Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 126 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 273 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин (мындан ары - Улуттук агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Улуттук агенттик дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүчү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын дин жана этностор аралык мамилелер жаатындагы ишин координациялоочу Кыргыз Республикасынын борбордук органы болуп саналат.
3. Улуттук агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Улуттук агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
5. Улуттук агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү бар.
6. Улуттук агенттикти күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Улуттук агенттиктин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик";
- расмий тилде: "Национальное агентство по делам религий и межэтнических отношений при Президенте Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ДИЭМУА";
- расмий тилде: "НАДРМО".
Улуттук агенттиктин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч.Айтматов пр. 1 ст2; Ош шаары, Заднепровск көчөсү, 4.
2-глава. Улуттук агенттиктин негизги милдеттери
8. Улуттук агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу;
2) жарандардын абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын камсыз кылуу, мамлекеттин диний уюмдар жана Кыргызстан калкы ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелер менен мамилесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык координациялоо;
3) дин тутуу эркиндигинин укуктук кепилдиктерин камсыз кылуу, мамлекет менен диний уюмдардын өз ара мамилелерин укуктук жөнгө салууну андан ары өркүндөтүү;
4) дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоо;
5) светтик, поликонфессиялык жана полиэтностук коомдун дөөлөттөрүн, принциптерин жайылтууну камсыз кылуу;
6) жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч туудурган диний уюмдардын ишине дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдардын иши, ошондой эле экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык бөгөт коюу;
7) республиканын аймагында диний экстремизмге жана этностор аралык чыр-чатакка жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
8) этностор аралык ынтымакты жана элдин биримдигин, коомдун руханий жана адеп-ахлактык негиздерин чыңдоого, ошондой эле ар кандай динди, конфессияларды жолдоочулардын ортосунда өз ара сабырдуулук мамилелерин орнотууга багытталган программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
9) Кыргыз Республикасында этностор аралык ынтымакты чыңдоо, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү;
10) Кыргыз Республикасында этностордун эркин жана бирдей өнүгүшү жана алардын укуктарын камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү;
11) этностор аралык, конфессиялар аралык негиздеги социалдык чыңалууну жана башка чыр-чатактардын терс факторлорун эрте алдын алуу системасын өркүндөтүү.
3-глава. Улуттук агенттиктин функциялары
9. Коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында Улуттук агенттик төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты жүзөгө ашыруу боюнча:
- мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү, абийир жана дин тутуу эркиндигинин маселелерине, диний уюмдардын ишине тиешелүү башка материалдарды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте кароого киргизүү, дин маселелери боюнча ченемдик актылардын долбоорлору боюнча расмий эксперттик корутундуларды берүү;
- Кыргыз Республикасында жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө диний жана этностор аралык кырдаалды талдоо жана мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик органдардын диний уюмдар жана этностук коомчулуктар менен өз ара аракеттенүүсү жаатындагы дүйнөлүк тажрыйбаны изилдөө;
- диний чөйрөдө чет өлкөлөрдүн мыйзамдарын изилдөө, башка өлкөлөрдүн ушул сыяктуу мамлекеттик органдары менен дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты калыптандыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашыруу;
- диний экстремизмдин жана терроризмдин жайылышына, жалган диний агымдардын жана диний топтордун жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч жараткан ишин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгууга катышуу;
- диний кырдаалдын өнүгүшүн, Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн, Улуттук агенттикте эсептик каттоого алынбаган диний уюмдардын, миссиялардын, миссионерлердин жана аз сандагы диний топтордун ишин изилдөө жана талдоо;
- диний жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча:
- диний уюмдарды, диний багыттагы объекттерди (мечиттер, чиркөөлөр, храмдар, сыйынуу үйлөрү ж.б.), диний ишти жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын жана чет өлкөлүк жарандарды, ошондой эле республикада иштеп жаткан диний окуу жайларды эсептик каттоого алуу;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча сунуштамаларды жана консультацияларды берүү;
- диний уюмдарга, Кыргызстан элинин ассамблеясынын этностук коомдук бирикмелерине мамлекеттик органдар менен байланышты түзүүгө көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик органдардын чечими талап кылынган маселелер боюнча зарыл болгон жардамды берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында диний ишти жүргүзгөн миссионерлерге, чет өлкөлүк жарандарга визалык колдоо көрсөтүүгө байланышкан маселелерди макулдашуу;
- диний материалдарга (адабияттар, диний тексттер, ыйык жазуулар, чыгармалар, басма, электрондук, аудио жана видеоматериалдар) жана чет өлкөлөрдөн алып келинген адабиятка дин таануу экспертизасын жүргүзүү;
- диний окуу жайлардын билим берүү программаларын макулдашуу;
- жалпы билим берүү мүнөзүндөгү дин таануу сабактарын Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын билим берүү программаларына киргизүүнү макулдашуу;
- чет мамлекеттердин диний окуу жайларына окууга кетип жаткан жарандардын арыздарын эсепке алуу;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чет мамлекеттердин диний окуу жайларына окууга кетип жаткан жарандар жөнүндө маалымдоо;
- түзүлүп жаткан диний уюмдун, диний окуу жайдын, миссиянын, кайрымдуулук фондунун аталышын алдын ала текшерүү;
- дин жана этностор аралык мамилелердин маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жана консультациялык жардам берүү;
- диний уюмдарды, диний багыттагы объекттерди (мечиттер, чиркөөлөр, храмдар, сыйынуу үйлөрү ж.б.), диний ишти жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын жана чет өлкөлүк жарандарды эсептик каттоого алуу тартиби жана акы төлөө суммасы жөнүндө сунуштарды кароого киргизүү;
- Кыргыз Республикасында элдин биримдигин чыңдоону жана жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүүнү жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- диний экстремизмдин көрүнүштөрүн жана этностор аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенип, чараларды көрүү;
3) ишти контролдоо, координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча:
- дин, диний экстремизмдин алдын алуу жаатында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин тийиштүү органдары менен өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу;
- башкаруунун борбордук органынын тышкы байланыштарын макулдашуу, анын ичинде чет өлкөлүк диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү жана эл аралык диний иш-чараларга катышуу, ошондой эле чет өлкөлүк диний уюмдардан каржылоону алуу;
- диний окуу жайлардын жана диний багыттагы объекттердин курулушун макулдашуу;
- диний уюмдар, диний багыттагы объекттер (мечиттер, чиркөөлөр, храмдар, сыйынуу үйлөрү ж.б.), чет өлкөлүк диний уюмдардын миссиялары жана чет өлкөлүк жарандар, диний окуу жайлар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү жана текшерүү;
- диний иштин субъекттеринин, ошондой эле алардын диний багыттагы объекттеринин ишинин алардын уставында (жобосунда) каралган максаттарга жана дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга шайкештигин контролдоо;
- диний иштин субъекттерине алар мыйзамдын талаптарын бузган же алардын уставына (жобосуна) каршы келген, анын ичинде диний багыттагы объекттерде ишти жүргүзгөн учурда аларды жоюу мөөнөтүн 30 күнгө чейин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү эскертүүнү жиберүү;
- эгерде бузуулар 30 күндүк мөөнөттө жоюлбаса, диний иштин субъекттеринин, алардын диний багыттагы объекттеринин ишин 90 күнгө чейинки мөөнөткө токтото туруу;
- эгерде бузуулар токтото туруу мөөнөтүнүн ичинде жоюлбаса, диний уюмду, диний окуу жайды, диний кайрымдуулук фондун жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу;
- диний уюмдардын, миссиялардын, миссионерлердин жана диний насаатчылардын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- бул максаттар үчүн ылайыксыз жерлерде диний ырым-жырымдарды жана чогулуштарды, ошондой эле башка массалык диний иш-чараларды өткөрүү жөнүндө кабарламаларды эсепке алуу;
- карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда диний ырым-жырымдарды жана иш-чараларды өткөрүү үчүн диний ишмерлерди чакырууну макулдашуу;
- чыңалуу кырдаалдарын алдын алуу боюнча этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүү;
- алардын иши жөнүндө диний уюмдардын ар жылдык отчетторун талдоо;
- диний бирикмелердин дин тутуусунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн белгилөө, алардын динге окутуу жана динге байланыштуу иш жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле диний багыттагы адабияттын жана предметтердин мазмунун талдоо үчүн дин таануу экспертизасын жүргүзүү;
- коомдун социалдык проблемаларын чечүү боюнча иште мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк кызматташууда диний уюмдардын ишин координациялоо жана багыттоо;
- республикадагы диний кырдаал жана диний уюмдардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берүү;
- коомдун социалдык маанилүү милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча диний уюмдар менен бирге иштөөнү андан ары өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
- диний иш жүргүзгөн, эсептик каттоодон качкан жана жарандарга моралдык, адеп-ахлактык жана дене бой жагынан зыян келтирген диний топторду, чет өлкөлүк жарандарды аныктоо жана алар менен иш жүргүзүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен өзүнүн чыныгы максатын жана ниетин жашырган, диний ишти жүргүзгөн коомдук уюмдар менен иштөө методдорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган, жарандардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген диний экстремизмди, фундаментализмди жайылтуу менен алектенген диний уюмдардын ишине тыюу салуу же токтото туруу жөнүндө сот органдарына кайрылуу;
4) колдоо чөйрөсүндө:
- калк арасында, жалпыга маалымдоо каражаттарында иши дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар, ошондой эле экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келген диний уюмдар жөнүндө түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү;
- этностор аралык мамилелерди өнүктүрүүгө, этномаданий жана билим берүү муктаждыктарын канааттандырууга жана Кыргыз Республикасынын элинин этностук өз алдынчалуулугун өнүктүрүүгө багытталган чыгармачыл, маданий, тил жана башка демилгелерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- диний насаатчынын чыгып сүйлөөсүнө жана диний маселелер боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармагында жарыялоого уруксат берүү;
- коомчулук жана калк арасында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында диний үстөмдүктү жайылтууга же үгүттөөгө, диний жек көрүүчүлүктү жана кастыкты, диний негиздеги жаңжалдарды козутууга жол бербөө, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту сактоо боюнча агартуу ишин жүргүзүү;
- билим берүү органдарынын өкүлдөрүнө, ата-энелерге, балдар менен өспүрүмдөрдү диний багытта тарбиялоо жана калыптандыруу жаатында иш жүргүзгөн аларды алмаштырган адамдарга консультациялык, маалыматтык жана башка жардам көрсөтүү;
- Улуттук агенттиктин ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу жана алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо;
- диний уюмдар, этностук коомдук бирикмелер, этникалык курамы боюнча калктын саны жөнүндө маалыматтар базасын түзүү, диний уюмдардын реестрин жүргүзүү жана жарыялоо, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды басып чыгаруу;
- ыйык жерлерге зыяратка барууну (ажылык, умра) уюштуруунун тартибин бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун уюштурууну контролдоону жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жүктөлгөн башка функцияларды ишке ашыруу.
4-глава. Улуттук агенттиктин укуктары
10. Милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдар тарабынан абийир жана дин тутуу эркиндиги, диний уюмдардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын координациялоого;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте конфессиялар аралык, этностор аралык мамилелер жана жарандык интеграция маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандарына диний экстремисттик уюмдарга, экстрасенсордук, бакшылык, дарылоо, психотроптук, медитациялык, ырымчылдык жана адамдын дене бой жана моралдык абалына зыян келтирген иштин башка түрлөрү менен иш жүргүзгөн башка бузуку топторго каршы турууда көмөк көрсөтүүгө, аларды жоопкерчиликке тартуу жана алардын ишине тыюу салуу жөнүндө тийиштүү инстанцияларга кайрылууга;
4) жалган диний агымдагы уюмдардын, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин коргонуу жана коопсуздугуна зыян келтирген же коркунуч туудурган агрессивдүү диний топтордун ишин токтотууга;
5) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн аткаруу бийлигинин органдарынын, илим-изилдөө жана окуу жайларынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын адистерин же өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартууга;
6) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, илимий жана окуу мекемелеринен алардын карамагында турган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды суратууга жана алууга;
7) абийир жана дин тутуу эркиндиги жаатында республиканын таламдарын коргоону камсыз кылуу максатында эл аралык иш-чараларга катышууга;
8) консультациялар үчүн илимий мекемелердин эксперттерин жана адистерин жана илимпоздорду тартууга; зарыл болгон учурда убактылуу жана туруктуу комиссияларды, координациялык жана эксперттик кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде диний уюмдардын, миссиялардын жана этностук коомдук бирикмелердин ишине тыюу салуу боюнча укук коргоо органдарына сунуш киргизүүгө;
10) диний уюмдардын, миссиялардын өз иши жөнүндө ар жылдык отчетторду беришин координациялоого;
11) этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамаларды түзүүгө;
12) белгиленген тартипте Улуттук агенттиктин грамоталарын, төш белгилерин жана башка ведомстволук сыйлыктарын белгилөөгө;
13) дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар, ошондой эле экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
5-глава. Улуттук агенттиктин ишин уюштуруу
11. Улуттук агенттикти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу төрага жетектейт.
Төраганын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төраганын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу, өз ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткаруучу үч орун басары болот.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук агенттиктин кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
12. Улуттук агенттиктин төрагасы:
1) Улуттук агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Улуттук агенттиктин ишин уюштурат жана жетекчилик кылат;
3) Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет;
4) Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында, ошондой эле чет мамлекеттерде Улуттук агенттиктин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен кеңешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Улуттук агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго белгиленген тартипте кол коёт;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жыйналыштарына белгиленген тартипте катышат;
6) өз орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, Улуттук агенттиктин башка кызмат адамдарынын, Улуттук агенттиктин облустардагы өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын аныктайт;
7) Улуттук агенттиктин кызматкерлерин, Улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борборунун директорун жана анын орун басарын белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, аларга тартип жазасын колдонот же сыйлайт;
8) Улуттук агенттиктин борбордук аппаратынын, Улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борборунун башкаруу түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;
9) эмгек мыйзамдарына ылайык этностор аралык мамилелер маселелери боюнча коомдук кабылдамалардын ишин камсыз кылган адамдарды жооптуу катчылар катары жалдайт;
10) эксперттик, консультациялык органдарды түзөт, алар жөнүндө жоболорду жана алардын курамын бекитет;
11) өз компетенциясынын чегинде тескемелерди жана буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
12) Улуттук агенттиктин кызматкерлерин, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна сунуш киргизет;
13) Улуттук агенттиктин мамлекеттик кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
14) Улуттук агенттикти күтүүгө республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган каржылоонун башка булактарынан бөлүнгөн финансылык каражаттарды тескейт;
15) ага дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар, ошондой эле экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен берилген башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
16) карамагындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 273 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6-глава. Улуттук агенттиктин отчету жана ишин токтотуу
13. Улуттук агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларды ишке ашырууда өз ишинин финансылык, статистикалык жана башка эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга отчет берет.
14. Улуттук агенттиктин иши аны кайра уюштурууга же жоюуга байланыштуу токтотулат. Улуттук агенттикти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жүргүзүлөт.
15. Улуттук агенттик жоюлган учурда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.