо, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктулардын жана чийки заттардын ветеринардык-санитардык коопсуздугун баалоо, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алууга;
- аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө жана ведомстоволук тиешелүүлүгүнө карабастан чарбалык субъекттерден, жарандардан эпизоотияга каршы иш-чараларды жана ветеринардык-санитардык, фитосанитардык талаптарды милдеттүү түрдө аткарууну талап кылууга;
- мамлекеттик ветеринардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүү үчүн ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарлардын сынамыктарын алууга;
- ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптарга жооп бербеген жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктуларды жана чийки заттарды алып коюуга;
- жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды, ошондой эле ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, даярдоого жана сатууга тыюу салууга;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарын бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө жана аларды жоюу жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык токтомдорду кабыл алууга жана жазаларды колдонууга, Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко доо арыз берүүгө;
- жаныбарлардын инфекциялык ылаңдарынын пайда болуу жана/же жайылуу коркунучу келип чыккан учурда менчигинин түрүнө карабастан көзөмөлгө алынган объекттерди эксплуатациялоону токтото турууга жана карантиндик объекттин очогун локалдаштырууга;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария жана фитосанитария жаатындагы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык көзөмөлгө алынган объекттерде аныкталган бузуулар боюнча белгиленген тартипте карап чыгууга жана жаза колдонууга;
- аткаруу үчүн милдеттүү болгон ветеринардык коопсуздуктун талаптарын аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды (кабарлоолорду, көрсөтмөлөрдү) чыгарууга жана мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык, жеке жактарга жана жарандарга жиберүүгө;
- уюмдардын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды ветеринардык коопсуздуктун талаптарын бузуу фактылары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн чакырууга;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө комиссияларда тиешелүү маселелерди кароо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде зарыл болгон маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин ичинен ведомстволор аралык жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- бузууларга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;
- ветеринардык коопсуздук талаптарын бузуу аныкталган учурда мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензияны колдонууну токтото туруу же болбосо аны чакыртып алуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте чыгарууга жана жиберүүгө;
- агрохимиялык абалды контролдук карантиндик фитосанитардык иш-чараларын жүргүзүү үчүн карантинге алынган объекттерге барууга;
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын ветеринария жана өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартууга;
- пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу технологияларын жана регламенттерин бузуу менен жүргүзүлгөн айыл чарба иштерин токтото турууга, ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтпөгөн пестициддерди, агрохимикаттарды, минералдык жана органоминералдык жер семирткичтерди өндүрүүгө тыюу салууга;
- карантиндик зыяндуу организмдердин кирүү жана жайылуу коркунучунда менчигинин түрүнө карабастан, чарбалык субъекттердин карантинге алынган объекттерди пайдалануусун токтото турууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика, бажы жана башка мамлекеттик органдарынан ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, аймагынан ташып чыгуу жана транзит менен ташуу тууралуу статистикалык маалыматтарды жана маалыматтарды алууга;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүү, ташуу, сатуу, сактоо жана пайдалануу боюнча талаптардын аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон эскертүүлөрдү (кабарлоолорду, көрсөтмөлөрдү) берүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттердин айдоолордун жана көчөттөрдүн, кыртыштын жана сугат сууларынын, үрөн материалынын фитосанитардык жана агрохимиялык абалы жөнүндө, ошондой эле пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтарды текшерүүгө;
- аларды колдонуудагы технологияларды жана регламенттерди бузуу менен жүргүзүлгөн пестициддер жана агрохимикаттар менен айыл чарба иштерин токтото турууга, ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтпөгөн пестициддерди жана агрохимикаттарды өндүрүүгө тыюу салууга;
- семинарларды жана конференцияларды өткөрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда карантинге алынган жүктөрдү коштоочу документтери жок Кыргыз Республикасынын аймагында ташууга, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө, Кыргыз Республикасынын чегинен транзит менен ташууга жана ташып чыгууга тыюу салууга;
- үрөн жана көчөт материалдарын саткан жерлерге барууга;
- менчигинин түрүнө карабастан айыл чарба жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарын сатуу менен алектенген юридикалык жана жеке жактарда тиешелүү документтердин (үрөнгө жана көчөт материалына шайкештик сертификаты, талаа инспекциясынын актысы, сыноо протоколу, чет өлкөлүк көчөт материалы үчүн чыккан жердин сертификаты) болушун текшерүүгө;
- тиешелүү документтер жок болгон учурда (үрөнгө жана көчөт материалына шайкештик сертификаты, талаа инспекциясынын актысы, сыноо протоколу, чет өлкөлүк көчөт материалы үчүн чыккан жердин сертификаты) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн үрөн жана көчөт материалдарын алып коюуга жана жок кылууга чейин айып санкцияларын колдонууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан төмөнкү маалыматтарды алууга:
1) ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарлардын экспорту, импорту, транзити боюнча;
2) жаныбарлардын ылаңдарына, ветеринардык көзөмөлгө алынуучу товарларга лабораториялык изилдөөлөр, анын ичинде азык-түлүк рынокторунда ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү жөнүндө;
3) эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү, анын ичинде оорулар боюнча лабораториялык изилдөөлөргө мониторинг жүргүзүү жөнүндө;
4) убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө;
5) лабораториялык изилдөөлөрдө бузууларды аныктоо жөнүндө;
6) берилген ветеринардык сертификаттар, ветеринардык күбөлүктөр жана башка коштоочу документтер жөнүндө;
7) айыл чарба жаныбарларына идентификациялоо жүргүзүү жөнүндө;
- "Электрондук башкаруу жөнүндө" жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтык системаларына кирүүгө мүмкүндүк алууга;
- каттоодон өткөн ветеринардык препараттар, тоюттар жана тоют кошулмалары, пестициддер жана агрохимикаттар жөнүндө маалымат алууга.
5-глава. Кызматтын ишин уюштуруу
11. Кызматты директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Кызматтын директору жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Кызматтын уюштуруучулук-тескөө документтери Кызматтын директорунун буйругу менен бекитилет.
12. Кызматтын директору:
- Кызматтын милдеттери менен функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн болгон Кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын министрдин бекитүүсүнө киргизет. Мында директорду дайындоо белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Кызматтын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө документтерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Кызматтын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кызматтын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- аймактык бөлүмдөргө жана мекемелерге тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Кызматтын директорунун орун басарларынын ортосунда укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрөт;
- Кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кызматтын кадрлар резервин түзүү боюнча ишти уюштурат;
- Кызматтын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- даттанууларды жана арыздарды кароо боюнча ыкчам чара көрүү комиссиясын түзөт;
- Кызматтын кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө маселени чечет;
- Кызматтын кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
- Кызматтын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун сыйлыктары, ошондой эле Министрликтин сыйлыктары жана төш белгилери менен сыйлоого сунуш берүү жөнүндө Министрликке өтүнүч кат берет;
- белгиленген тартипте Министрликтин кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык Кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлерин жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот.
13. Кызматтын директору жана анын орун басарлары коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле кызматтык тартиптин абалы үчүн тартиптик жоопкерчилик тартат.
14. Кызматтын директору жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, химиялаштыруу жана коргоо жаатындагы мыйзамдары менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттик көзөмөлдөө функцияларын аткарат.
15. Кызматта тиешелүү жумушчу топтор жана комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
16. Мамлекеттик инспекторлордун тизмеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кызматтын директорунун буйругу менен аныкталат жана бекитилет.
17. Кызматтын инспекциялоо укугу берилген кызматкерлери кызмат адамдары болуп саналат, алардын аты жазылган жана номерлүү мөөрлөрү, атайын жабдуулары, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда бузууларды координациялоо, контролдоо жана фиксациялоо максатында Кызматтын директору тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү боди-камералары жана планшеттери болот.
Кызматтын кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген жазма буйруктардын бланктарын жана отчеттуулуктун формаларын пайдаланат.
Кызматтын ведомстволук актылары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кызматтын буйругу;
- Кызматтын токтому;
- Кызматтын актылары;
- ветеринария жана өсүмдүктөрдүн карантинин коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйрук;
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жаза колдонуу жөнүндө токтом.
18. Кызматтын аймактык бөлүмдөрү жана мекемелери өз ишин өз алдынча жүргүзөт жана Кызматка түздөн-түз баш ийет.
19. Кызматтын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат жана жүзөгө ашырылат.
20. Кызматтын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызматтык күбөлүктөрү болот жана алар кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген бирдиктүү үлгүдөгү ведомстволук формалык кийимди кийүүгө милдеттүү.
21. Кызматтын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, мыйзамга каршы иш-аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, жарандык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
6-глава. Мүлк жана финансы
22. Кызматтын негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. Кызматтын борбордук аппаратын, аймактык бөлүмдөрүн жана мекемелерин күтүүгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын эсептерде топтолгон каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
24. Кызмат жарандык мыйзамдарга ылайык ыкчам башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууну, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
7-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
25. Кызматты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.
26. Кызматтын иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.