Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 24-марты № 199-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, туристтик сезондун мезгилинде эс алуучулар үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жайкы туристтик сезондун мезгилинде Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу тартиби, анын ичинде суу объекттеринде коопсуздук чаралары (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда аталган Тартиптин жоболорун милдеттүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жайкы туристтик сезондун мезгилинде Ысык-Көл облусунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Бирдиктүү коопсуздук кызматынын жалпы жана уюштуруучулук иши үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин жүзөгө ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул тескемени жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт;
2) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ишке тартылган мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин Тартиптин жоболорунун сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилиги.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |