Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 23-июну ПЖ № 188
Мамлекеттик финансылык аудитти өркүндөтүү
боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик финансылык аудиттин механизмин өркүндөтүү, аудит жүргүзүүдө жана контролдоодо мамлекеттик органдардын функцияларынын кайталанышын болтурбоо, санариптик чечимдерди, анын ичинде “Электрондук аудит” маалыматтык системасын киргизүү, текшерилүүчү субъекттерди ашыкча административдик басымдан коргоо, ошондой эле жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары жана натыйжалуулугу үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын жана башка контролдоочу органдардын институционалдык жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкү проблемалуу тенденцияларды четтетүү максатында 2026-жылдын 1-июнуна чейин “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31¹-беренесине ылайык убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режими киргизилсин:
- ар кандай органдар тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ченемдик укуктук жана ведомстволук актылардын макулдашылбагандыгынын натыйжасында функциялардын жана мамилелердин кайталанышы;
- административдик басым менен коштолуучу көчмө текшерүүлөрдүн, анын ичинде чет өлкөлүк иш сапарлардын ашыкча практикасы;
- тобокелдикке багытталган мамилелерди кеңири колдонууга мүмкүндүк берүүчү санариптик инструменттерди жетишсиз колдонуу;
- ар кандай органдардын функцияларынын мазмунун жана ишке ашыруу процессин регламенттөөчү так стандарттардын жана методологиянын жоктугу, бул ашыкча дискрециянын, субъективдүү кароонун чектеринин бүдөмүктүгү проблематикасы, тандалма контролдоо практикасы жана кайталоо тенденциялары менен мүнөздөлөт;
- контролдоочу органдар тарабынан профилактикалык жана окутуу ишинин жетишсиздиги.
2. Бул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялык режиминин алкагында төмөнкү эрежелер колдонулат деп белгиленсин:
1) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, анын ичинде ушул пункттун 5-пунктчасынын үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, финансылык аудиттин элементтерин камтыган көзөмөлдөө жана контролдоо иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында жол берилбейт;
5) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары:
– тиешелүү субъекттердин ишинде мүмкүн болгон бузуулар жөнүндө арыздар, кайрылуулар же башка маалыматтар болгон учурда, өз алдынча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырбайт, жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарын, корутундусун жана зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү сурап, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы менен гана өз ара аракеттенет;
– Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынан жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынан алынган корутундуларда укук бузуулардын белгилери табылган учурда процесстик аракеттерди демилгелейт;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы болгондо, текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын адистерин тартуу менен жүргүзүлөт;
– аткаруу бийлигинин жетекчилигинин тапшырмасы болгондо, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнү алдын алуу максатында кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылган финансылык бузууларга, уурдоолорго жана башка коррупциялык көрүнүштөргө байланышкан учурларда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын адистерин тартуу менен прокуратура жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
1) “Электрондук аудит” маалыматтык системасын жана башка санариптик чечимдерди пайдаланууну киргизсин жана бузуулардын жогорулаган тобокелдиги аныкталган учурларда гана көчмө текшерүүлөрдү (“Электрондук аудит” маалыматтык системасынын тобокелдикке багытталган ыкмасын) жүзөгө ашырсын;
2) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин, анын ичинде дипломатиялык кызмат системасынын чет өлкөлүк мекемелерине узакка созулган көчмө иш сапарларынын практикасын санариптик чечимдерди киргизүүгө басым жасоо менен минималдаштырсын;
3) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишинде окутуу жана профилактикалык бөлүгүн күчөтсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) тобокелдикке багытталган ыкманы пайдалануу менен аудиттин функцияларын ишке ашыруу үчүн “Электрондук аудит” маалыматтык системасын жана башка санариптик чечимдерди киргизүүнү;
2) “Электрондук аудит” маалыматтык системасынын функционалын тынымсыз өркүндөтүү менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине маалыматтык системаны пайдаланууга мүмкүндүк берүүнү;
3) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5) (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6) финансылык аудит жана контролдоо процесстерин онлайн форматта жүргүзүү боюнча натыйжалуу практиканы өнүктүрүү үчүн башка санариптик чечимдерди киргизүүнү.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги санариптик чечимдерди пайдаланууга басым жасоо менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын мамилелери менен ашыкча дискреция жана кайталоо тенденцияларын жокко чыгаруу үчүн финансылык аудиттин элементтерин камтыган көзөмөлдөө жана контролдоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча ведомстволук нускамаларды иштеп чыксын жана бекитсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасы “Электрондук аудит” системасын (анын ичинде онлайн форматта) киргизүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон техникалык колдоо көрсөтсүн жана инфраструктуралык интеграцияны ишке ашырсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен биргеликте:
1) бул Жарлыкты токтоосуз ишке ашырууга киришсин;
2) убактылуу укуктук жөнгө салуунун апробациялоо режиминин натыйжаларын орто аралык баалоонун жыйынтыгы боюнча (“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31¹-беренесине ылайык) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү процессин координацияласын;
3) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 46 (3702) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |