Загрузка документа…
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 339 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге кошумча кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге кошумча кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерин аткарып жаткан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине кошумча социалдык-укуктук кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилейт.
2-глава. Аскер кызматчыларына/кызматкерлерге социалдык кепилдиктер жана компенсациялар
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда туруктуу же убактылуу милдеттерди аткаруучулар бул милдеттерди аткаруу мезгилинде аскердик кызмат орундары боюнча/кызмат орду боюнча маяналар жана аскердик/атайын наамдар боюнча маяналар үч эселенген өлчөмдө белгиленет.
3. Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларына ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарда 1-4-тарифтик разряд боюнча аскердик кызмат орундары боюнча маяналар жана жоокерлер, сержанттар ээлөөгө тийиш болгон кызмат орундарында мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн каралган ченемдер боюнча ар айлык үстөк акылар жана акчалай төлөмдөр белгиленет. Аскердик кызматтан бошотулганда аларга аскердик кызмат орду боюнча бир жарым айлык маяна өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларына, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерине пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарына эмгек стажы - аскердик кызматтын/ички иштер органдарындагы кызматтын бир күнү үч күн болуп эсептелет.
5. Өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аймагында кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына/кызматкерлерине жыл сайын кошумча өргүү - аскердик кызматтын ар бир үч айы үчүн 10 календардык күн берилет. Өргүү өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү убактысы өргүүнүн мөөнөтүнө эсептелбейт.
Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларына өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерди аткаргандыгы үчүн алты ай кызмат өтөгөндөн кийин кошумча кыска мөөнөттүү өргүү: сержанттарга - 30 календардык күн, жоокерлерге - 25 календардык күн берилет. Өргүү өтүүчү жерге баруу жана кайра келүү убактысы өргүүнүн мөөнөтүнө эсептелбейт.
6. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн, Кыргыз Республикасында жана ага түздөн-түз жанаша жайгашкан, куралдуу чыр-чатак зонасына кирген аймактарда эл аралык мүнөздөгү куралдуу чыр-чатактын шарттарында милдеттерди аткарган аскер кызматчылары өздөрү тандаган жогорку аскердик-окуу жайларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү мекемелерине кирүү сынактарсыз кабыл алынат, алар кесиптик тандоонун жана аталган окуу жайларга жана билим берүү мекемелерине, ал эми жарандык кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуунун бардык башка аракеттерине ылайык келген шартта - конкурстан тышкары кабыл алынат.
7. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу чыр-чатактарда милдеттерди аткаруу үчүн тиешелүү аймакта турган аскердик бөлүктөргө жана бөлүмдөргө аскер кызматчыларын убактылуу жайгаштыруу үчүн турак жайларды, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, байланыш линияларын жана каналдарын, транспорт каражаттарын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды, ошондой эле аскер кызматчылары/кызматкерлер үчүн кошумча тамак-аш берет.
8. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына, жаза аткаруу системасынын, башкаруучу жана катардагы курамдын аскер кызматчыларына, Кыргыз Республикасынын ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын окуу жайларынын курсанттарына жана угуучуларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өзгөчө абалдын жана куралдуу чыр-чатактардын шарттарында милдеттерди аткарган аскер кызматчыларына жана куткаруучуларына колдонулат.